Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Эрежелер Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун негизги принциптерин, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан коомдук транспорттун бардык субъекттеринин, транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ыйгарым укуктуу органдардын өз ара мамилелеринин тартибин белгилейт, Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого багытталган.
3. Эрежелер транспорттук мамилелердин бардык катышуучулары тарабынан аткарылууга милдеттүү.
4. Эрежелер төмөндөгүлөрдү аныктайт:
Бишкек шаарында каттам тармагын түзүү тартибин;
Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин;
жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тартибин;
коомдук транспорттун ишинде пайдаланылган жана ага карата коюлган түшүнүктөрдү, негизги ченемдик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү.
5. Эрежелерде төмөндөгү терминдер пайдаланылат:
автобус - айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден көп орундугу бар, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты;
автотранспорттук ишкана - менчигинде же башка мыйзамдуу негиздерде технологиялык жабдыктар жана автотранспорт комплекси бар өндүрүштүк-техникалык базасына ээ болгон, ташуу процессин аткаруу үчүн администрациялык башкаруу жана инженердик-техникалык персоналдар штаты бар юридикалык жак;
автомобиль транспорт каражаты (мындан ары - автотранспорт каражаты) - автобустарды, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автомобиль чиркегичтерин, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтерин, ошондой эле адистештирилген автомобилдерди (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдерди (ар кандай, артыкча транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган) камтыган автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги;
агент - системанын оператору менен транспорттук карталарды сатууну жана акча каражаты менен балансын толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн системага кошулуу жөнүндө келишим түзгөн уюм же жеке ишкер;
жол жүк - жалпы пайдалануудагы автомобиль жана электрдик транспортто алып жүрүүгө тыюу салынбаган, Эрежелер тарабынан белгиленген ченемдерден ашпаган чоңдук көлөмдөгү жана салмактагы жүргүнчүнүн буюмдары же материалдык баалуулуктары;
билет - жүргүнчүлөрдү коомдук транспорт менен ташуу боюнча кызматтардан жүргүнчүнүн пайдалануу укугун тастыктаган жана ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосунда коомдук ташуу келишими түзүлгөндүгүн ырастаган (Visa, MasterCard, Элкарт) документ;
валидатор - жол жүрүү фактысын каттоону жана колдонуудагы тариф боюнча жол кире наркына тең акча каражатын транспорттук картанын балансынан алууну жүргүзгөн транспорттук картадан маалыматты эсепке алуучу электрондук жабдуу;
айдоочу - ташуучунун атынан жана анын тапшырмасы боюнча автотранспорт каражатын башкаруу, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана жол жүктү ташуу функциясы жүктөлгөн автотранспорт каражатын башкарган жеке жак;
шаардык каттамдар - шаар чегинде жүрүүчү автобустук (троллейбустук) каттамдар. Шаарга жанаша жайгашкан калктуу пункттардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүчтөрү боюнча шаардык каттамдар калктуу конуштарга чейин узартылышы мүмкүн жана ошондой эле шаардык каттамдар деп эсептелет;
айдоочунун иш графиги - автобустук (троллейбустук) каттамдын айдоочусунун белгилүү убакытка иш жана эс алуу күндөрүнүн санын регламенттеген график (электрондук таблица же басма көчүрмө);
жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна келишим - каттамдарды бөлүштүрүү боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча же 3 айга чейинки мөөнөтү менен шаардык каттамды убактылуу тейлөө үчүн конкурс өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен ташуучунун ортосунда түзүлүүчү калкка автотранспорттук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
айдоочунун документтери - айдоочулук күбөлүктү, автотранспорт каражатынын техникалык паспортун (талонун), лицензияны (уруксатты), жолдомо баракчасын, туруктуулук баракчасын, иштөө жана эс алуу режиминин графигин, кыймыл ырааттамасын, каттам схемасын, ташуучу менен түзүлгөн келишимди камтыйт;
маалыматтык көрсөткүч - аялдама аянттарында коюлуучу, каттам жана кыймылдын интервалы жөнүндө маалыматты камтыган конструкция жана бул автобустарды (троллейбустарды) токтотуу үчүн арналган орун болот;
контролдоо-диспетчердик пункт - каттамдык тармакта коомдук транспорттун ишин контролдоо жана жөнгө салуу пункту;
контролёр - коомдук транспортто жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөөнү контролдоого ыйгарым укуктуу жеке жак же электрондук система;
жеңил такси - айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден ашпаган орундугу бар, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты;
лицензия - жүргүнчүлөрдү ташуу же тейлөө боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жакка берилүүчү уруксат;
каттам - белгилүү бир пункттар ортосунда коомдук транспорттун жүрүүсүнүн белгиленген жолу. Бардык каттамдар километрдик аралыгына, баштапкы, акыркы аялдама пункттарынын аталыштарына жана санына жараша ГИС форматында мүнөздөлөт;
каттам тармагы - коомдук транспорттун каттамдарынын жүрүү жыштыгын мүнөздөөчү автобустук (троллейбустук) каттамдардын шаарда жүрүү линияларынын жыйындысы;
медициналык-наркологиялык пункт - айдоочунун ден соолугунун абалын рейс алдында медициналык жактан текшерүүчү жер;
айдоочуну медициналык күбөлөндүрүү - линияга чыгаарда айдоочунун ден соолугунун абалын, анын ичинде алкоголдун калдыгын медициналык кызматкерлер тарабынан текшерүү;
муниципалдык коомдук транспорт - муниципалдык менчикте турган, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташууга дайындалган жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты;
айланма рейс - белгиленген каттам боюнча автобустун (троллейбус) түз жана кайта бурулган багытындагы жүрүүсү;
системанын оператору - системаны киргизүүнү, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу, транспортто жүрүү үчүн жол кире жана жол жүктү ташуу акысы үчүн жеке жактардан акча каражатын чогултуучу жана өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссияны кармап калуу менен ташуучулар ортосунда чогулган акча каражатын бөлүштүрүүчү, ошондой эле жол кире, жол жүктү ташууга акы төлөөнү жана транспорт карталарын пайдаланууну контролдоону жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу уюму;
аялдама пункттары - жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу үчүн автобустардын (троллейбустар) кыска убакытка токтошу үчүн атайын бөлүнгөн жерлер;
каттам паспорту - кыймыл коопсуздугуна таасир этүүчү шарттарды сүрөттөө менен, жолдогу коркунучтуу участокторду, көпүрөлөрдү, жол белгилерин, аялдама пункттарын, шамчырактарды белгилөө менен каттам чиймесин өзүнө камтыган документ же электрондук документ;
жүргүнчү - түзүлгөн ташуу келишиминин же башка мыйзамдуу негизде ташуучунун кызматтарын пайдаланган жеке жак;
жалпы пайдалануудагы жүргүнчү транспорту (коомдук транспорт) - жүргүнчүлөрдүн отуруп жана туруп жол жүрүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү ыңгайын камсыздоочу жүргүнчүлөрдү массалык ташуу үчүн дайындалган автобустар (троллейбустар);
ташуучу - белгиленген тартипте берилген, тийиштүү уруксаты (лицензиясы) бар жана акы алуу же жалдануу боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автотранспорт каражатына ээ болгон жеке же юридикалык жак;
транспорттук картаны толтуруу - Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол жүрүү жана жол жүктү ташуу укугун сатып алуу үчүн транспорттук картага акча каражатын киргизүү;
автотранспорт каражатын рейс алдындагы техникалык кароо - линияга чыгаар алдында автотранспорт каражатынын рулдук башкаруусунун, тормоздук системасынын, жарык берүүсүнүн, электр жабдыктарынын, автошиналарынын, кыймылдаткыч бөлүгүнүн оңдугунун техникалык абалын, ошондой эле тышкы көрүнүшүнүн жана салонунун абалын, медициналык кутучанын жана өрт өчүргүчтүн бар экендигин текшерүү;
өндүрүштүк-техникалык база - ташуучуну автотранспорт каражатын техникалык тейлөөнү уюштурууну, салондун ичин жана тышын күн сайын жууп-тазалоо жумуштарын жүргүзүүнү, автотранспорт каражатын рейс алдында техникалык контролдоону камсыздоого жол берген тийиштүү технологиялык жабдуулар комплекси жана персонал менен жабдылган аймак, имарат, курулма;
транспорттук карталарды сатуу жана толтуруу пункту - транспорттук карталарды сатууну жана аларды акча каражаты менен толтурууну жүзөгө ашырган жарандарды тейлөө пункту;
кыймыл ырааттамасы - рейстерди аткаруу убактысы, орду жана ырааттуулугу жөнүндө маалыматты камтыган график (таблица);
кыймылдын үзгүлтүксүздүгү - жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын баалоо көрсөткүчү, ал каттам боюнча белгиленген убакыт ичинде ырааттамада каралган санга карата иш жүзүндө ырааттама боюнча аткарылган үзгүлтүксүз рейстердин санына карата аныкталат;
рейстердин үзгүлтүксүздүгү - белгиленген ченемдерди бузуусуз жана алардан четтөөсүз ырааттама боюнча рейстерди так аткаруу;
автобустарды резервдөө - ташуучунун каттам боюнча жүргүнчүлөрдү баруучу пунктуна чейин жеткирүүнү жана каттамдын туруктуулугун камсыздоо үчүн жолдо бузулуп калуу, жол-транспорт кырсыгы (мындан ары - ЖТК), айдоочунун ден соолугунун абалына бже башка себептерге байланыштуу айдай албагандыгынан улам линиядан чыккан рейстеги автобусту алмаштыруу үчүн автобустардын кошумча санын кармоо;
кол жүгү - коомдук транспорттун, анын ичинде таксинин салонунда касиети, габариттик өлчөмү жана салмагы боюнча ташууга тыюу салынбаган жана жүргүнчүнүн жеке жоопкерчилиги астында ташылуучу жүргүнчүнүн буюмдары же башка мүлкү;
система - жүргүнчүлөрдү ташуу жана жол жүк ташуу боюнча жүргүнчү ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө накталай эмес акы төлөөнү жүзөгө ашырууга дайындалган, коомдук транспортто жол кире жана жол жүк ташуу үчүн акы төлөмдөрүн чогултуунун автоматташтырылган системасы;
атайын автобус каттамдары - мектеп окуучуларын жана мектеп жашына чейинки курактагы балдарды, ошондой эле уюмдардын жумушчуларын жана кызматчыларын ташуу үчүн дайындалган автобустук каттамдар;
каттам чиймеси - баштапкы, орто аралык жана акыркы аялдама пункттарынын аталыштарынын шарттуу белгилери бар каттамдын жүрүү жолун графикалык чагылдыруу;
тариф - коомдук транспортто жол кире жана жол жүктү ташуу үчүн акы төлөмүнүн белгиленген көлөмү;
транспорттук карта (электрондук жол жүрүү билети) - жүргүнчүнүн коомдук транспорт менен пайдалануу укугун тастыктаган, коомдук транспортто жол жүрүү жана жол жүктү ташууга накталай эмес акы төлөө үчүн дайындалган байланышсыз смарт-карта формасындагы жеке электрондук маалымат булагы. Транспорт картасы системанын оператору тарабынан ар түрдүү форма-факторлордо даярдалат. Ушул Эрежелердин максаты үчүн транспорттук картага коомдук транспортто жол жүрүү жана жол жүктү ташууга накталай эмес акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн электрондук материалдык булактарда орнотулган байланышсыз банк картасына жана атайын программага теңделет.
транспорттук оператор - системанын оператору менен системага кошулуу жана транспорттук карталар менен накталай эмес акы төлөөнүн негизинде жүргүнчү ташуу кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн ташуучу;
троллейбус - шаар шартында жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн дайындалган контактык типтеги электротранспорттук каражат;
каттамдын көрсөткүчү - сутканын караңгы мезгилинде жарыктандырылуучу коомдук транспорттун каттамы жана номери жөнүндө жүргүнчүлөр үчүн маалыматы бар көрсөтмө;
экипировка - каттамдын көрсөткүчүн "(басма түрүндө же электрондук экранда)", медициналык дары салгыч, өрт өчүргүчтөр, каттамдын чиймесин, жол кире наркы жөнүндө маалымат, ташуучу фирманын аталышы жана айдоочунун аты-жөнүн кошуп автотранспорт каражатын жасалгалоо жана жабдуу.
Электр автобус - электр тартма жетеги менен башкарылуучу, электр энергиясы бортто сактоочу түзүлүштө сакталган, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган автономдуу рельссиз механикалык транспорт каражаты.
6. Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана менчигинин түрүнө карабастан ташуучулар эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудө, статистикалык маалыматтарды түзүүдө, отчёт берүүдө ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык негизги ченемдик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонушат.
2. Коомдук транспорттун каттамдарын түзүү жана уюштуруу
7. Бишкек шаарынын автобустук (троллейбустук) каттамдарын ачуу жана өзгөртүү жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Эрежелердин 10-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиялардын сунуштамаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
8. Каттамды ачуудан мурда төмөнкүлөрдү камтыган даярдык иштери жүргүзүлөт:
моделдештирүү же жеке эсептөөнүн жардамы менен мүмкүн болгон жүргүнчүлөр агымын аныктоо жана каттамды ачуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө;
жол шарттарын текшерип чыгуу, каттам трассасын тандоо жана каттамдын узактыгын ченеген актыны түзүү;
аялдама пункттарынын жайгашкан ордун аныктоо;
коомдук транспорттун бардык түрлөрүнүн кыймыл схемасын координациялоону камсыздоону эске алуу менен кыймыл каттамынын чиймесин түзүү;
кыймылдуу курамдын сарамжалдуу тибин жана маркасын тандоо жана транспорттук бирдиктердин зарыл болгон санын аныктоо;
каттамдагы кыймылдын ылдамдыгын ченемге салуу;
кыймыл ырааттамасын түзүү;
жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу каттамдын ачылышы жөнүндө калкты күн мурунтан кабарлоо.
Бардык каттамдар километр аралыгы, аялдама пункттарынын аталыштары жана саны менен мүнөздөлөт.
9. Жүргүнчүлөр агымынын көлөмүнө, жол шартына жараша, каттамды ачкан учурда төмөнкүлөрдүн бар экендиги каралышы керек:
каттамдын баштапкы жана акыркы пункттарындагы коомдук транспорттун бурулушу жана токтоп туруусу үчүн аянттар;
каттамдын орто аралык аялдама пункттарында отуруучу аянттар;
транспорт кирип-чыгуу үчүн атайын аянттар (чөнтөктөр);
шаардык каттамдардын баштапкы жана акыркы аялдама пункттарындагы контролдук-диспетчердик жана медициналык-наркологиялык пункттар.
10. Каттам чиймесин ачуу жана өзгөртүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн курамынан турган туруктуу иштеген комиссия түзүлөт. Зарылчылыкка жараша комиссиянын ишине Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк аймактык бөлүмдөрүнүн, чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өкүлдөрү тартылат.
11. Комиссия каттам боюнча контролдук жүрүүнү жүзөгө ашырат, анын узактыгын ченөөнү жана жол шарттарын иликтөөнү жүргүзөт, ошону менен бирге алардын негизинде ушул Эрежелердин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча актылар түзүлөт.
Көчө-жол тармагынын эксплуатациялык абалында (ачылган же өзгөртүлгөн каттам боюнча) кемчиликтер белгиленген учурда, комиссия тарабынан аларды бир айлык мөөнөттө жоюу үчүн тийиштүү шаардык кызматтарга же автомобиль жолу балансында турган жол уюмдарына актылар жөнөтүлөт.
Автобустардын жана троллейбустардын каттам боюнча кыймылын, актыда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планы толук көлөмдө аткарылгандан кийин гана ачууга болот.
12. Комиссия жол шарттарын иликтөөгө жана каттамдын узактыгын ченөөгө чыгуу алдында, автотранспорт каражатынын спидометринин көрсөткүчүн тарирлөөнү жүргүзүүнү уюштурат.
Спидометрдин көрсөткүчүн тарирлөө километрдик түркүктөрү бар, 10 километрден кем эмес узундуктагы катуу төшөлмөлүү жолдун түз жана тегиз участогунда жүргүзүлөт. Километрдик түркүктөрүнөн автомобиль 10 километр өткөндөн кийин спидометрдин көрсөткүчү алынат жана автоматташтырылган тутумдун спидометрди тарирлөө коэффициенти аныкталат. Мисалы, 10 км жүрүүдө спидометр боюнча көрсөткүч 10,68 км же 9,2 км түздү, тарирлөө коэффициенти 10,68 / 10 = 1,07 же 9,2 / 10 = 0,920 түзөт). Кийин да, бардык ченөөлөрдө ушул чоңдук боюнча түзөтүүлөр киргизилет (спидометр боюнча аралык 1,07 же 0,92 коэффициентке бөлүнөт).
Спидометрдин көрсөткүчүн тарирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө милдеттүү түрдө, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлган ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык формадагы акт түзүлөт.
13. Бардык каттамдардын аялдама пункттары жүргүнчүлөр чогулуучу пункттарга: калктуу конуштарга, ишканаларга, маданий-тиричилик мекемелерине, соода борборлоруна, массалык эс алуу жерлерине, темир жол станцияларына, аэропортторго ж.б.у.с. жерлерге жакын жайгаштырылууга тийиш.
14. Шаардык автобустук (троллейбустук) каттамдын кыймыл схемасы жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Эрежелерге ылайык түзүлөт, бекитилет жана берилет. Кыймыл чиймесин ачууга жана өзгөртүүгө ушул Эрежелердин 10-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиянын тийиштүү чечиминен кийин гана жол берилет.
Жол шарттарына байланыштуу каттам өзгөргөн учурда шаардык автобустук (троллейбустук) каттамдын кыймыл чиймеси кайра каралат жана жалпы негизде берилет.
Жаңы каттамдарды ачууда жана учурдагы каттамдарды өзгөртүүдө муниципалдык автотранспорттук ишканалар тарабынан тейленген каттамдар менен каттамдардын кайталанышы каттамдык тармактын алкагында 50%дан ашпоого тийиш. Мында кайталануу пайызы каралып жаткан каттамдын аралыгы кайталанган участоктун аралыгына карата аныкталат.
15. Шаардын жолдорун жабууну караган шаардын көчөлөрүндө оңдоо жумуштарын жүргүзүүгө, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу шаардык каттамдардын чиймеси убактылуу өзгөргөн учурда чечим жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат.
16. Автобустар дайындалышы, көлөмү, чанактын тибине жана башка көрсөткүчтөрү боюнча классификацияланат.
Автобустар сыйымдуулуктары боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
өзгөчө чакан класстагы автобустар (6,9 м ге чейин) - айдоочунун ордун кошпогондо 9дан 16га чейинки орундугу бар;
чакан класстагы автобустар (7,0-7,9 м) - айдоочунун ордун кошпогондо 17ден 25ке чейинки орундугу бар;
орто класстагы автобустар (8,0-10,4 м) - айдоочунун ордун кошпогондо 26дан 35ке чейинки орундугу бар;
чоң класстагы автобустар (10,5-12,0 м) - айдоочунун ордун кошпогондо 36дан 45ке чейинки орундугу бар;
өзгөчө чоң класстагы автобустар (16,5 м жана андан жогору) айдоочунун ордун кошпогондо 46дан ашуун орундугу бар.
Автобустар (троллейбустар) жүргүнчүлөрдү массалык түрдө ташуу үчүн дайындалган жана жүргүнчүлөрдүн отуруп жана туруп жол жүрүү мүмкүнчүлүгүн, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү ыңгайлуулугун камсыздоого тийиш.
17. Коомдук транспорттун зарыл болгон бирдигинин саны каттамдын узундугуна, кыймылдын аралык убактысына, автобустун (троллейбустун) эксплуатациялык ылдамдыгына негизденүү менен кыймылдын үзгүлтүксүздүгүн жана жүргүнчүлөрдүн болгон агымын эске алуу менен ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча аныкталат.
18. Автобустук (троллейбустук) каттамды ачуу процессинде каттамдын узундугун ченөөнүн жана иликтөөнүн негизинде ылдамдыкты ченемдөө жүргүзүлөт, бул сутка, апта күндөрү жана жыл мезгилинде, кыймыл шарттарына жараша өзгөрүлө турган рейске зарыл убакытты аныктоого мүмкүндүк берет.
Каттамдарда кыймыл ылдамдыгын ченемдөө жол кыймылынын коопсуздугун сактоону эске алуу менен, рейстеги убакыттын жана аялдама пункттарынын ортосундагы аралыктын оптималдуу ченемин белгилөөнү камсыздоого тийиш.
Кыймыл ылдамдыгын ченемдөө адатта жай мезгилиндеги шарттарда жүргүзүлөт, ал эми күз-кыш мезгилинде ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча аралыкты ченөө актысына жараша оңдоп, түзөтүү жүргүзүлөт:
иштеп жаткан каттамдарга - ташуучу тарабынан;
жаңы ачылган каттамдарга - Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан.
Негизги ченемдөө көрсөткүчтөр төмөнкүлөр болушу керек:
аралык (участоктун, аралыктын, каттамдын);
жүрүү жана токтоп туруу убактысы (аялдамалар);
кыймылды чектөөгө дайыма таасир эткен факторлор (жол-техникалык мүнөздөмөлөр, жол белгилери, аба ырайынын шарттары, сутка мезгили ж.б.).
Каттамдын аралыгын өлчөөдө жана бул максаттар үчүн бөлүнгөн автотранспорт каражатынын кыймыл ылдамдыгын ченемдөөдө төмөндөгүлөр текшерилет:
автошиналардын протекторунун сүрөтүнүн стандарттуулугу жана абалы;
спидометрдин эсептегичинин көрсөткүчүнүн тактыгы.
Кыймыл ылдамдыгын ченемдөөнүн бардык документтери аларды андан ары пайдалануу үчүн иштелип чыгууга тийиш.
19. Автобустук (троллейбустук) каттамдардын кыймыл ырааттамасы коомдук транспорттун ишин уюштуруунун негизи жана ташуу процессинин бардык катышуучулары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
Автобустук (троллейбустук) каттамдардын кыймыл ырааттамасы жалпысынан узак мөөнөткө түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
Айдоочунун иш графиги ташуучу тарабынан бир айга ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук форматта же басылма форматта иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылат.
Кыймылдын колдонуудагы ырааттамасын кайрадан өзгөртүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
жүргүнчүлөрдүн агымы өзгөргөндө;
каттамдын жол шарттары өзгөргөндө;
каттамдын узундугу өзгөргөндө.
20. Каттамдардын кыймыл ырааттамасын жана иш графиктерин түзүү, коомдук транспорттун бардык түрлөрүнүн иштерин өркүндөтүү жана координациялоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, каттамдык тармактын келечектүү өнүгүүсү үчүн жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө үчүн отчёттук-статистикалык жана анкеталык иликтөө ыкмалары, ошондой эле экспертиза жүргүзүү үчүн камералар жана датчиктер колдонулат.
21. Жаңы ачылган каттамдын документтери түзүлгөндөн жана бекитилгенден кийин, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан каттамдын паспорту түзүлөт жана конкурс өткөрүлгөнгө чейин каттамды тейлөө ташуучуга убактылуу бекитилет.
Ушул Эрежелер бекитилгенге чейин колдонулган каттамдар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ошондой эле каттамдардын паспорттору түзүлөт.
Каттамдар өзгөртүлгөн учурда тийиштүү өзгөртүүлөр каттамдардын паспортуна киргизилет.
22. Автобус (троллейбус) каттамдарын ачуу (өзгөртүү) жана алардын иштөө тартиби тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы калкка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу каттамдар кыймылы башталганга чейин 5 күн мурда кабарлайт.
23. Каттамдык тармак каттамдардын кыймылынын колдонуудагы ырааттамасынын негизинде жыл сайын түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы диспетчердик пункттарды жайгаштыруунун сарамжалдуулугун аныктайт.
24. Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы бир жыл ичинде, зарыл болгон учурда каттамдардын колдонуудагы ырааттамасын кайрадан карайт жана каттамдык тармакка өзгөртүүлөрдү киргизбестен жаңы ачылган каттамдардын ырааттамасын иштеп чыгат жана ушул Эрежелердин 23-пунктунда аныкталган тартипте бекитет.
25. Автобус (троллейбус) каттамдарынын кыймыл чиймесин өзгөртүү жөнүндө маселе Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана ташуучунун демилгеси боюнча каралышы мүмкүн.
3. Аялдама пункттары
26. Аялдама пункттарынын жайгашкан ордун тандоо жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун, аялдама пункттарынын зарыл болгон көзгө көрүнүктүүлүгүн, автотранспорт каражаттары жана жөө жүргөндөрдүн кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шарттарына жараша каттамды ачууда жол шарттарын иликтөөлөрдү жүргүзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ал жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
27. Коомдук транспорттун аялдама пункттары, пайдалануу убактысы жана кыймыл шарттары боюнча төмөнкү түрлөргө классификацияланат:
туруктуулар - жүргүнчүлөрдүн агымы туруктуу жерлерде жайгаштырылат. Автобустар (троллейбустар) иштеген бардык мезгилде аларда токтоого милдеттүү;
убактылуулар - жол оңдоо жумуштарын жүргүзүүдөн улам келип чыккан өзгөрүүлөргө жана башкаларга байланыштуу убактылуу каттамдарда;
талап кылуу боюнча - сутканын сааттары боюнча туруктуу эмес жүргүнчүлөр агымы орун алган жерлерде жайгаштырылат. Автотранспорт каражаттары жүргүнчүнүн талабы боюнча токтотулат.
28. Каттамдарда жайгашуусу боюнча аялдама пункттары баштапкы, орто аралык жана акыркы болуп бөлүнөт.
29. Аялдама пункттары жолдордун кесилишинин алдында, кесилиштен кийин, автотранспортунун башка катышуучуларына тоскоолдук кылбоо үчүн жетиштүү аралыкта жүрүү ортосунда жана бири-биринен төмөнкү аралыкта жайгашышы керек:
кадимки каттам үчүн - 400-600 метр;
ылдам каттам үчүн - 1500-2000 метр.
Кесилиштен аялдама пунктуна чейинки аралык 20 метрден кем болбошу керек.
Жыш курулуштары бар участоктордо жүргүнчүлөр ири жүргүнчү түзүүчү точкалар бар болгондо кадимки шаардык каттамдар боюнча аялдама пункттары өзгөчө учурларда, бири-биринен 400 метрден аз, бирок 200 метрден аз эмес аралыкта жайгаштырылышы мүмкүн.
30. Жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өткөөл бар болгондо аялдама пункттары ал өткөөлдөргө кирүүдөн түздөн-түз жакын, бирок автотранспорттук каражаттардын келүүсүн күтүп жаткан жүргүнчүлөр жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрү аркылуу кийинки жөө адамдардын кирүүсүнө жана чыгуусуна тоскоол болбоосу үчүн деген эсеп менен жайгашуусу керек.
Ар бир багытта кыймылдын үчтөн кем эмес тилкеси бар көчөлөрдө каршы багыттагы аялдама пункттары бири-биринен 25 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Темир жол өткөөлдөрүнө чейинки жана кийинки орто аралык аялдама пункттары жолдон 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
Акыркы аялдама пункттары автотранспорт каражаттарынын жана жөө жүргөндөрдүн кыймылынан бөлүнгөн жерлерде, атайын кайрылууга ыңгайлуу аянтчалар каралышы керек.
Отургузуу аянтчалары автотранспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдуктарды түзбөөгө, тротуарлар боюнча жөө жүргөндөрдүн кыймылына жолтоо болбоого тийиш жана жол кыртышынын үстүңкү бетинен 20 см бийик болуусу керек.
Көчөлөрдүн транспорт жүргөн бөлүгүнүн кеңдигинин эсебинен жабдылган отургузуу аянтчалары сутканын караңгы мезгилинде жарыктандырылышы керек.
Зарыл болгон учурда, автобустардын (троллейбустардын) "чөнтөктөр" деп аталган аялдама пункттарына кирүү үчүн атайын аянтчалар курулушу керек. "Чөнтөктөрдүн" тереңдиги 3 метрден жана айлана радиусу - 10 метрден кем болбоого тийиш.
31. Аялдама пункттарында күткөн жөө жүргөндөрдү жаан-чачындан, күн нурларынан коргоочу бастырмалар же жабык тутум тургузулуп, отургучтары жана урналар менен жабдылат. Бастырмалар жана жабык тутум айдоочуларга көрүү мүмкүнчүлүгүн начарлатпоого жана жөө адамдардын кыймылына тоскоол болбоого тийиш.
32. Баштапкы жана акыркы аялдамаларда контролдук-диспетчердик жана медициналык-наркологиялык пункттар уюштурулууга тийиш.
Аялдама пункттары төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек болгон көрсөткүчтөрү бар маалыматтык же электрондук таблолор менен жабдылат:
аялдама пунктунун аталышы;
анда токтогон каттамдардын номери, кыймыл интервалы;
аялдаманын идентификациялык номери.
4. Ташуучуларга каттамды бекитип берүү
33. Бишкек шаарынын автобустук каттамдарын үзгүлтүксүз тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо боюнча өткөрүлгөн ачык конкурстардын жыйынтыктары боюнча ташуучуга каттамды бекитүү жүргүзүлөт.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча ташуучу - конкурстун жеңүүчүсү жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы ортосунда каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу укугуна келишим түзүлөт.
34. Конкурс өткөрүлгөнгө чейин 3 айга чейинки мөөнөт менен ташуучуларга убактылуу тейлөөнү бекитип берүүгө жол берилет. Мындай учурда Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын убактылуу тейлөөнүн каттамын бекитип берүү боюнча тийиштүү чечими чыгарылат.
Каттамды убактылуу пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө чечимдин негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген типтүү келишимге ылайык ташуучу менен тийиштүү келишим түзөт.
Эгерде убактылуу тейлөөнүн каттамы бир айдын ичинде ташуучу тарабынан тейленбеген учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы каттамды тейлөөгө карата келишимди жокко чыгарат жана бул каттам конкурс өткөрүлгөнгө чейин 3 айга чейинки мөөнөт менен башка ташуучуга убактылуу тейлөөгө өткөрүлүп берилет.
Муну менен убактылуу тейлөөгө ташуучуга бекитилген жаңы ачылган каттамда тийиштүү интервал менен пландык чыгууну толук камсыздоо конкурс өткөргөнгө чейин 3 айга чейинки мөөнөт менен убактылуу тейлөөгө каттамды бекиткен учурдан тартып бир айдан кеч эмес убакытта камсыздалышы керек.
35. Муниципалдык автотранспорттук ишканалар тарабынан тейленген автобус (троллейбус) каттамдары конкурс өткөрүүсүз бекитилет.
5. Ташуучуга коюлуучу талаптар
36. Ташуучу Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен түзүлгөн келишимге ылайык төмөндөгүдөй талаптардын сакталышын камсыздайт:
жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыздоо жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
айдоочулук укуктун "Д" категориясы бар жана 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон айдоочулар менен автобустарды (троллейбустарды) комплекттөө;
ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык форма боюнча жолдомо баракчасына (басма же электрондук түрдө) белги коюу менен, айдоочуларды рейс алдында күн сайын медициналык текшерүүнү жана автобазадан жолго чыгуу алдында автотранспорт каражаттарынын рейс алдында техникалык кароону жүргүзүү;
бекитилген каттамдар боюнча ташууну диспетчердик башкаруу;
персоналдын квалификациясын колдоо;
билим деңгээлин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча такшалууну жана окутууларды уюштурууну өз убагында өткөрүү;
автотранспорт каражатынын тийиштүү экипировкасы жана айдоочунун документтери менен Жол кыймылы коопсуздугунун эрежелеринин талаптарына, иш ырааттамасына жана графигине ылайык, автотранспорт каражатын техникалык оң абалда диспетчердик пунктка берүү;
транспорттук тартипти жана автотранспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоону камсыздоо;
айдоочулардын белгиленген иш, эмгек жана эс алуу режимин камсыздоо;
иш ырааттамасы жана графиги тарабынан каралган автотранспорт каражаттарынын зарыл санын камсыздоо;
бекитилген каттамдарда рейстердин туруктуулугунун сакталышын камсыздоо;
кыймылдын туруктуулугун жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн автотранспорт каражаттарын резервдөө;
каттам боюнча жолдо бара жатканда бузулган учурда автотранспорт каражаттарын өз убагында алмаштыруу;
айдоочуларды тийиштүү медициналык текшерүүнү жана тийиштүү диагностика борборлорунда жылына эки жолу транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыздоо;
транспорт ишин камсыздаган ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү;
Эрежелер тарабынан каралган, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн документтердин болушу;
баштапкы жана акыркы диспетчердик пункттарда, автотранспорт каражаттарынын келиши жана жөнөтүлүшү жөнүндө айдоочулардын жол барактарына белги коюу;
каттамдардагы айдоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Жол кыймылы эрежелеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо;
жүргүнчүлөрдү ташуу маданиятын жана сапатын камсыздоо;
жол жүрүүдө жүргүнчүлөрдү маалыматтык камсыздоо;
автотранспорт каражаттарын Жол кыймылы эрежелеринин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык техникалык оң абалда күтүү;
ташуучунун жүргүнчүлөр алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун болушу;
жүргүнчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоо;
Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген тарифтерге так ылайык жүргүнчүлөрдөн жол кире наркын алуу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленген жарандардын жеңилдик берилген категориясын ташууну камсыздоо;
автотранспорт каражатында анын жайгашкан жерин аныктоо үчүн орнотулган спутниктик прибордун, ошондой эле анын кыймыл процессин белгилеп жазуучу прибордун (видеокаттагыч) болуусу жана мэриянын ыйгарым укуктуу органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү;
автотранспорт каражатында транспорттук карталарды пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташуу үчүн төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл техникалык каражаттардын (валидаторлор, жүргүнчүлөрдү эсептөө каражаттары ж.б.у.с.) болушу;
ташуучу менен Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы ортосундагы келишимдин шарттарын аткаруу.
37. Белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн ташуучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Коомдук транспорттун тышкы жана ички жабдылышына жана жасалгасына карата коюлган талаптар
38. Автобустун (троллейбус) сырткы жасалгасы (электрондук табло же басма көрсөткүчү) төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
каттамдын жүрүүсүнүн алдыңкы көрсөткүчү жана каттамдын номерин;
каттамдын жүрүүсүнүн капталдагы көрсөткүчүн жана каттамдын номерин;
каттамдын номурунун арткы көрсөткүчүн;
"Чыгуу" жазуусу бар табличканы.
Алдыңкы жана каптал көрсөткүчтөрүндө каттамдын баштапкы жана акыркы пункттарынын аталышы, каттамдын номери түшүрүлөт.
Жүрүү каттамынын бардык көрсөткүчтөрүнүн жазууларын жарыктандыруу жана алардын өлчөмдөрү сутканын жарык жана караңгы мезгилинде көрүнүшүн камсыздашы керек.
39. Автобустун (троллейбус) ички жасалгасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
жүргүнчүлөрдү маалымдоо үчүн арналган каттамдын электрондук же басма чиймесин;
жүргүнчүлөрдүн көрүп маалымат алуусу үчүн "Кирүү" жана "Чыгуу" табличкасын жана ушул Эрежелерден көчүрмө, ташуу үчүн төлөм наркы, балалуу жүргүнчүлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн орундар тууралуу маалымат табличкасын;
аталышы, дареги жана ташуучунун телефон номери;
айдоочунун аты-жөнү жана автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери жазылган табличка;
өрт өчүргүч жана медициналык кутуча;
айнектерди сындыруу үчүн балка жана жылып кетүүгө каршы тирөөч - 2 даана;
аялдамаларды кабарлоо үчүн аудиосистеманы.
40. Автотранспорт каражаттары таза кармалууга жана санитардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
7. Кыймыл коопсуздугуна карата негизги талаптар
41. Каттамдарда кыймыл коопсуздугу жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууда коомдук транспорттогу негизги милдеттердин бири болуп саналат.
42. Тийиштүү шаардык кызматтар карамагында турган автомобиль жолдорун, жол белгилерин, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз жана коопсуз кыймылын камсыздоочу көрсөткүчтөрдү жана башка техникалык каражаттарды белгиленген талаптарга ылайык кармоого тийиш.
43. Ташуучу техникалык жактан бузук жана бузук валидаторлор, коомдук транспорттун салонундагы люктарды, эшиктерди, терезелерди авариялык ачуунун бузук орнотмолору менен, ошондой эле өрткө каршы бузук зарыл жабдыктар; медициналык кутучалар; авариялык токтотуу белгилери, жылып кетүүгө каршы тирөөчтөр, айнектерди сындыруу үчүн балка комплекттери жок; жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автобустардын салонунан люктарды, терезелерди жана эшиктерди тез ачуу жана айнектерди талкалоо ыкмалары тууралуу жүргүнчүлөргө маалымдаган нускама менен камсыз болбогон автотранспорт каражаттарды линияга чыгарууга укуксуз.
Автотранспорт каражатынын бараткан жерин аныктоо үчүн орнотулган спутниктик прибору, ошондой эле кыймыл процессин каттоочу жазуу прибору (видеокаттагыч) жок автотранспорт каражаттарды линияга чыгарууга жол берилбейт.
44. Линиядагы коомдук транспорттун ишинде ташуучу айдоочулар тарабынан иш убактысынын графигинин, кыймыл ырааттамасынын жана завод-чыгаруучу тарабынан каралган автотранспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдеринин сакталышын камсыздоо тийиш.
45. Тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тийиштүү каттоо документтерине ылайык келбеген автобустарда (троллейбустарда) жүргүнчүлөрдү ташууга жол берилбейт.
46. Автомобиль жолдорунун, аялдама пункттарынын, темир жол өткөөлдөрүнүн, көпүрөлөрдүн жана башка жол курулмаларынын абалы кыймыл коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек. Бул объекттерди эксплуатациялоонун жана күтүүнүн ченемдери жана эрежелери бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик аларды күтүүнү жүзөгө ашырган тийиштүү кызматтарга жана уюмдарга жүктөлөт.
47. Каттамдарда коомдук транспорттун бекитилген кыймыл схемасынан четтөөгө тыюу салынат жана айып салынат.
8. Айдоочунун эмгек жана эс алуу шарттамы
48. Каттамдарда коомдук транспорттун ишин уюштурууда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык айдоочулардын эмгек жана эс алуу шарттамын сактоо зарыл, кыймыл ырааттамасы жана иш графиги анын талаптарын эске алуу менен түзүлөт.
49. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу шарттамын сактоо бардык ташуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат жана бардык коомдук транспорттун каттамдарында кыймыл ырааттамасын жана айдоочулардын иш графигин түзүүдө эске алынат.
50. Айдоочулардын иш убактысынын узактыгынын толук ченеми бир жумада 40 сааттан ашпоого тийиш.
51. Иш убактысынын максималдуу узактыгы суткасына 10 сааттан ашпашы керек.
52. Айдоочунун иш убактысынын курамына төмөндөгүлөр кирет:
линияга чыгаар алдында жана линиядан ишканага кайткандан кийин жумуштарды аткаруу үчүн ченемдер менен белгиленген даярдык-аяктоо убактысы;
айдоочуларды рейс алдындагы медициналык кароодон күн сайын өткөрүү убактысы;
автотранспорт каражаттарынын линиядагы кыймыл убактысы;
жүргүнчүлөрдү алуу жана түшүрүү жерлериндеги токтоо убактысы;
айдоочулардын эркинен тышкары, токтоолордун убактысы;
жолдо баратканда кыска убакытка эс алуу үчүн графикте каралган, акыркы пункттардагы токтоолор убактысы, ошондой эле кыймылдуу курамды текшерүү жана аны тейлөө убактысы.
53. Автотранспорт каражатынын айдоочуларынын иш убактысы иш убактысынын суммаланган эсеби жумуш сааттарынын белгиленген ченемин аткаруу эсебинде толук бир айга түзүлгөн, айдоочунун иш убактысынын графиги менен регламенттелет. Бул мезгилде аларда төмөнкүлөр аныкталат: күнүмдүк жумуштун (смена) башталган, аяктаган убактысы жана узактыгы, эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу маалы, ошондой эле сменалар аралык жана апта сайын эс алуу үчүн берилген убакыт.
54. Айдоочулардын эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу иш сменасынын ортосунда 2 сааттан көп эмес узактыкта, бирок иш башталгандан кийин 4 сааттан кечиктирилбестен берилет.
55. 8 сааттан ашык созулган жумуш сменасында, эс алуу жана тамактануу үчүн бир сутка ичинде жалпы узактыгы 2 сааттан көп эмес эки тыныгуу берилет.
56. Иш убактысынын суммалык эсеби белгиленген айдоочуларга, Кыргыз Республикасынын транспорт жана эмгек укук мамилелеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган апта сайынкы эс алуу күндөрү, айдоочунун иш убактысынын графигине ылайык аптанын ар кандай күнүндө белгилениши мүмкүн.
57. Айдоочуларды дем алыш, майрам күндөрү жумушка тартуу жана бул жумуш үчүн компенсация берүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
58. Айдоочулардын иш убактысынын эсеби табелдин, жолдомо баракчаларынын жана башка документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
59. Айдоочуларды башка жумушка которууда (автотранспорт каражаттарын оңдоо ж.б.) алардын иш убактысынын эсеби бул жумуштагы колдонулган тартипте жүргүзүлөт.
60. Айдоочулар үчүн иштин башталышы болуп, ички эмгек тартиби же айдоочулардын иш убактысынын графигинде белгиленген саатта туруктуу иштеген орунга келген учуру эсептелет. Иштин аяктоосу болуп автотранспорт каражатынын токтоочу жайга келгенден кийин жыйынтык жумуштарын жүргүзүү үчүн белгиленген ченемдик убакыттын бүтүшү эсептелет.
61. Смена боюнча жана сменаны экиге бөлүп иштеген айдоочулар үчүн жумушка келүү оруну (гараж, алмашуу, токтоо пункттары), сменанын башталышы жана аякташы айдоочулардын иш убактысынын графиги менен аныкталат.
62. Автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынын туруп калуу убактысын эсепке алуу туруп калуу жөнүндө кагаздарды толтуруу жолу же жолдомо баракчаларында өзгөчө белгилерди коюу менен жүргүзүлөт.
63. Түнкү жана мөөнөттөн ашык иштөө шарттамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык колдонулат. Мөөнөттөн ашыкча иштөө ар бир айдоочу үчүн 2 күн ичинде 4 сааттан жана бир жылда 120 сааттан ашпашы керек. Кечки саат 22ден таңкы саат 6га чейинки убакыт түнкү убакыт деп эсептелет.
64. Айдоочулардын иш убактысынын графиктери бардык айдоочулар үчүн ай сайын, ар бир күнгө же сменага, иш убактысынын күн сайынкы жана суммалык эсебинде Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча түзүлөт жана ташуучу тарабынан бекитилип, ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча айдоочуга күн мурун берилет.
9. Коомдук транспорттун кыймылын убактылуу токтотуу
65. Автобустардын (троллейбустар) кыймылын убактылуу токтотуу табигый мүнөздөгү кырсыктарга же жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруу менен коштолгон жол-климат шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт.
66. Каттамдардагы автотранспорт каражаттарынын кыймылы төмөнкү учурларда убактылуу токтотулат:
сутканын жарык жана караңгы мезгилинде көрүү (фаранын алыскы жарыгы) 50дөн аз метрди түзгөн климаттык шарттарда (туман);
аяз учурунда аба температурасы Цельсий боюнча 40 градустан төмөн болгон учурда;
жаратылыш кубулуштары болгондо (кар көчкүлөрүнүн, сел агымдарынын, ташкындардын, жууп кетүүлөрдүн, урап түшүүлөрдүн, таш кулоолордун мүмкүндүгү ж.б. болушу);
жол шарттары боюнча.
Жогоруда көрсөтүлгөн бардык учурларда шаардык кызматтар ташуучуларга жана тийиштүү органдарга чечимдерди кабыл алуу жана кызыкдар уюмдарга жана ишканаларга, ошондой эле жүргүнчүлөргө кабарлоо үчүн күн мурун маалымат берүүгө милдеттүү.
Коомдук транспорттун кыймылын убактылуу токтотуу же кыймыл графигин өзгөртүү же рейстерди алып салуу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алган тийиштүү шаардык кызматтардын кызмат адамдары жана ташуучулардын өкүлдөрү транспорт жана жарандык укук мамилелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартышат.
67. Эгер каттам боюнча автотранспорт каражатынын кыймылы процессинде автобустук (троллейбустук) кыймылга тыюу салынган деңгээлге чейин метеорологиялык же жол шарттары күтүүсүз өзгөрүлгөн учурда, айдоочу автотранспорт каражатын коопсуз жерде андан ары кыймылдоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонго чейин токтотууга милдеттүү. Айдоочу каттам боюнча жүрүүсүн улантуу жөнүндө чечим кабыл алган мындай учурларда, ал өзүнүн колунда болгон бардык ыкмалар (жарык жана үн сигналы, кыймылдын ылдамдыгын тандоо ж.б.) менен коопсуздукту камсыздоого тийиш. Эгер жолдо жүрүүдөгү кармалып калуу узак мөөнөткө созулса, айдоочу жүргүнчүлөрдү артка же алардын эс алуусу жана тамактануусу үчүн шарттары бар жакынкы автостанцияга же алардын макулдугу менен жакынкы башка конуштарга жеткириши керек.
10. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн акы төлөө
68. Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташууга тарифтер Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
69. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн акы төлөө муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүк ташуу төлөмдөрүн транспорттук карта менен төлөө аркылуу накталай эмес формада жүргүзүлөт.
Жеке фирмалар-ташуучулардын өзгөчө чакан класстагы автобустарында накталай формада акы алууга жол берилет.
Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөмдөрдү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген дифференцияланган тариф боюнча накталай формада алууга жол берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Муниципалдык коомдук транспортто бекитилген тарифтерге ылайык, транспорттук картаны пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташуу үчүн акы алуу ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө үчүн транспорттук карталарды пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) боюнча жүзөгө ашырылат.
Жеке фирмалар-ташуучулардын өзгөчө чакан класстагы автобустарында жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташуу үчүн акы алуу түрдүү формадагы (накталай, накталай эмес) бекитилген тарифке ылайык жүзөгө ашырылат. Жеңилдик берилген же акысыз жүрүүгө укугу бар жарандар үчүн жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн акы алуу жеке фирмалар-ташуучулардын өзгөчө чакан класстагы автобустарында жеке транспорттук карталарды пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жеке фирмалар-ташуучулардын өзгөчө чакан класстагы автобустарында транспорттук карталарды пайдаланууда акы алуу ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
71. Автобустарда (троллейбустарда) жүргүнчүгө өзү менен кошо 7 жашка чейинки бир баланы акысыз алып жүрүүгө уруксат берилет.
Жаш курагы жеткен жүргүнчүнүн коштоосунда 7 жашка чейинки бир нече баланы ташууда, бирөөсүнөн башка, ар бир бала үчүн, ошондой эле 7 жаштан өткөн балдар үчүн бекитилген тарифтерге ылайык акы алынат.
72. Жарандардын айрым категорияларына жеңилдик берилген жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленет жана жеңилдик берилген жол жүрүү укугун ырастаган тийиштүү документтер болгон учурда берилет.
73. Айрым категориядагы жактарга жол жүрүүгө жеңилдиктерди белгилөөдө, ташуучунун жана системанын операторунун кирешелеринин жоготуулары төмөнкүлөрдүн эсебинен компенсацияланат:
эгерде Бишкек шаардык кеңешинин чечими боюнча жеңилдиктер киргизилсе, шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен;
эгерде жеңилдиктер тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын чечими боюнча белгиленген тартипте киргизилсе, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен.
Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире төлөмүнүн электрондук системасы киргизилгенге чейин, жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташуу үчүн шаардык бюджеттен төлөмдөрдүн көлөмүн эсептөө ушул Эрежелердин 11-тиркемесине ылайык, коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире төлөмүнүн электрондук системасы киргизилгенден кийин, төлөмдөр ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык тартип боюнча системанын операторунун маалыматтарына ылайык жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын иш жүзүндө жол жүрүүлөрү боюнча жүргүзүлөт.
11. Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү алуу, түшүрүү жана жол жүрүү шарттары
74. Автобуска (троллейбуска) жүргүнчүлөрдү алуу жана автобустан (троллейбустан) түшүрүү, ырааттамада каралган аялдама пункттарында гана, автотранспорт каражаты толук токтогондон кийин жүргүзүлөт.
Өзгөчө чакан сыйымдуулуктагы автобустар тейлеген каттамдарда транспорттон түшүрүү, жүргүнчүлөрдүн талабы боюнча Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
75. Автобустарда (троллейбустарда) жүргүнчүлөрдү отургузуу алдыңкы эшиги аркылуу гана жүргүзүлөт.
76. Автобустарда (троллейбустарда) жүргүнчүлөргө тамеки тартууга, мас абалында, башка жүргүнчүлөрдүн кийимин же каптамаларды булгаган кийимчен жүрүүгө, эшиктердин жабылышына тоскоолдук кылууга же аларды автотранспорт каражаты толук токтогуча ачууга, айдоочунун уруксаты жок терезелерди ачууга, терезелерден башын чыгарууга, отургучка балдарды тургузуп коюуга жана жол жүгүн (кол жүктөрүн) коюуга, токтотуу сигналын жана эшиктерди ачуу механизмдерин иштетүүгө, автотранспорт каражатынын кыймыл учурунда айдоочуну алаксытууга жана аны менен сүйлөшүүгө, курч, кескич, жарылуучу, ууландыруучу, тез күйүүчү, булганыч, жегич жана коңурсуган нерселерди, каптамасыз ок атуучу куралдарды, ошондой эле жаныбарларды жана канаттууларды кошо алып жүрүүгө тыюу салынат.
Автобустун (троллейбустун) айдоочусуна автотранспорт каражатынын салонунда тамеки тартууга, мас абалында автотранспорт каражатын башкарууга, автобустун (троллейбустун) толук токтоосуна чейин эшикти ачууга, автотранспорт каражатынын кыймыл учурунда жүргүнчүлөр менен сүйлөшүүгө тыюу салынат. Автобустун (троллейбустун) айдоочусу формалык же башка таза жана тыкан кийимде болушу керек.
77. Айдоочу же контролдоочу адам ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн бузууларга жол берген, ошондой эле жүрүм-турум ченемдерин бузган жүргүнчүлөрдү, жол кире акысын компенсациялабастан, автотранспорт каражатынан түшүрүп салууга укуктуу.
Ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн бузууларга жол берген айдоочулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик жана каттамда жумуштан четтетүүгө чейин тартиптик жоопкерчилик тартышат.
Айдоочулар тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча чаралар кабыл алынбаган учурда, ташуучулар Кыргыз Республикасынын транспорт жана жарандык укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бирдей жоопкерчилик, бузуулар бир нече ирет болгон учурда - Бишкек шаарынын каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугуна келишимди бузганга чейинки жоопкерчилик тартышат.
12. Жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу
78. Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган бардык жеңил таксилер таксометр, бир түстө болуусу, эки арткы жүргүнчү эшигинде борттук идентификациялык номери бар, "такси" деген таанымал белгилери менен жабдылышы керек.
Көрсөтүлгөн таанымал белгилери жок жеңил таксилерге жүргүнчүлөрдү ташууга жол берилбейт.
79. Жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен ташууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
80. Жеңил таксилердин айдоочулары автотранспорттун техникалык абалына байкоо жүргүзүүгө жана автотранспорт каражатынын техникалык абалына ылайык келбеген учурда Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
81. Жеңил таксилерде жүргүнчүлөргө тамеки тартууга, башка жүргүнчүлөрдүн кийимин же каптамаларды булгаган кийимчен жүрүүгө, эшиктердин жабылышына тоскоолдук кылууга же аларды жеңил такси толук токтогуча ачууга, айдоочунун уруксаты жок терезелерди ачууга, терезелерден башын чыгарууга, отургучка балдарды тургузуп коюуга жана жол жүгүн (кол жүктөрүн) коюуга, кыймыл учурунда айдоочуну алаксытууга жана аны менен сүйлөшүүгө, курч, кескич, жарылуучу, ууландыруучу, тез күйүүчү, булганыч, жегич жана коңурсуган нерселерди, каптамасыз ок атуучу куралдарды алып жүрүүгө тыюу салынат.
82. Жеңил таксилердин натыйжалуу иштөөсү жана жеңил таксилерди пайдаланууда жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук түзүү үчүн жүргүнчүлөр чогулуучу бардык пункттарда (аэропорт, бекеттер, ири соода жана маданий борборлор ж.б.) тийиштүү шаардык кызматтар жана имараттардын, курулмалардын менчик ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте жеңил таксилердин токтоочу жайларын уюштурууну жана жабдууну камсыздайт.
83. Жеңил таксинин токтоочу жайлары жандуу кезек тартибинде жүргүнчүлөрдү топтоого дайындалат жана жол кыймылынын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоого тоскоол болбогон өтүүчү жол бөлүгүнөн капталына же башка аймакка "чөнтөк" түрүндө жайгашат.
84. Жеңил таксилердин токтоочу жайларынын орундары транспорт чөйрөсүндөгү жана жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен биргеликте аныкталат.
13. Коомдук транспортто жана жеңил таксиде жол жүктөрдү ташуу
85. Автобуста (троллейбуста) 100x50x30 см ашпаган өлчөмдөгү жол жүктү ташуу үчүн белгиленген тарифтерге ылайык жүргүнчүдөн төлөм алынат, 2ден ашпаган орунду ээлеген жол жүктү акы төлөө менен алып жүрүүгө жол берилет.
Жол жүктүн тараптарынын өзүнчө өлчөмдөрү көрсөтүлгөн чоңдуктардан ашышы мүмкүн, бирок 3 көлөмдүү өлчөмдүн суммасы 180 см, ал эми салмагы - 40 кг ашпоого тийиш.
Жүргүнчүгө салмагы 20 кг чейинки 60x40x20 см ашпаган өлчөмдөгү жол жүктү жана кол жүктөрүн акысыз алып жүрүүгө уруксат берилет. Сыйымдуулугу өзгөчө кичине автобустарда кол жүктүн салмагы 10 кг ашпоого тийиш.
86. Жеңил таксилерде жүргүнчүлөргө орундуктардын тышын булгабаган жана жүк салгычтын толук жабылышына тоскоол кылбаган салмагы 40 килограммга чейинки 81x56x36 см өлчөмүндөгү жол жүктү жана салмагы 10 кг чейинки 60x40x20 см өлчөмүндөгү кол жүгүн алып жүрүүгө уруксат берилет.
Жеңил таксилерде жол жүктү жана кол жүктөрдү алып жүрүү үчүн жүргүнчүлөрдөн өзүнчө акы алынбайт.
87. Автобустун (троллейбустун) жана жеңил таксинин салонунда ташылган жол жүктүн жана кол жүгүнүн сакталышы үчүн жоопкерчиликти жүргүнчү тартат.
Ташуучу же автобустун, жеңил таксинин ээси, эгер ал жол жүктүн жана кол жүгүнүн жоголушу, кем чыгышы же зыян тартышы анын күнөөсүнөн улам болбогондугун далилдебесе, автобустун жол жүк салган бөлүгүндөгү жана жеңил таксинин жүк салгычындагы ташылган жол жүктүн жана кол жүгүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
88. Коомдук транспортто жана жеңил таксилерде жүргүнчү тарабынан табылган (унутулуп калган) буюмдарды, документтерди жана акчаларды айдоочу буюмдардын, документтердин жана акчалардын суммасынын тизмегин көрсөтүү менен, акыркы пункттун диспетчерине же ташуучунун диспетчерине тил кат жаздырып алып тапшырууга милдеттүү.
14. Жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги жана милдеттери
89. Коомдук транспортту пайдаланууда жүргүнчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
шаардык каттамдарда автотранспорт каражаттарына каттамдын белгиленген аялдама пункттарында гана кирүүгө жана чыгууга; өзгөчө чакан сыйымдуулуктагы автобустар тарабынан тейленген каттамдарда чыгуу Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузбастан, жүргүнчүлөрдүн талаптары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн;
жол кире жана жол жүктү, кол жүгүн ташууга акы төлөөгө;
каттамдын акыркы аялдамасына келгенде, автобустун (троллейбустун) салонун бошотууга;
автобустун (троллейбустун) салонунда унутулуп калган жана табылган буюмдарды, документтерди, акчаларды жана башка баалуу нерселерди таап алууда, айдоочуга же диспетчерге өткөрүүгө.
90. Коомдук транспорттун жабдуусун бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардан белгиленген тартипте бузуунун наркы өндүрүлүп алынат. Бузуунун мүнөзү тууралуу акт түзүлөт.
91. Автобустун же жеңил таксинин жол жүк салган бөлүгүндөгү ташылган жол жүк ташуучунун күнөөсү менен жоголгон же бузулган учурда, жүргүнчүнүн талабы боюнча автотранспорт каражатынын айдоочусу (ээси) менен биргеликте акт түзүлөт. Акттын бир нускасы жүргүнчүгө берилет.
92. Жүргүнчүлөрдүн дооматтары жана доолору жол жүк жоголгон же бузулган күндөн тартып, бир айлык мөөнөттө ташууну жүзөгө ашырган ташуучуга коюлат. Ташуучу дооматты алган күндөн тартып, бир айдын ичинде аны кароого жана анын канааттандырылышы же четке кагылышы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Доомат четке кагылган учурда, тараптардын талаш-тартыштары Кыргыз Республикасынын транспорт жана жарандык укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте чечилет.
15. Коомдук транспорттун ишин контролдоо
93. Ушул Эрежелердин сакталышын, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында коомдук транспорттун ишин контролдоо, белгиленген компетенциянын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана жарандык укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
94. Ушул Эрежелердин талаптарын жана транспорттук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдерди аткарбагандыгы үчүн транспорттук иш-аракеттердин субъекттери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан каралган жоопкерчиликти тартышат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 1-тиркемеси |
Коомдук транспорттун ишинде пайдаланылган жана ага карата коюлган негизги ченемдик жана сапаттык КӨРСӨТКҮЧТӨР
1. Коомдук транспорттун ишинде пайдаланылган түшүнүктөр.
Каттам тармагынын көрсөткүчтөрү:
калктын транспорттук кыймылы - бул бир жашоочунун бир жылдагы жол жүрүүсүнүн орточо саны. Бишкек шаарынын жашоочуларынын санына карата ташуулардын көлөмүнүн катышы менен аныкталат;
жүргүнчүлөрдүн жүрүүлөрүнүн орточо алыстыгы - жүргүнчүнүн коомдук транспортто жүрүүсүнүн орточо аралыгы;
которулуп отуруу коэффициенти - бир жана андан көп которулуп отуруу менен бара жаткан жүргүнчүлөрдүн суткалык көлөмүнүн ташылган бардык жүргүнчүлөр көлөмүнө катышы. Атайын иликтөөлөр менен аныкталат;
жүргүнчүлөр агымы - убакыт бирдигине бир багытта ташылган же ташылууга тийиш болгон жүргүнчүлөр саны;
жүргүнчүлөрдү алмашуу - белгилүү бир убакытта каттамдын аялдама пунктунда транспортто келген жана жөнөтүлгөн жүргүнчүлөрдүн саны менен мүнөздөлөт;
каттамда жүргүнчүлөрдүн топтолушу - убакыт бирдигинде каттамдын белгиленген бөлүгү аркылуу өткөн жүргүнчүлөр саны;
кыймыл интервалы - бул автобустун (троллейбустун) биринин артынан кийинкисинин аялдама пункттарынан өтүү убактысы. Орто каттамдык жана орто тармактык кыймыл интервалдары айырмаланат;
каттамда (тармакта) коомдук транспорт кыймылынын жыштыгы - бир багытта бир саатта жөнөтүүлөрдүн саны, кыймылдын интервалына тескери пропорциялуу чоңдук болуп саналат.
2. Каттамдарда автобустардын (троллейбустардын) ишинин негизги сапаттык көрсөткүчтөрү.
а) Каттамдарда транспорттун кыймылынын үзгүлтүксүздүгү жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын баалоонун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Ал белгилүү бир убакытта (суткада, декадада, айда, кварталда, жылда) ырааттамада каралган рейстердин санына карата иш жүзүндө аткарылган рейстердин сандык катышы менен аныкталат.
Эгерде транспорт рейске ырааттама боюнча так жөнөтүлсө, бардык орто аралык аялдама пункттарынан өз убагында өтүп, ырааттамада жол берилген четтөөлөрдү эске алуу менен, акыркы пунктка ырааттама боюнча (+-) 2 мүнөттө келсе, каттамдагы транспорттун кыймылы үзгүлтүксүз деп эсептелет.
б) Жүргүнчү түрмөгү - каттамда автотранспорт каражаты менен аткарылган ишти аныктоочу көрсөткүч. Жүргүнчү түрмөгү - шаар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуунун орточо аралыгына карата ташылган жүргүнчүлөрдүн санынын жүргүзүлүшү менен аныкталат. Ал жүргүнчүлөр ташылган аралыкты эске алуу менен, аткарылган жүргүнчү ташуунун көлөмүн мүнөздөйт.
в) Ташуулар көлөмү - каттамдар (автотранспорттук ишкана, шаар ж.б.) боюнча ташылган жүргүнчүлөрдүн жалпы саны.
г) Автобустардын (троллейбустардын) кыймылынын төмөнкү ылдамдыктарын айырмалайт:
техникалык ылдамдык - жол кыймылы себептери боюнча кармалып калууларды эске алуу менен, автобустардын жолдогу кыймылынын суммалык убактысына каттамдын узундугунун катышы менен аныкталат;
катнаш ылдамдыгы - кыймылга, жолдо кармалууга жана орто аралык аялдама пункттарында токтоп турууга сарпталган суммалык убакыттын каттамдын узундугуна катышы менен аныкталган ылдамдык;
эксплуатациялык ылдамдык - кыймылга, каттам аралыгындагы аялдама пункттарында токтоолорго сарпталган суммалык убакыттын каттамдын узундугуна катышы менен аныкталат.
