Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 13-декабры № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Салык, бажы органдарынын жана финансылык полиция органдарынын ортосунда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде салык, бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өз ара аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ортосундагы Өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3 Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ф.Кулов |