Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тиркелген Тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине товардак белгилерди жана тейлөө белгилерин мамлекеттик каттоону жүргүзүүдө товардык белгилерде жана тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу жөнүндө маселелерди чечүү укугу берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Товардык белгилерде (тейлөө белгилеринде) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын, атын пайдалануу менен байланышкан маселелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-мартындагы № 136 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |