Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 8-февралы № 72
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасынын финансы системасынын башкаруу органдарын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын туусу жана символикасы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобо.
2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызматы боюнча департаменти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 116 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|