Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 31-майы № 2/1
Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын «Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы» деп атоо жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын 2023-жылдын 30-январындагы жазган кайрылуусу жана Жерге-Тал айыл аймагына бириктирилген Казан-Куйган айылынын жалпы элдик жыйынынын 2023-жылдын 26-майындагы №5 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамынын 12, 14-беренелери, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жалпы тургундарынын кайрылуусу жактырылып, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунундагы Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагы «Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы» деп аталсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагын «Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы» деп атоодо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барылсын.
3. “Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы” деп атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тарап Эсенаалиев Асанаалынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тарап Эсенаалиев Асанаалынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Шаарбек у Б. |