Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2009-жылдын 24-январындагы № 56, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, ЕАЭБдин Бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле "Фискалдык органдардын иштерин координациялоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-апрелиндеги N 173 токтомуна ылайык иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Бул Жобо салык, бажы органдарынын жана финансылык полиция органдарынын ортосунда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде салык, бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
1.3. Бул Жободо көрсөтүлгөн маалымат башкы (республикалык) ведомстволордун деңгээлинде тараптардын биринин өтүнүчү боюнча берилет. Салык инспекциясынын аймактык органдары жүктүн бажылык декларациялары боюнча бардык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинен гана алышат.
2. Маалымат алмашуу жана документтерди, материалдарды берүү
2.1. Ведомстволордун алдында коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында, салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында аныкталган тартипте болгон маалыматтарды алмашат.
2.2. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү биргелешип иштөө үчүн тийиштүү кызматкерлерди тартуу менен салык, финансылык жана бажылык тартип бузууларды аныктоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2.3. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары салык, финансылык жана бажылык тартип бузууларды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу методикасын биргелешип өркүндөтүшөт.
2.4. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нормативдүү укуктук актыларды берүү боюнча өз ара алмашууну жүргүзүшөт.
2.5. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары салык жана бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюга багытталган биргелешкен иштин жыйынтыгы боюнча өз ара салыштыруу жүргүзүшөт.
2.6. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары юридикалык жактар менен жеке адамдар тарабынан салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык легализациялоо (актоо) фактылары тууралуу маалымат алмашуу жүргүзүшөт.
2.7. Салык, бажы органдары жана финансылык полиция органдары жарым жылда бир жолкудан кем эмес өткөрүлүүчү биргелешкен кеңешмелерде бирге аткарылган иштин жыйынтыгын карашат, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнү өркүндөтүү боюнча практикалык чараларды көрүшөт.
2.8. Финансылык полиция органдары:
- салык жана бажы мыйзамдарына ылайык салык жана бажы төлөмдөрү боюнча бюджеттин алдындагы болгон карыздарын төлөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүшөт;
- биргелешкен ишти (акциздик товарларды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын, каттоодон өткөрүлбөгөн иштерди ж.б. аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды) жүргүзүү үчүн кызматкер бөлүп беришет;
- салык төлөөдөн качууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузууга байланыштуу тергөө подразделениелерине жиберилген материалдарды карашат, аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө салык органдарына билдиришет.
- экономикалык кылмыштарга тиешелүү тергелген кылмыш иштери боюнча финансылык полиция органдарынын экспертинин корутундуларына карата салык органдарынан нааразычылык келип түшкөн учурда, акыркы чечим кабыл алуу үчүн сөзсүз түрдө салык кызматынын адистеринин катышуулары менен экинчи жолу экспертиза дайындашат;
- кылмыш курамы жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамынын бузулушуна байланыштуу материалдарды бажы органдарына жиберүүнү камсыздашат;
- салык төлөөдөн качкан адамдарды издөө жагында салык органдарынын каттары, ошондой эле КНСтин эсеп-фактура бланктарын салык төлөөчүлөр жоготкон фактылары боюнча тиешелүү чара көрүшөт жана аларды кароонун жыйынтыгы жөнүндө салык органдарына билдиришет;
- кылмыш курамы жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин инспекторлору тарабынан кызматтык тартип бузууларынын кызматтык тергөө материалдарын административдик тартипте чара көрүү үчүн бажы жана салык органдарына белгиленген тартипте жиберишет.
2.9. Салык органдары:
- финансылык полиция органдары тарабынан жиберилген салык жана башка сөзсүз түрдө төлөнүүчү төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу салык органдарына мурда берилбеген, документалдуу түрдө далилденген маалыматтар менен материалдарды карашат жана мыйзамда белгиленген тартипте алар боюнча салыктык текшерүүнү (кайра текшерүүнү) дайындоо жөнүндө же Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык андай чечим кабыл алуудан баш тартканы жөнүндө чечим кабыл алат;
- финансылык полиция органдарынын жана бажы органдарынын кат жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча кошумча нарк салыгы (КНС), салык төлөөчүлөрдүн идентификациялык номери (СТИН), чарбакер субъектилеринин аталыштары, юридикалык даректери боюнча чарбакер субъектилердин салыктык каттоодон өтүшкөндүгү жөнүндө болгон маалыматтарды беришет;
- финансылык полиция органдарына козголгон кылмыш иштери боюнча гана маалыматтарды беришет;
- бажы органдарына ар бир айдын 20сына карата Салык төлөөчүлөрдүн реестри жөнүндө магниттик тасмаларга жазылган маалымат беришет;
- бажы органдарына акциз жана бажы маркалары жок продукцияларды, бажылык тариздөөдөн өтпөгөн товарларды сактоо жана ташуу фактылары боюнча маалымат берет. Бул маалымат тартип бузуу фактыларынын табылышына (аныкталышына, кармалышына) жараша тиешелүү материалдарды ушундай тартип бузуулар боюнча чечим кабыл алуу компетенциясына кирген органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жиберүү жолу менен берилет;
- финансылык полиция органдарына кошумча эсептелген салыктын суммасы чектик суммадан ашып кеткен салыктык (документтик) текшерүүлөрдүн материалдарын беришет, ошондон баштап эгерде салыктын эсептелгендиги жөнүндө билдирүү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирип жана жогору турган салык органдарына же сот органдарына даттанылбаган учурда гана тиешелүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилиги башталат;
- экономикалык кылмыштарга тиешелүү кылмыш иштерин тергөө боюнча финансылык полиция органдарынын экспертинин корутундусу менен макул болбогон учурда, негизделген каршылыкты финансылык полиция органдарына кароо үчүн жиберишет. Комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча гана чечим салык органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
2.10. Бажы комитетинин органдары:
- бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жана текшерүү жүргүзүлүп жаткан башка бажылык тартип бузууларга байланыштуу финансылык полиция органдары жана салык органдары тарабынан жиберилген материалдарды карашат;
- Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар жана продукциялар мыйзамсыз алып келинген фактылар боюнча салык органдары жана финансылык полиция органдарынан келген материалдарды кароонун натыйжалары жөнүндө билдирүү жиберишет;
- финансылык полиция органдарына козголгон кылмыш иштери боюнча гана маалыматтарды беришет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жүктүн бажы декларациясынын (ЖБД) жана бажылык кириштөө ордеринин (БКО) файлынын белгиленген түзүмүнө ылайык ар бир айдын 20сына карата электрондук булактарга жазылган жүктүн бажы декларациясы жана бажылык кириштөө ордери боюнча маалыматтар базасын берет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Талаш-тартыш маселелерин чечүү
4.
3.1. Салык, бажы органдарынын жана финансылык полиция органдарынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Макулдашуу комиссиясынын кароосуна коюлат.
3.2. Макулдашуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы), ар бир тараптан 2ден адам киргизилет. Макулдаштыруу комиссиясынын мүчөлөрү катары жиберилген ведомстволордун өкүлдөрүнүн талапкерлери ар бир ведомство тарабынан өзүнчө бекилет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы N 528, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.3. Пайда болгон талаш-тартыштар Макулдашуу комиссиясынын кароосуна кызыкдар тарап аркылуу киргизилет.
3.4. Эгерде талаш-тартыш региондук же аймыктык деңгээлде болуп калса, анда кызыкдар органдын тиешелүү подразделениеси өзү баш ийген республикалык органга кайрылат, ал пайда болгон маселени териштиргенден кийин, зарыл учурда бардык материалдарды тиркөө менен бул маселени Макулдашуу комиссиясынын кароосуна расмий түрдө киргизет.
3.5. Макулдашуу комиссиясынын чечими ведомстволордун өкүлдөрдүнүн макулдугу боюнча кабыл алынат.