Автотранспорт каражатынын көрсөтүлгөн кыймыл ылдамдыктары, каттамдарда кыймыл ырааттамасын түзүүдө пайдаланылат. Андан тышкары, жол шарттарынын абалы жана кыймыл коопсуздугунун талаптарына жараша аныкталган, техникалык мүмкүнчүлүктөргө жана жол берилген ылдамдыкка таянган жолдун түз бөлүгүндө автобус (троллейбус) жетише алган эң чоң ылдамдыкты айырмалашат.
д) Каттамдын иштөөсүнүн узактыгы - кыймыл ачылган учурдан тартып аякталганга чейинки сутка мезгили.
е) Автотранспорт каражатынын линияда болуу узактыгы - автобустар (троллейбустар) каттамга чыккан учурдан тартып ал кайра кайтканга чейинки болгон убакыт. Ал каттамдагы транспорттун иш убактысын жана нөлдүк жүрүш убактысын камтыйт.
ж) Каттамдагы транспорттун иш убактысы кыймылдын, акыркы жана орто аралык аялдама пункттарында токтоп туруу убактысынан жана жолдо кармалып калуу убактысынан топтолот.
з) Автотранспорт каражатынын сыйымдуулугу туруп жол жүргөн жүргүнчүлөрдү эске алуу менен отуруу үчүн орундуктардын саны жана орундардын жалпы саны боюнча аныкталат.
и) Автотранспорт каражатынын сыйымдуулугун пайдалануу коэффициенти автотранспорт каражатынын жүргүнчүлөргө толуу деңгээлин мүнөздөйт жана жүргүнчүлөрдүн иш жүзүндөгү ташылышынын мүмкүн болгон ташууга катышы менен аныкталат.
к) Каттамдагы жүргүнчүлөрдүн алмашуу коэффициенти - бир рейсте автотранспорт каражатында бир жүргүнчү орунда ташылган жүргүнчүлөрдүн саны жана ал каттамдын жалпы узундугунун жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн орточо узактыгына катышы менен аныкталат.
л) Коомдук транспорттун техникалык жактан даярдык коэффициенти линияда иштөө үчүн анын даярдык деңгээлин мүнөздөйт жана ташуучунун паркынын жалпы автомобиль-күндөрүнүн бузугу жок абалдагы автомобиль-күндөрүнө катышы менен аныкталат.
м) Линияга чыгуу (паркты пайдалануу) коэффициенти линиядагы коомдук транспортту пайдалануу даражасын мүнөздөйт жана ташуучунун тизмелик паркынын жалпы автомобиль-күндөрүнүн линиядагы иштин автомобиль-күндөрүнө катышы менен аныкталат.
н) Жүрүүнү пайдалануу коэффициенти - жалпы жолдо жүрүүгө автобустардын (троллейбустардын) өндүрүштүк жүрүүсүнүн катышы. Каттамдарда автотранспорт каражатынын жүргүнчүлөр менен жүрүүсү өндүрүштүк жүрүү болуп саналат.
о) Коомдук транспортту иштетүү - кыймылдуу курамдын бирдигинин белгилүү бир убакыт мезгилиндеги транспорттук жумушунун көрсөткүчү жана ташылган жүргүнчүлөрдүн саны аткарылган жүргүнчү-чакырымдарда же акча бирдиги (сом) менен ченелет.
3. Жүргүнчүлөрдү ташуунун сапаттык көрсөткүчтөрүнүн сунушталган ченемдери.
а) Автотранспорттун каттамдарда кыймылынын үзгүлтүксүздүгү - 98 пайыздан кем эмес.
б) Автотранспорт каражатынын номиналдуу сыйымдуулугу андагы отуруу үчүн орундуктардын санына жана туруп жол жүргөн бир жүргүнчүгө 0,2 чарчы метр эсебинде салондун полунун бош аянтынын ченемине жараша белгиленет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 2-тиркемеси |
Форма
Жол шарттарын иликтөө АКТЫСЫ
№ ______ каттам ___________________________________________ каттамында
Датасы: 20__-жылдын "____" _________________________
Автотранспорт каражатынын тиби ___________________________________________
Аба ырайы _______________________________________________ (ачык, жаан, шамал)
Айдоочу _________________________________________________________ (аты-жөнү)
Жол __________________________________________ (кургак, асфальт, бетон, шагыл)
№ | Каттамдын аялдама пункттары | Аялдама пунктунда спидометрдин көрсөтүүсү | Кыймыл ылдамдыгын чектөө факторлорунун (себептеринин) орду, азыркы болгон кемчиликтер |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Маалыматты чогултууга жооптуу __________________________________________________
_________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү)
__________ (кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 3-тиркемеси |
Форма
Автотранспорт каражатынын кыймылынын аралыгын жана убактысын ченөө АКТЫСЫ № ______ каттам боюнча (аталышы)
Төмөнкү курамдагы комиссия:
төрагасы _________________________________________________________,
мүчөлөрү _________________________________________________________,
№ ________ марка автотранспорт каражатында иштеген спидометр менен жана стандарттык резинада,
20__-жылдын "___" ______ №_____ каттам боюнча автотранспорт кыймылынын аралыгын жана убактысын ченөөнү жүргүздү.
№ | Участоктордун аталыштары | Спидометрдин көрсөтүүсү | Узактыгы (км менен) | Убактысы (мүнөт) | Орточо техникалык ылдамдык, км/с | Жол участогунун өзгөчөлүгү (төшөө, өтүү бөлүгүнүн кеңдиги, көтөрүлүүлөр, түшүүлөр, көпүрөлөр ж.б.) | |||||
баштапкы пункттан | пункттар ортосунда | анын ичинде кыймылдын ылдамдыгын чектөө менен | каттамдын участогундагы кыймылда | анын ичинде кыймылдын ылдамдыгын чектөө менен | орто аралык пунктта туруп калууда | участоктогу жалпы | анын ичинде кыймылдын ылдамдыгын чектөө менен участокто | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгалары:
_________________________________________ | _________________________________________ |
(аты-жөнү) | (ээлеген кызмат орду) |
_________________________________________ | _________________________________________ |
(аты-жөнү) | (ээлеген кызмат орду) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 4-тиркемеси |
Форма
Спидометрдин иш жүзүндөгү көрсөтүүлөрүн алуу жөнүндө АКТ
Биз, жол шарттарын иликтөө жана каттамдын узундугун ченөө боюнча төмөнкү курамда кол тамга койгон
комиссиянын мүчөлөрү, курамында:
комиссиянын төрагасы ___________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
жана комиссиянын мүчөлөрү _______________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(кызмат орундары, аты-жөндөрү)
катуу төшөлмөсү менен, жагымдуу аба-ырайынын шарттарында,
_________________________________________________________________________ каттамы боюнча
(автобустук каттамдын аталышы)
____________________________________________________________ автомобиль жолунун участогунда
(автомобиль жолунун аталышы)
айдоочу ________________________________________________________________________________
мам. номери ___________ ______________ маркасындагы автотранспорт каражатынын спидометр
көрсөткүчүн тарирлөө жөнүндө ушул актыны түздүк.
Ушуну менен участоктун 10 чакырымда спидометр көрсөткүчү ____________ чакырымды түздү.
Тарирлөө коэффициенти __________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы ______________________________ (кол тамгасы)
Комиссия мүчөлөрү ________________________________ (кол тамгалары)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 5-тиркемеси |
Форма
Каттамда автобустардын (троллейбустардын) зарыл болгон санын АНЫКТОО
Линияда иштеген автобустардын (троллейбустардын) пландык саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында,
L - каттам узундугу;
h - кыймылдын жыштыгы (бир сааттагы жөнөтүүлөрдүн саны);
Vэ - автобустун (троллейбустун) иштетилген ылдамдыгы;
Резервдик автобустардын (троллейбустардын) саны, линияда иштеген автобустардын (троллейбустардын) санынын 30%ын түзөт. Резервдик автобустардын (троллейбустардын) санын аныктоо үчүн төмөнкү формула колдонулат:
Каттамды тейлөө үчүн автобустардын (троллейбустардын) зарыл саны резервдик автобустардын (троллейбустардын) санын эске алуу менен аныкталат (өргүү, техникалык тейлөө, күнүмдүк оңдоп-түзөө, техникалык бузулуулар боюнча линиядан чыгуу, айдоочунун ооруп калышы ж.б.).
мында,
Кн - каттам үчүн автобустардын (троллейбустардын) зарыл саны;
Кпл - линияда иштеген автобустардын (троллейбустардын) саны;
Кра - резервдик автобустардын (троллейбустардын) саны.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 6-тиркемеси |
Форма
Спидометрдин көрсөткүчтөрүн текшерүү АКТЫСЫ
Биз, жол шарттарын иликтөө жана каттамдын узундугун ченөө боюнча төмөнкү курамда
кол тамга койгон комиссия мүчөлөрү, курамында:
комиссиянын төрагасы _______________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
жана комиссиянын мүчөлөрү ___________________________________________________
____________________________________________________________________________
(кызмат орундары, аты-жөндөрү)
катуу төшөлмөсү менен, жагымдуу аба-ырайынын шарттарында,
_______________________________________________________________ каттам боюнча
(автобустук каттамдын аталышы)
________________________________________________ автомобиль жолунун участогунда
(автомобиль жолунун аталышы)
айдоочусу _________________________________________________________ мам. номери
___________ ________________ маркасындагы транспорт каражатынын спидометр
көрсөткүчтөрүн тарирлөө жөнүндө ушул актыны түздүк.
Ушуну менен участоктун 10 чакырымда спидометр көрсөткүчү ____________ чакырымды түздү.
Тарирлөө коэффициенти __________________________________________
Комиссиянын төрагасы _______________________________ (кол тамгасы)
Комиссия мүчөлөрү ________________________________ (кол тамгалары)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 7-тиркемеси |
Форма
Айдоочулардын иш убактысынын ГРАФИГИ (иш графиги)
Кезмет узактыгы ___________________________________________________________________________________________
Мурдагы күндөгү эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу маалын эске алуу менен кезмет аралык жана жума сайын эс алуунун
узактыгы _________________________________________________________________________________________________
Кезметтердин саны ____________________ Иш кезметтеринин саны _______________________________________________
Эс алуунун узактыгы _____________ үчүн
Эс алуу үчүн кошумча күндөрдүн саны ____________ кезмет аралык эс алуу үчүн _____________________________________
Дем алыш күндөрүнүн саны _________________________________________________________________________________
Айдоочулардын саны (күн алыс иштейт) ______________________________________________________________________
Автотранспорт каражаттарынын саны ________________________________________________________________________
Айдоочулар | Айдын күндөрү | ||||||||||||||||||||||||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 8-тиркемеси |
|
| Бекитем |
|
| _______________________________ |
|
| _______________________________ |
|
| 20__-жылдын "____"______________ |
Бишкек шаарынын кaттам тармагы
№ | Каттамдын аталышы | Иштеген автобустардын/троллейбустардын саны (бирдик) | Ырааттама боюнча рейстердин саны (бирдик) | Аралыгы (км) | 1-автобустун/троллейбустун наряддагы убактысы (саат) | Айлануу рейсинин кыймыл убактысы (саат) | Автобустар/троллейбустар ортосундагы кыймыл интервалы (мүнөт, саат) | Автобустун/троллейбустун маркасы/классы | Ташуучу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
___________________ (Кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 9-тиркемеси |
Форма
Уюмдун штампы үчүн орун
№ _____ ЖОЛ БАРАГЫ _____ -жылдын "___" ___________
Уюм ______________________________ ___________________________________ ___________________________________ (аталышы, дареги жана телефон номери) Техникалык автобуска (троллейбуска) чыгууга уруксат берилет.
Автобус (троллейбус) оң абалда, кабыл алды
Айдоочу алмашканда автобусту (троллейбусту) өткөрүп берүү жөнүндө белги __________________________________
Кайтып келгенде автобусту (троллейбусту) кабыл алуу жөнүндө белги
|
| Автобустун (троллейбустун) маркасы _______________ Мамлекеттик номери ______________________
Каттамдын аталышы, номери _______________________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________
Автобустун (троллейбустун) чыгышы жана кайтуусу
Техникалык жана башка себептер боюнча туруп калуусу
Гаражда: ___ саат ___ мүн. ___ саат ___ мүн. чейин Себеби _____________________________ Линияда: ___ саат ___ мүн. ___ саа. ___ мүн. чейин Себеби _____________________________ ___ саат. ___ мүн. ___ саат. ___ мүн. чейин себеби _____________________________ Линиялык контролёрдун белгиси ________ _____________________________________ _____________________________________ _____________________________________
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Нарколог дарыгердин белгиси
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Каттамдын аталышы же номери | Жөнөө убактысы, сааты, мүнөтү | Кол тамгасы | Кайтуу убактысы сааты, мүнөтү | Жүрүү, км | Кол тамгасы | |||
График боюнча | Иш жүзүндө | График боюнча | Иш жүзүндө | Жүргүнчүлөр менен | Нөлдүк | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Арткы жагы
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 10-тиркемеси |
Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө үчүн транспорттук карталарды пайдалануу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө үчүн транспорттук карталарды пайдалануунун тартиби (мындан ары - Тартип) жүргүнчү транспорттук картаны пайдалануу менен жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөөнү жүзөгө ашырууда пайда болгон тараптардын өз ара мамилелерин аныктайт, транспорттук картаны берүү (сатып алуу) жана пайдалануу тартибин белгилейт.
2. Бекитилген тарифтерге ылайык транспорттук карталарды пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн төлөм алуу ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Валидаторлор менен жабдылган, системага кошулган муниципалдык ишканалардын автотранспорт каражаттарында жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө транспорттук картаны пайдалануу менен гана жүргүзүлөт. Мындай автотранспорт каражаттарында жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө катары накталай акча каражаттарын кабыл алууга жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук транспортто жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугуна ээ болгон жүргүнчүлөр, валидаторлор менен жабдылган, системага кошулган автотранспорт каражаттарында, алардын укугун ырастаган тийиштүү транспорттук карта бар болгон учурда гана ушул Тартипке ылайык жол жүрө алышат.
5. Коомдук транспортто жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүүгө укугу бар жарандарды ташууга транспорттук операторлордун жана системанын операторунун чыгашаларынын ордун толтуруу Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген тарифтерге ылайык, системанын операторунун маалыматтарына ылайык жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын иш жүзүндө жүргөн жол жүрүүлөрү боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Транспорттук карталардын түрлөрү
6. Транспорттук карталардын төмөнкү түрлөрү белгиленет:
төмөнкүлөргө бөлүнгөн жекелештирилген (энчилүү) транспорттук карталар:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугуна ээ болгон адамдын сүрөтү бар, аты-жөнү көрсөтүлгөн жекелештирилген транспорттук карталар;
б) сүрөтү жок жекелештирилген транспорттук карталар;
төмөнкүлөргө бөлүнгөн жекелештирилбеген транспорттук карталар:
а) колдонуудагы тарифтер боюнча бир жолку жол жүрүүгө төлөм жүргүзүү үчүн жетиштүү акча каражаттардын балансы менен жекелештирилбеген транспорттук карталар;
б) колдонуудагы тарифтерге ылайык коомдук транспортту пайдалануунун төлөнгөн мезгили менен (жума, ай ж.б.у.с.) жекелештирилбеген транспорттук карталар.
3. Жүргүнчүнүн укуктары жана милдеттери
7. Системаны пайдалануунун шарттары жана тартиби, транспорттук карталарды сатып алуу жана пайдалануу тартиби, жүргүнчүлөрдүн укуктары жана милдеттери жүргүнчү менен транспорттук картаны сатып алуу (алуу) учурунан тартып түзүлгөн, системанын оператору менен айкын оферта келишими менен жөнгө салынат.
8. Жүргүнчү валидатор менен жабдылган автотранспорт каражатына отурууда, ушул Тартипке жана айкын оферта келишимине ылайык, жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөө максатында транспорттук картаны пайдаланууга милдеттүү.
9. Акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугу болгон учурда жүргүнчү сүрөтү менен жекелештирилген транспорттук картаны алуу үчүн система операторунун тейлөө борборуна кайрылуусу керек.
4. Система операторунун укуктары жана милдеттери
10. Системанын оператору транспорттук карталардын эмитенти болуп саналат.
11. Система операторунун укуктары жана милдеттери Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамына ылайык өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсүнүн ортосунда түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен регламенттелет.
12. Система оператору төмөнкү учурларды камтыганда, жүргүнчүлөрдүн транспорттук карталарын укук ченемсиз пайдалангандыгы үчүн аны алып коюуга укуктуу:
жүргүнчү тарабынан транспорттук картанын дизайны жана сырткы көрүнүшү өзгөртүлгөн учурда, транспорттук картада камтылган маалыматтын санкцияланбаган эсебин жүргүзүүдө, көчүрүүдө жана модификациялоодо;
жасалма транспорттук карталарды, алардын көчүрмөлөрүн же жуп нускасын көрсөтүүдө;
колдонуучунун жеке маалыматтары же картанын идентификациялык номери жок, өзгөртүлгөн же окулбаган транспорттук карталарды пайдаланууда;
жекелештирилген транспорттук карталарды, аны колдонууга укугу жок адамдарга берүүдө.
13. Автотранспорт каражаттарында жүргүнчүлөрдүн жол кире жана жол жүктү ташууга акы төлөөсүнө, транспорттук карталарды пайдалануусуна тандама контроль система оператору тарабынан жүргүзүлөт.
5. Транспорттук оператордун укуктары жана милдеттери
14. Транспорттук оператор система оператору менен жарандык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте системага кошулуу жөнүндө келишим түзөт.
15. Транспорттук оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- коомдук транспортто транспорттук карталар боюнча жол кире төлөөнү камсыздоого;
- ушул Тартипте каралган тартипте автотранспорт каражатына жүргүнчүлөрдү отургузууну контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ушул Тартипке ылайык автотранспорт каражатына отургузууда жол кире жана жол жүк ташууга акы төлөөнү контролдоону жүзөгө ашырууга;
- автотранспорт каражатына отургузууда акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугу бар жүргүнчүлөр тарабынан транспорттук карталардын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
- система операторун жүргүнчүлөр тарабынан ушул Тартиптин бузулуу фактылары тууралуу билдирүүгө;
- жол кире жана жол жүк ташууга акы төлөөнү жүргүзүүдөн сырткары, башка максаттар үчүн автотранспорт каражаттары жабдылган валидаторлордун жана системанын башка жабдууларынын ишине транспорттук оператордун жумушчуларынын жана үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнө жана эркин жетүүсүнө жол бербөөчү зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражатына отургузууда транспорттук карталарды каттоону контролдоо боюнча автотранспорт каражатынын айдоочусу тарабынан милдеттер аткарылбаган учурларды токтотууга;
- транспорттук оператордун жумушчулары жана үчүнчү жактар тарабынан валидатор өчүрүлүп, блокко түшүрүлүп, бузулуп калган учурларга системанын оператору менен түзүлгөн келишимде каралган тартипте система операторуна ушундай фактылар жөнүндө кабарлоо менен тыюу салууга.
16. Транспорттук оператор жүргүнчүлөрдөн төмөнкү учурларды камтыган транспорттук карталарын укук ченемсиз пайдалангандыгы үчүн аны алып коюуга укуктуу:
- жүргүнчү тарабынан транспорттук картанын дизайны жана сырткы көрүнүшү өзгөртүлгөн учурда, транспорттук картада камтылган маалыматтын санкцияланбаган эсебин жүргүзүүдө, көчүрүүдө жана модификациялоодо;
- жасалма транспорттук карталарды, алардын көчүрмөлөрүн же жуп нускасын көрсөтүүдө;
- колдонуучунун жеке маалыматтары же картанын идентификациялык номери жок, өзгөртүлгөн же окулбаган транспорттук карталарды пайдаланууда;
- жекелештирилген транспорттук карталарды, аны колдонууга укугу жок башка адамдарга берүүдө.
17. Транспорттук операторлор жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражатына отургузууда транспорттук карталардын жарактуулугун контролдоого жооп беришет.
6. Транспорттук карталарды пайдалануу тартиби
18. Жекелештирилбеген транспорттук карталарды сатып алуу үчүн жаран транспорттук карталарды сатуу жана толуктоо пункттарына, системанын операторунун тейлөө борборлоруна же автотранспорт каражатынын айдоочусуна кайрыла алат.
19. Транспорттук картада колдонуудагы тариф боюнча жол кире төлөө үчүн жетиштүү анда акча каражаты болгон учурда жол жүрүүгө мүмкүн.
20. Транспорттук карта же анда акча каражаты жок болгондо, жүргүнчү автотранспорт каражатынын айдоочусунан накталай акча каражатка Бишкек шаардык кеңеши тарабынан азыркы тариф боюнча бир жолку жол жүрүү үчүн алдын ала толукталган балансы менен жекелештирилбеген транспорттук картаны сатып ала алат.
21. Жүргүнчү жекелештирилбеген бузугу бар транспорттук картаны алмаштыруу үчүн система операторунун тейлөө борборуна картанын бузулуу себептери көрсөтүлгөн тийиштүү арыз менен кайрылат. Транспорттук карта ээсинин күнөөсү боюнча бузулса, ал жаңы картанын наркын төлөөгө милдеттүү.
22. Жүргүнчү сүрөтү менен жекелештирилген бузугу бар картаны алмаштыруу үчүн система операторунун тейлөө борборуна кайрылат, жеңилдик берилген жол жүрүү укугун ырастаган документти көрсөтүп, картанын бузулуу себептерин көрсөтүү менен арызды толтурат. Транспорттук карта ээсинин күнөөсү боюнча бузулса, ал жаңы картанын наркын төлөөгө милдеттүү.
23. Жүргүнчү сүрөтү менен жекелештирилген транспорттук картанын балансынан акча каражаттарын кайтаруу үчүн тийиштүү арызы менен система операторунун тейлөө борборуна акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун тастыктаган документти жана инсандыгын ырастаган документти көрсөтүү менен кайрылат.
24. Сүрөтү менен жекелештирилген транспорттук карта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугуна ээ жүргүнчүлөргө берилет.
25. Сүрөтү менен жекелештирилген транспорттук картаны даярдоо система оператору тарабынан жүргүнчүнүн толтурган анкета-арызынын жана көрсөткөн инсандыгын ырастаган документтин (паспорт же аны алмаштыруучу документ) жана акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун тастыктаган документтин негизинде жүзөгө ашырылат.
26. Жекелештирилген транспорттук картаны алуу үчүн анкета-арызды жол-жоболоштуруу система операторунун тейлөө борборлорунда жүзөгө ашырылат.
7. Жүргүнчүлөрдү отургузуу жана транспорттук карталарды каттоо тартиби
27. Коомдук транспортко жүргүнчүлөрдү отургузуу валидатор жайгаштырылган алдыңкы эшик аркылуу жүргүзүлөт, ал эми түшүрүү ортоңку жана арткы эшиги (эгер мындайлар бар болсо) аркылуу жүргүзүлөт.
28. Системаны пайдалануу менен коомдук транспортто транспорттук карталар боюнча жол жүрүүдө жүргүнчү айдоочуга транспорттук картаны көрсөтүүгө жана аны жол жүрүүнү каттоо үчүн эсептөөчү түзүлүштөгү (валидатордогу) атайын белгиленген орунга тийгизүүгө тийиш.
29. Транспорттук карта төмөнкү шарттардын биринде жарактуу деп катталат:
а) карта акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун бергенде;
б) карта анда белгиленген мезгил ичинде жол жүрүү укугун бергенде (бир айга, бир жумага ж.б.у.с. жол жүрүү билети);
в) картада жол кире төлөө үчүн жетиштүү акча каражатынын балансы болгондо.
30. Жүргүнчү төмөнкү учурларда коомдук транспортто транспорттук карта боюнча жол жүрүүгө укугу жок, эгерде:
а) транспорттук карта пайдаланууга жараксыз абалда болсо;
б) транспорттук карта системада блокко түшүп калса;
в) ушул жол жүрүү үчүн укугу жараксыз болсо же убактысы бүтүп калса;
г) жол кире төлөөгө картада баланс жетишпесе же транспорттук картада акча каражаттары жок болсо;
д) транспорттук картаны укуксуз колдонгон учурда.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурлардын бири болгондо, жүргүнчү автотранспорт каражатынын айдоочусунан Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген колдонуудагы тариф боюнча бир жолку жол жүрүү үчүн алдын ала толукталган балансы менен транспорттук картаны накталай акча каражаттарына сатып ала алат.
31. Система иштебей калган учурда же валидатор бузулуп калса, транспорттук оператор системага кошулуу жөнүндө келишимге ылайык транспорттук картанын ээси болгон жүргүнчүгө ташуу боюнча кызматтын көрсөтүлүшүнөн баш тартууга укугу жок.
32. Техникалык бузулуулардан улам каттам боюнча автотранспорт каражатынын кыймылын улантуу мүмкүн болбогон учурда, айдоочу валидаторду эсептен чыгарылган акча каражаттарын кайтаруу шарттамына которууга тийиш. Акыркы төлөмдү жокко чыгаруу жана транспорттук картада балансты калыбына келтирүү максатында жүргүнчүлөр транспорттук карталарды автотранспорт каражатынан түшүүдө валидаторго тийгизиши керек.
33. Автобустарда (троллейбустарда) жүргүнчүгө өзү менен кошо 7 жашка чейинки бир баланы кошо алып жүрүүгө уруксат берилет.
Жаш курагы жеткен жүргүнчү 7 жашка чейинки бир нече баланы жанына алган болсо, бир баладан башка калган балдарга, ошондой эле 7 жаштан өткөн балдарга бекитилген тарифтерге ылайык акы алынат.
8. Жол кире төлөөгө тандама контроль жүргүзүү
34. Система операторунун контролёрлору ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык автотранспорт каражаттарынын ичинде жол кире жана жол жүктү ташуу үчүн акы төлөөгө, транспорттук картаны пайдаланууга тандама текшерүү жүргүзүшөт. Төлөмдү тастыктоо үчүн жүргүнчүлөр контролёрдун көчмө терминалына транспорттук картаны тийгизүүгө тийиш.
35. Жараксыз транспорттук картасы менен, же анысы жок, же жол кире, жол жүк ташуу үчүн акы төлөбөгөн жүргүнчүлөр аныкталган учурда, контролёр жүргүнчүнүн андан ары жол жүрүүсүнөн же жүргүнчүгө бир жолку жол жүрүүгө балансы алдын ала толукталган транспорттук картаны сатуудан баш тартууга укуктуу.
36. Транспорттук картанын укук ченемсиз пайдаланылгандыгы боюнча факт аныкталган учурда, контролёр ушул Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерден тышкары, бул транспорттук картаны алып коёт.
37. Транспорттук карталарды алып коюу акт менен жол-жоболоштурулат. Транспорттук оператор тарабынан алынган транспорттук карталар системанын операторуна өткөрүлүп берилет.
38. Транспорттук карталардан каражаттарды эсептен чыгарууга жол берилбейт.
9. Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу
39. Чыр-чатактуу кырдаал пайда болгон учурда жүргүнчү система операторунун же Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын дарегине талаш-тартыштын маңызын көрсөтүү менен арыз жиберүүгө укуктуу. Зарыл болгон учурларда арызга тийиштүү документтик ырастоолор тиркелет.
40. Арыз түшкөн күнүнөн баштап 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат. Зарыл учурларда арызды кароо үчүн транспорттук оператор тартылат. Арызды кароонун жыйынтыктары жөнүндө жүргүнчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
41. Жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык каралат.
10. Система оператору жана транспорттук оператордун ортосунда акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби
42. Транспорттук карталардын балансын толтуруудан түшкөн акча каражаттары система операторунун эсептешүү эсебине түшөт жана система операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын эсептен чыгаруу менен транспорттук операторлор арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.
43. Транспорттук операторлор арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү каттамдардагы жана ар бир транспорттук оператордун автотранспорт каражаттарында бардык түрдөгү транспорттук карталардын валидаторлор менен катталышынын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Транспорттук операторлорго акча каражаттарын которуу тартиби жана шарттары система оператору жана транспорттук операторлордун ортосунда түзүлгөн келишимдер менен регламенттелет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 11-тиркемеси |
Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Убактылуу жобо жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташуу боюнча автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтурууга шаардык бюджеттен бөлүнүүчү финансылык каражаттардын эсебинин тартибин аныктайт.
3. Субсидияларды эсептөө жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын жол жүрүүлөрүнүн иш жүзүндөгү санын эсепке алуу менен, жүргүнчүлөр агымын накта текшерүүнүн (хронометраждын) негизинде жүргүзүлөт.
4. Эсептөөнү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн жоопкерчилик Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
II. Жүргүнчүлөрдүн агымына накта иликтөө жүргүзүүнү уюштуруу жана тартиби
5. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын жол жүрүүлөрүнүн иш жүзүндөгү санын эсепке алуу боюнча жүргүнчүлөр агымын накта текшерүүнү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия (мындан ары - комиссия) жүзөгө ашырат.
Транспорт чөйрөсүндөгү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын автотранспорттук ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын, райондук калкты социалдык коргоо башкармалыктарынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кирет.
6. Комиссия зарыл болгон учурда ушул Убактылуу жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн, автобустук (троллейбустук) каттамдар боюнча бөлүштүрө турган шаардык кызматтардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн курамында жумушчу топторду түзөт. Комиссияда иштөө үчүн ыктыярчылар, Бишкек шаарынын профилдик жогорку окуу жайларынын студенттери белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.
7. Жумушчу топтор тарабынан каттамдарды текшерүү дем алыш жана майрам күндөрүн кошуу менен бир аптанын ичинде жүргүзүлөт. Текшерүү жылына 1 жолу жүргүзүлөт. Текшерүү жүргүзүүнүн графиги комиссиянын төрагасы тарабынан түзүлөт.
8. Текшерүү жүргүзүүнүн убактысы, жүргүнчүлөрдүн агымы жана кирешелүүлүгү боюнча төмөнкү жана жогорку көрсөткүчтөрү бар каттамдар комиссиянын чечими менен аныкталат.
9. Каттамдарды иликтөө Бишкек шаарынын мэриясынын автотранспорттук ишканаларынын толук жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Текшерүү жүргүзүү учурунда комиссиянын өкүлдөрү автотранспорт каражатынын салонунда болушат жана сурамжылоо жолу менен ар бир аялдамада кирген жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын санын категориялар боюнча белгилешет.
11. Коомдук транспортто (автобус, троллейбус) жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугун пайдаланган жарандардын санын эсепке алуу маалыматтары ушул Убактылуу жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык № 1, 2-формалары боюнча белгиленет жана ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык № 3 форма боюнча иликтөө актысында чагылдырылат.
Бардык каттамдарды текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык № 4 форма боюнча текшерүү маалыматтарынын жыйындысы түзүлөт.
III. Автотранспорттук ишканалар тарабынан коомдук транспортто жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга чыгашалардын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби
12. Автотранспорттук ишканаларга жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга чыгашалардын ордун толтурууга шаардык бюджеттен бөлүнө турган финансылык каражаттардын эсеби төмөнкү формула боюнча аныкталат:
P = (L/N x NpxT),
мында:
P - шаардык бюджеттен орду толтурулууга тийиш болгон субсидиялардын суммасы;
L - текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген жеңилдик берилгендердин саны;
N - текшерилген рейстердин саны;
Np - тийиштүү жылга пландуу рейстердин саны;
Т - жүргүнчүлөрдү ташууга колдонуудагы тариф.
13. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларын коомдук транспорт менен ташууга чыгашалардын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын эсеби ар бир автотранспорттук ишкана боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
14. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн эсепке ылайык, шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша кийинки жылга шаардык бюджеттин долбоорунда тиешелүү каражаттар каралат.
15. Автотранспорттук ишканаларга субсидияларды каржылоо иш жүзүндө аткарылган рейстердин көлөмүн, текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген 1 рейске жеңилдик берилгендердин орточо санын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
IV. Автотранспорттук ишканалардын жетекчилеринин милдеттери
16. Автотранспорттук ишканалардын жетекчилери текшерүү жүргүзө турган күндөрдө:
кыймылдын графиктеринде каралган кыймылдуу курамдын бардык санынын линияга өз убагында чыгарылышын камсыз кылат жана текшерилүүчү каттамдардагы транспорттун кыймылынын ырааттамасынын сакталышын контролдоону күчөтөт;
ар бир автотранспорттук ишканадан тиешелүү транспортто текшерүү жүргүзүүгө жооптуу адамды дайындайт;
автотранспорт каражаттарынын салондорунда маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө жарандарды кабарлоо боюнча чараларды көрөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
№ 1 форма
Коомдук транспортто акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүү АКТЫСЫ
Текшерүү жүргүзүү күнү _________________________________________________________
Транспорттун түрү ______________ Каттамдын № ________________ Мам. Номер _________
Айдоочунун аты-жөнү____________________________________________________________
№ | Акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүнүн аты-жөнү | Жүргүнчүнүн категориясы (жашы боюнча пенсионер, ДМЧА ж.б.у.с.) | Күбөлүгүнүн № | Ким тарабынан берилген |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
текшерүү жүргүзгөндөр:
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________(аты-жөнү)
(кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
№ 2 форма
Коомдук транспортто акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүү АКТЫСЫ
текшерүү жүргүзүү күнү ___________________________________________
Транспорттун түрү __________ Каттамдын № _____ Мам. номери ________
Айдоочунун аты-жөнү____________________________________________
№ | Акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүлөрдүн категориясы | Жүргүнчүлөрдүн саны | Жыйынтыгы | ||||||
I рейс | II рейс | III рейс | IV рейс | V рейс | VI рейс | VII рейс | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
текшерүүнү жүргүзгөндөр:
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
__________________________ (аты-жөнү)
(кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
№ 3 форма
|
| Бекитем Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы |
|
| _____________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
Акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугуна ээ болгон жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүү АКТЫСЫ
Төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан ______________________________
_________________________________________________________________
датасы _______ №__________ каттам боюнча акысыз же жеңилдик берилген
жол жүрүү укугуна ээ болгон жүргүнчүлөрдү ташууга текшерүү жүргүзүлдү.
Мам.номери ______________________________________________________
Айдоочунун аты-жөнү______________________________________________
Аткарылган рейстер _______________________________________________
Акысыз же жеңилдик берилген жол жүрүү укугуна ээ болгон жүргүнчүлөрдү ташуу,
Бардыгы __________ жүргүнчү, алардын ичинен:
Бишкек шаарынын жашы боюнча пенсионерлери _____________ жүргүнчү,
Жалпы оорудан жана эмгектен майып болгон, I, II, III топтордогу ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ________ жүргүнчү,
Бала кезинен бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер ______ жүргүнчү,
7 жашка чейинки балдар _______ жүргүнчү,
"Кыргыз почтасы" почта байланыш мамлекеттик ишканасынын кат ташуучулары
кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда ________ жүргүнчү.
Жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугуна ээ болгон жүргүнчүлөрдүн категорияларын, тастыктоочу документти жана аны берген уюмдун аталышын көрсөтүү менен текшерүүнүн жыйынтыктары, _____ даана санында (тиркелет).
Эскертүү.
Акысыз жол жүрүүгө укугу бар жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бул маселе боюнча кабыл алынган чечимдерге ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Жетекчилердин кол тамгалары:
_________________ Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун башчысы
_________________ Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районунун башчысы
_________________ Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунун башчысы
_________________ Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун башчысы
_________________ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын начальниги
_________________ Ленин районунун КСКБсынын начальниги
_________________ Октябрь районунун КСКБсынын начальниги
_________________ Биринчи май районунун КСКБсынын начальниги
_________________ Свердлов районунун КСКБсынын начальниги
_________________ Жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
|
| Коомдук транспорт менен жарандардын жеңилдик берилген категорияларын ташууга автотранспорттук ишканалардын чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
№ 4 форма
Жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүүгө ЖЫЙЫНДЫ МААЛЫМАТТАР
Текшерүү мезгили _____________________
Каттамдын № | Иликтенген рейстердин саны | Жеңилдик берилген (акысыз) жол жүрүү укугун пайдаланган жүргүнчүлөрдүн категориясы | |||||
Бишкек шаарынын жашы боюнча пенсионерлери (жүрг. саны) | Жалпы оорудан жана эмгектен майып болгон, I, II, III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (жүрг. саны) | Бала кезинен бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (жүрг. саны) | "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кат ташуучулары (жүрг. саны) | 7 жашка чейинки балдар (жүрг. саны) | Жыйынтык (жүрг. саны) | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү.
Жеңилдик берилген же акысыз жол жүрүү укугун пайдаланган жарандардын категорияларынын тизмеги Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бул маселе боюнча кабыл алынган чечимдерге ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Автотранспорттук ишкананын жетекчисинин жана иликтөө жүргүзүү үчүн ишкананын жооптуу адамдарынын кол тамгалары.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |