Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-октябры № 555
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678, 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 9, 10, 22 жана 54-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы "белгилери" деген сөздөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
2) преамбула "белгилери" деген сөздөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө жободо:
- преамбуланын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Жобо "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди таанууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.";
- 4-пункттагы "жалпыга белгилүү товардык белгилердин Реестрине" деген сөздөр "Реестрге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттун төртүнчү абзацындагы "дүйнөлүк рынокто" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Интернет тарамында жана домендик аталышта" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктта:
биринчи абзац "кызыкдар адамдын" деген сөздөрдөн кийин "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 22-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 23-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпыга белгилүүлүккө талапкер болгон товардык белги менен катталган товардык белгинин ортосунда талаш келип чыккан учурда каттоосу күмөн туудуруп жаткан товардык белгинин катталгандыгы жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланган күндөн тартып беш жылдан кечиктирбестен Апелляциялык кеңешке арыз берилүүгө тийиш.";
- 10-пунктта:
биринчи абзацтагы "мүмкүн" деген сөз "керек" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзац "рыноктогу абалы," деген сөздөрдөн кийин "бул товарларды сатуунун же кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац "товардык белгинин" деген сөздөрдөн мурда "жылдык финансылык отчёттордо камтылган маалыматтарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктта:
тогузунчу абзац "билдирилген товарлар," деген сөздөрдөн кийин "алар товардык белгини кандай баалашат (жакшы белгилүү, белгилүү, аз белгилүү, белгилүү эмес); ким бул товардык белгинин укук ээси жана ушундай товардык белги менен маркаланган товарды өндүрүүчү болуп саналат" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- суралгандардын максималдуу саны чектелбейт, ал эми минималдуусу, эреже катары, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында 500дөн жана ар бир башка калктуу конушта 125тен кем болбоого тийиш. Сурамжылоо облустук маанидеги 6дан кем эмес шаарды камтышы керек.";
- 13-пунктта:
биринчи абзацтагы "төрт" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "алты" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Апелляциялык кеңешке ушул Жобонун 9-пунктунун экинчи абзацына ылайык каршы пикир берилген учурда Апелляциялык кеңеш ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн белгилер бар болсо, товардык белгини Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө каршы пикирди канааттандыруу, аны Реестрде каттоо жана талаштуу товардык белгини каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Апелляциялык кеңештин товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тарткан чечимин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу товардык белги жалпыга белгилүү товардык белги деп таанылышы мүмкүн. Кыргызпатент аны Реестрде каттайт, күбөлүк берет жана бир айдын ичинде расмий бюллетенге маалыматтарды жарыялайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы V бөлүм менен толукталсын:
"V. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу
19. Жалпыга белгилүү товардык белги ушул Жобонун 7, 8 жана 8-1-пункттарында көрсөтүлгөн белгилерин жоготкон учурда Апелляциялык кеңештин чечими менен жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо токтотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-статьясына," деген сөздөр алып салынсын;
"тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.";
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
биринчи абзацындагы "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында" деген сөздөр "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Ушул Тартиптин 6, 7-пункттарында каралган документтер келип түшкөндө экспертиза он иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгиге киргизүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарат (мындан ары - экспертизанын корутундусу).";
- 14-пункттагы "Кыргызпатенттин" деген сөз "экспертизанын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 15-пункттагы "Эксперттик корутундуну" деген сөздөр "Экспертизанын корутундусун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы "тейлөө белгилерин," деген сөздөрдөн кийин "географиялык көрсөтмөлөрдү," деген сөздөр менен толукталсын;
2) преамбулада:
"белгилери" деген сөздөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
"белгилерин," деген сөздөн кийин "географиялык көрсөтмөлөрдү жана" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 1-пункттагы "белгилерин," деген сөздөрдөн кийин "географиялык көрсөтмөлөрдү," деген сөздөр менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартибинде:
- аталышы "белгилерин," деген сөздөн кийин "географиялык көрсөтмөлөрдү," деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26, 46-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө, анын ичинде домендик ысымда дарек катары жана даректештирүүнүн башка ыкмаларында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.";
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Интернет" түйүнүндө" деген сөздөн кийин ", анын ичинде домендик ысымда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттагы "белгилерине," деген сөздөрдөн кийин "географиялык көрсөтмөлөргө," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктта:
"ээлеринин" деген сөз "укук ээлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"ээсинин" деген сөз "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
"ээсинин" деген сөз "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"ээлеринин" деген сез "укук ээлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
экинчи абзацтагы "ээси" деген сөз "укук ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "ээсинин" деген сөз "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (Кыргызпатент) жетекчисине |
|
| ______________________________ |
|
| жаран ________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
АРЫЗ
Мени патенттик ишенимдүү өкүл катары аттестациялоодон өткөрүүңүздү суранамын.
Өзүм жөнүндө төмөнкү маалыматтарды билдирем:
1. Жарандыгы ___________________________________________________________________
2. Туулган датасы ________________________________________________________________
3. Туруктуу жашаган жери _________________________________________________________
4. Билими (кайсы жогорку окуу жайын жана качан бүтүргөн): ____________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
5. Мамлекеттик жана чет тилдерди билүүсү __________________________________________
6. Компьютерде иштей билүүсү ____________________________________________________
7. Патенттик ишенимдүү өкүл катары келечектеги ишмердүүлүгүн чектөө
(көрсөтүү керек: "....тышкары", ".....гана" же "чектөөсүз")
______________________________________________________________________________
8. Азыркы учурда иштеген жери жана ээлеген кызмат орду _____________________________
______________________________________________________________________________
9. Кат алышуу үчүн дарек (Кыргыз Республикасынын чегинде), мобилдик телефондун
номери, электрондук почтанын дареги.
______________________________________________________________________________
10. Паспорттук маалыматтары (номери, сериясы, берилген датасы, ким тарабынан берилген)
________________________________________________________________________
Арызга төмөнкүлөрдү тиркеймин:
Жогорку кесиптик билим жөнүндөгү дипломдун(дордун) көчүрмөсү _______________ баракта.
Талапкерди кошумча мүнөздөөчү башкка документтер (белгиленген тартипте
күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөлөр, өнөр жай менчигин жана селекциялык
жетишкендиктерди коргоо тармагындагы ишинин мүнөзү, көлөмү жана натыйжалуулугу
же кесиптик укуктук өкүлчүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган талапкердин
иштеген жеринен алынган мүнөздөмө жана башка документтер),
эгерде алар бар болсо: _________________________________________________________.
_______________________________________________________ өлчөмүндө аттестациялоо
үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу
жүзүндө макулдук берүү.
20___-ж. "___" ______________ |
| ____________________________ |
|
| (колу)". |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (Кыргызпатент) жетекчисине |
|
| ______________________________ |
|
| жаран ________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
АРЫЗ
Мени патенттик ишенимдүү өкүл катары каттоону суранамын.
Өзүм жөнүндө төмөнкү маалыматтарды билдирем:
1. Жарандыгы ______________________________________________________________
2. Туруктуу жашаган жери ____________________________________________________
3. Аттестациялоо датасы _____________________________________________________
4. Кат алышуу үчүн дарек (Кыргыз Республикасынын чегинде), мобилдик телефондун номери,
электрондук почтанын дареги
___________________________________________________________________________
5. Кат алышуучу тилдер: ______________________________________________________
6. Азыркы учурда иштеген жери жана ээлеген кызмат орду __________________________
___________________________________________________________________________
Арызга тиркеймин:
Аттестациялоо жөнүндө аттестациялык комиссиянын чечими.
_____________________________________ өлчөмүндө аттестациялоо үчүн белгиленген
алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга
жазуу жүзүндө макулдук берүү.
20___-ж. "___" ______________ |
| ____________________________ |
|
| (колу)". |