Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-январы № 25 токтомдун редакциясына ылайык
КYЧYН ЖОГОТТУ)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-декабры № 588
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги
№ 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институци-
оналдык жана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгын аткаруу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы №
474 "Кыргыз Республикасынын эл аралык, ведомстволор аралык келишимдерди
түзүү, аткаруу жана токтотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү туралуу"
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык, ведомстволор
аралык келишимдерди түзүү, аткаруу жана токтотуу тартиби жөнүндө жобого
төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-пунктун үчүнчү абзацы "жана өнөр жайлык кызматташтык" деген
сөздөрдөн кийин ", ошондой эле техникалык жөнгө салуу жагында" деген
сөздөр менен толукталсын:
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктөрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов