Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы N 94 токтому менен бекитилген
Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрү жана сөз айкаштарын пайдалануунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартип товардык белгилерде жана тейлөө белгилеринде (мындан ары - товардык белги) Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салат.
3. Товардык белгилерде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр товардык белгисине, тейлөө белгиге киргизилиши мүмкүн, эгерде өтүнмө ээси:
а) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы болуп саналса;
б) Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда басымдуу абал ээлесе;
в) Кыргыз Республикасына гана мүнөздүү кайталангыс товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн чыгарса жана/же аткарса;
г) тышкы экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын дүйнөлүк рынокто узак мезгилден бери (кеминде 5 жыл) коюп келсе;
д) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган товарларды чыгарса жана/же жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарса.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн белгилөөлөр товардык белгиге коргоочу эмес элементтер катары киргизилиши мүмкүн, эгерде алар анда басымдуу абал ээлебесе.
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө эзсинен товардык белгини каттого арыз түшсө, алар өздөрүнүн укуктук статусун аныктоочу тиешелүү нормативдик укуктук актыны көрсөтүшөт.
7. Эгерде өтүнмө ээси ишкердик жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак болгон учурда Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган товардык белгини же билдирилген белгилөөнү каттоого берилген өтүнмөнүн экспертизасын өткөрүү процессинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө ээсинен ушул Тартиптин 4-пунктунун "б" - "д" пунктчаларында каралган шарттардын бар экендигин белгилөөчү компетенттүү органдын корутундусун талап кылууга акылуу.
Муну менен бирге көрсөтүлгөн корутундулар Кыргызпатентке берилет:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө эзсине карата - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тарабынан;
2) ушул Тартиптин 4-пунктунун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээсине карата - ушул өтүнмө ээсинин ишмердүүлүгүн тескөөчү тиешелүү мамлекеттик башкаруу органы;
3) ушул Тартиптин 4-пунктунун "г" жана "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата - Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана соода чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Товардык белги катары Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр, өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) белгиленген тартипте катталган аталышы менен бирдей же окшош белгилөөлөр катталышы мүмкүн. Бул учурда өтүнмө ээсине юридикалык жактын мамлекеттик катгоого алынгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет.
Эгерде өтүнмө ээлери өз ишмердүүлүгүндө товардык белги катары Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөрдү пайдаланышкан банктык же финансылык-кредиттик уюмдары болуп саналган юридикалык жак болгон учурда, мындай мамилелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Ушул Тартиптин 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн документтер Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде каралган мөөнөттөрдө берилиши керек.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Тартиптин 6, 7-пункттарында каралган документтер келип түшкөндө экспертиза он иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгиге киргизүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарат (мындан ары - экспертизанын корутундусу).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эксперттик корутундуларды кароо жана экспертиза үчүн милдеттүү болгон чечим кабыл алуу үчүн Кыргызпатент тарабынан коллегиялдуу орган Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр боюнча корутундуларды карап чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
12. Комиссиянын курамы Кыргызпатенттин жетекчиси тарабынан Кыргызпатент системасындагы адистердин ичинен түзүлөт жана бекитилет.
Комиссиянын төрагасын Кыргызпатенттин директору дайындайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн корутунду Комиссияга жиберилет.
14. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгиге киргизүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө экспертизанын Комиссияга берилген корутундусу ал түшкөн күндөн тартип бир айдын ичинде каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Экспертизанын корутундусун кароо Комиссиянын үчтөн аз эмес мүчөсү катышкан курамда Комиссиянын жыйынында ишке ашырылат. Жыйынды Комиссиянын төрагасы өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Комиссиянын чечими анын мүчөлөрүнүн кеңешүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Чечим Комиссияга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Каралып жаткан корутунду Комиссиянын бир мүчөсүнө таандык болсо, ал добуш берүүгө катышпайт.
Комиссиянын чечими жазуу формасында баяндалат жана ага Комиссиянын төрагасы жана бардык мүчөлөрү кол коюшат.
17. Комиссиянын чечими өтүнмө боюнча жалпы чечим кабыл алуу үчүн экспертизага жиберилет.