Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 14-июну № 434
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 169, 2006-жылдын 20-январындагы № 32, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы № 376, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин материалдык жактан стимулдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 34 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү республикалык бюджетте бекитилген чыгымдардын сметасынын чегинде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-февралындагы № 37-б буйругунда "Финансы полициясы" деген сөздөр алып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |