Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 826
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2021-жылдын 5-мартындагы № 71, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 678 "Салык мыйзамдарын сактоо жана бул чөйрөдөгү тартип бузууларга каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Толук бюджеттик финансылоого өтүп жаткан министрликтер менен ведомстволордун тизмесинде:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жободо:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.1-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине" деген сөздөр "ЕАЭБдин Бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун 3.2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 458 "2005-жылдын 3-июнунда Тбилиси шаарында кол коюлган Салык кылмыштарына каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктундагы "Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмегинде:
- "Кыргыз Республикасынын Администрациялык ведомстволору" IX бөлүмүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому.
13. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин тийиштүү жылдарга карата каралган каражаттарынын чегинде сарпталсын.
14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |