Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-февралы № 118 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиевтарабынан демилге кылынган "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизиндемакулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган"Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирдин жанасунуштардын негизинде макулдук бере албайт. Мыйзам долбоору иш жүзүндө укук белгилөөчү жањы нормалардыкамтыбайт, декларативдүү мүнөзгө ээ, айрым жоболору КыргызРеспубликасынын
Конституциясынын нормаларын жана республиканын башкамыйзамдарын кайталайт, Кыргыз Республикасынын колдонуудагымыйзамдарына көптөгөн шилтеме түрүндөгү нормаларды камтыйт. Мыйзам долбоорунун преамбуласында жана 1-статьясында анынколдонулуш чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздукту камсыздоонунуюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилөө, ошондой элемаалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү жеке адамдардын, мамлекеттикоргандардын жана башка юридикалык жактардын мамилелерин жөнгө салууаныкталган. Мамлекеттин, коомдун жана адамдардын коопсуздугун камсыздоочөйрөсүндө, анын ичинде маалыматтык чөйрөдөгү укук мамилелери КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормалары менен жөнгөсалынгандыгын белгилей кетүү керек. Булар - Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жөнүндө
концепциясы,
"Маалыматташтыруу жөнүндө",
"Маалыматка жеткиликтүүлүккепилдиктери жана эркиндиктери жөнүндө",
"Лицензиялоо жөнүндө",
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө",
"Автордук жана чектеш укуктаржөнүндө",
"Жарандардын сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароонунтартиби жөнүндө",
"Илимий-техникалык маалымат системасы жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө",
"Прокуратура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, КыргызРеспубликасынын
Кылмыш-жаза жана
Кылмыш-жазык-процесстик кодекстерижана башкалар. Мааниси боюнча каралуучу мыйзам долбоорунун укуктукжөнгө салуу боюнча өзүнүн предмети жок, ал республиканын мыйзамдарыменен жөнгө салынган укук мамилелерине карата гана колдонулмакчы.Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн нормативдик укуктук актылары башкабир катар мыйзамдар:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырынсырларын коргоо жөнүндө",
"Коммерциялык сыр жөнүндө",
"Жарнамажөнүндө",
"Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды жанамаалыматтар базасын укуктук коргоо жөнүндө",
"Электрондук төлөмдөржөнүндө",
"Электр жана почта байланышы жөнүндө",
"Электрондук цифралыккоюу жөнүндө" менен чогуу маалыматтык коопсуздук жөнүндө мыйзамдолбоорлорунун жоболорунун көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аны камсызкылуу боюнча тиешелүү чараларды жана маалыматка чектелген жетүүгө эскеалат. Мыйзам долбоорунун айрым жоболору маалыматка эркин жеткиликтүүлүккөжана анын Кыргыз Республикасында таралышына олуттуу чектөө киргизип,мамлекеттик цензура киргизүү, көз карандысыз ММКларды кысуу, ошондойэле мамлекеттин жеке турмушка мыйзамсыз кийлигишүүсү үчүн өбөлгөлөрдүтүзөт. 2-статьяда маалыматтык коопсуздукка укуктардын, эркиндиктердинкорголушунун абалы, мамлекеттин, жеке адамдардын жана юридикалыкжактардын ички жана тышкы коркунучтардан мыйзам менен корголуучуталамдары катары түшүнүк берилет. Маалыматтык корголуу абалына адамдардын, коомдун жана мамлекеттинталамдарынын диаметрдик карама-каршы эки чөйрөсүндөгү төмөнкүдөйбалансташуу сакталган учурда гана жетишилет: - маалыматтын айрым түрлөрүн коргоону камсыздоо (жеке турмуштун колтийбестиги, кат-кабарлардын жашырын сырын камсыздоо, мамлекеттик,кызматтык, коммерциялык жашырын сырды коргоо ж.б.); - маалымат алууга жана таркатууга укуктар менен кепилдиктердикамсыздоо. Маалыматтын жоктугу, аны алууга мүмкүн эместик же чектөөкоюу субъекттин маалыматтык жактан корголбогон абалына алып келет. Маалыматтык жактан корголуу абалы ошондой эле маалыматтык чөйрөнүнөзүн ар кандай түрдөгү терс тышкы таасирлерден корголушун болжолдойт.Бул баарыдан мурда цензурага жол бербөө, ЖМКнын эркин өнүгүшүнүнкепилдиктерин камсыздоо, маалыматтык ресурстардын жанаинфраструктуранын корголушун жана эркин өнүгүшүн камсыздоо,компьютердик кылмыштарды четтетүү жана ага каршы күрөшүүнүн натыйжалуусистемасын түзүү. Каралуучу мыйзам долбоорунда бул өзгөчөлүкчагылдырылган эмес. Ошентип, мыйзам долбоорунда каралган маалыматтыккоопсуздук түшүнүгү кењири чечмеленүү тенденциясына ээ, анткени "ичкижана тышкы коркунучтар" деген эмне экендигине аныктама берилбейт. 2-статьяда аппарат түшүнүгү киргизилген, ал кийин да мыйзамдолбоорунда кењири колдонулат, анын ичинде мыйзам долбоорунун өзүнжөнгө салуу чөйрөсүн аныктоо үчүн да колдонулат. Киргизилген бир катартерминдерде юридикалык жактан аныкталбаган түшүнүктөр бар экендигинбелгилей кетүү керек. Алсак, мисалы, мыйзам долбооруна эки өз арабайланыштуу термин киргизилген: "маалыматтын жеткиликтүүлүгү" жана"маалыматтын жашырындуулугу". Маалыматтын жеткиликтүүлүгү эркин алынатурган маалыматтын касиети катары аныкталат. Маалыматтынжеткиликтүүлүгүнүн укуктук мүнөздөмөсү ошол маалымат үчүн белгиленгенукуктук режимге жараша гана аныкталышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун иштепчыгуучулар маалыматтын жеткиликтүүлүгүн ошол маалыматка жетишүүмүмкүндүгүн мүнөздөөчү физикалык касиетине жараша аныкташкан. Мындамаалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн презумпциясы бар экендигин эске алуукерек. Бул болсо маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык ага жеткиликтүүлүктү чектөөнүн өзгөчө укуктук режими атайынбелгиленбеген учурларда (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сыр,жеке турмуш сыры, кат-кабарлар ж.б.у.с.) эркин жеткиликтүүлүктүнукуктук режими белгиленген. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар маалыматтын ачыктыгынынпрезумпциясына каршы "ачык маалымат" түшүнүгүн киргизишкен, анынүстүнө бул түшүктүн өзү анын тар, чектелген түшүндүрмөсүн берет: "ачыкмаалымат" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сакталышын жанажеткиликтүүлүгүн коргоо каралган маалымат. Эреже катары, мыйзамдардаачык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана сакталышын кошумча коргооатайын каралбайт - бул презумпциянын өзүнө карата болжолдонот. Эгердемыйзамда келтирилген аныктаманы сөзмө сөз чечмелесек, анда сакталышынжана жеткиликтүүлүгүн коргоо мыйзамдарда атайын каралган маалыматтаанылат, демек бул жобо маалыматтын ачыктык презумпциясынын принцибинбузат. Мыйзам долбоорунда ошондой эле "маалыматты коргоо" түшүнүгүберилет, мында маалыматтын жашырындыгын, сакталышын жанажеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган иш-аракет түшүнүлөт.Маалыматтын жеткиликтүүлүгү ал үчүн белгиленген укуктук режимге жарашааныкталат. Ошентип маалыматка жеткиликтүүлүктүн укуктук режими ошолмаалыматты укуктук коргоону камсыз кылат. Ошол эле убакта маалыматтыкоргоону камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплекси бар, бул -маалыматтын сакталышын камсыздоого багытталган иштер. Көрсөтүлгөнаныктамада маалыматты укуктук жана физикалык коргоо аралашып кеткен.Бул максатка ылайыксыз, анткени маалыматты коргоонун ар бир түрүнүныкмалары жана методдору бири-биринен айырмаланат. Мыйзам долбоорунда сунушталган "маалыматтык коопсуздук","маалыматтык инфраструктура", "маалыматтык ресурстар", "маалыматтыксистема", "маалыматтык процесстер", "жашыруун маалымат", "маалыматтыкоргоо" түшүнүктөрү
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынынмыйзамында колдонулуучу терминдерге дал келбейт жана каршы келет. Мыйзам долбоорунда каралган "маалыматтын жеткиликтүүлүгү","маалыматтык чөйрө", "маалыматтык коопсуздук коркунучу" түшүнүктөрү"Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун концепциясыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-мартындагы №143
токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын маалыматтыккоопсуздугунун концепциясынын долбоорунда баяндалган түшүнүктөргө далкелбейт. Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин коопсуздук органдарынынжана атайын кызматтарынын жетекчилеринин 2001-жылдын 9-июлундагы №136/СМС-1503 кењешинде кабыл алынган терминологияны ушундай түрдөгүмыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда колдонуу зарылдыгы жөнүндө КыргызРеспубликасынын Улуттук коопсуздук кызматынын пикирин колдоо максаткаылайыктуу деп эсептейбиз. Атап айтканда: - маалыматты коргоо - маалыматтын жашырындыгын жана сакталышынкамсыздоого багытталган иш-аракет; - маалыматтык коопсуздук - маалыматты издөөгө, алууга, берүүгө,таркатууга, чыгарууга, иштетүүгө, сактоого жана пайдалануугабайланыштуу маалыматтык чөйрөдө адамдардын, коомдун жана мамлекеттинкызыкчылыктарын коргоо абалы; маалыматтык инфраструктура - маалыматты чогултуу, топтолгонуништеп чыгуу, сактоо, издөө жана таркатуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучучөйрө; - маалыматтык чөйрө - маалыматтар топтому, маалыматтыкинфраструктура, маалыматты чогултуу, түзүү, таркатуу жана пайдалануусистемасы, ошондой эле келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салуусистемасы; - маалыматтык таасир этүү - маалыматтык чөйрөнүн абалын же анынэлементтерин максатка багыттап өзгөртүү үчүн уюшулган маалыматтыкпроцесс; маалыматтык ресурстар - маалыматтык системалардагы (китепканалар,архивдер, фонддор, маалыматтар банкы, башка маалыматтык системалар)айрым документтер жана документтердин айрым массивдери; - ачык маалымат - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сакталышынжана жашырындуулугун коргоо каралбаган маалымат; - маалыматтык коопсуздук коркунучу - маалыматтык чөйрөдөадамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчүфактор же факторлордун топтому. Мыйзам долбоорунун 4-статьясында маалыматтык коопсуздукту камсыздообоюнча иш-аракеттердин негиз болуучу принциптери аныкталган.Жалпысынан мыйзам долбоору маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнчаиштерди жүргүзүү принциптеринин жетишээрлик кењири тизмесин карайт.Бирок, жарандардын маалыматты эркин издөөгө, алууга, чыгарууга жанатаркатууга укуктарын кыйшаюусуз сактоого, цензурага жол бербөөгө,мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин ачыктыгына, эл аралыкукук принциптеринин жана нормаларынын артыкчылыгына негизденгенмаалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн презумпциясы катары жалпы таанылганпринцип каралган эмес. Каралуучу мыйзам долбоорунун 5-7-статьяларында маалыматтыккоопсуздук чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин субъекттери, бул укукмамилелеринин объекттери, ошондой эле маалыматтык коопсуздуктукамсыздоонун максаты аныкталат. Маалыматтык чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин укуктарынжана эркиндиктерин камсыздоо, ошондой эле маалыматтык ресурстарды жанаинфраструктураларды коргоо маселелерине "Маалыматташтыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасы арналгандыгын белгилейкетүү керек. Бул главада маалымат чөйрөсүндөгү укук мамилелерининсубъекттеринин укуктарын камсыздоо жана коргоо, маалыматташтыруучөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу биркатар статьялар жана мындай укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тартибикамтылат. Каралуучу мыйзамдан айырмаланып "Маалыматташтыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 20-статьяларында маалыматтыккоопсуздуктун максаты - маалыматташтыруу объекттерин коргоо ганааныкталбастан, ошондой эле мындай коргоо кандайча ишке ашырылатургандыгы да аныкталган. Мыйзам долбоору колдонула турган укукмамилелери Кыргыз Республикасынын нормалары менен жөнгө салынган. 8-статьяда маалыматтык коопсуздук субъекттеринин негиз болуучуукуктары жана эркиндиктери көрсөтүлгөн. Бул статья адамдардын негизгиукуктары менен эркиндиктеринин тизмесин көрсөтөт, алар КыргызРеспубликасынын
Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башкамыйзамдарында чагылдырылган. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин негизгибагыттарынын тизмеси келтирилген мыйзам долбоорунун 10 жана 13-статьяларынын мазмуну нормативдик мүнөзгө ээ эмес. Бул статьялардамаалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин багыттарынакарата көз караштардын системасы баяндалган. Ошондой эле бул статьялармаалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин субъекттерининукуктарын жана эркиндиктерин реалдуу камсыздоонун, маалыматтыкресурстарды жана маалыматтык инфраструктураларды коргоонун укуктукмеханизмдерин камтыбайт. Мыйзам долбоорунун 12-статьяларынын жоболору маалыматтыккоопсуздукту камсыздоонун шарты катары массалык коопсуздуктун атамекендик каражаттарынын маалыматына гарантияланган жеткиликтүүлүктүмилдеттүү камсыздоону сунуш кылат. Бул норма Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы тарабынан кепилденген маалыматка жеткиликтүүлүккөжарандардын укуктарын кескин чектейт, анткени ата мекендик маалыматкагана жеткиликтүүлүктү камсыздоо маалыматтын көлөмү жана категориясыбоюнча да чектөө болуп саналат. Ушуга байланыштуу "ата мекендик" дегенсөздү 12-статьянын бүткүл текстинен алып салууну сунуштайбыз. Сунушталган мыйзам долбоорунун туура эмес маалыматтарды таркатууүчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчиликтерин кароочужоболору
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын
Жарандык кодексиндекаралган. Мыйзам долбоорунун 14-19-статьялары маалыматтык коопсуздуктукамсыздоо системасын сүрөттөөгө, мамлекеттик коопсуздук системасынтүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдарынын негизги ыйгарым укуктарынжана иш милдеттерин саноого, алардын иш-аракетин каржылоо тартибин,ошондой эле маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жанакөзөмөлдөө боюнча функцияларды аныктоого арналган. Бул статьялар негизинен жалпы, баяндоо мүнөзүндө. Мыйзамдолбоорунда кайсы органдар мамлекеттик коопсуздукту камсыздоосистемасын түзө тургандыгы так аныкталган эмес. Мыйзам долбоорунда биргана жалпы компетенция органдары - Кыргыз Республикасынын Президенти,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтак аныкталган. Атайын компетенция органдарына карата мыйзам долбоору"атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" сыяктуу түшүнүктөргөтаянуу менен так критерийлерди бербейт. Мыйзам долбооруна ылайыкуюштуруу структурасына маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө ишжүргүзүшкөн юридикалык жактар жана жеке адамдар кирет. Бул критерий -"маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү иш-аракет" - өтө эле кењири болупсаналат жана уюштуруу структурасына кимдер кире ала тургандыгына тактүшүнүк бербейт. Мыйзам долбоорунун 16 жана 17-статьяларында маалыматтыккоопсуздуктун камсыздоо системасын түзүүчү органдардын ыйгарымукуктары жана негизги иш милдеттери саналган. Көрсөтүлгөн иш милдеттержана ыйгарым укуктар жалпысынан гана аныкталып, компетенцияны такчектөөлөр жок экейдигин белгилей кетүү керек. Мамлекеттик органдардын, анын ичинде маалыматтык коопсуздукчөйрөсүндөгү компетенциялары жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында мурда эле аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик башкарууоргандары үчүн белгиленген тартипте бекитилген жобо бар, анда алардынкомпетенциясы, иш милдеттери, укуктары жана милдеттери кењири жана таканыкталган. Ушуга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасынтүзүүчү органдардын ыйгарым укуктары менен иш милдеттерин мыйзамдолбоорунда баяндоо максатка ылайыксыз, анткени бул ошол органдардынкомпетенциясын аныктабайт, ошондой эле ар кандай органдардынкомпетенциялары менен функцияларынын кайталанышына шарт түзөт. Жалпысынан, мыйзам долбоорунун мазмуну маалыматтык коопсуздуктукамсыздоого карата көз караштардын системасын баяндайт, булконцептуалдык жана доктриналык мүнөздөгү документтер үчүн мүнөздүү.Баяндоо мүнөзүнөн улам бул мыйзам долбоорун кабыл алуу маалыматтыкчөйрөдө жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кыянаттык мененпайдалануулар жана бузуулар үчүн реалдуу өбөлгөлөрдү түзүүгөкөмөктөшүшү мүмкүн. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүадегенде Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук концепциясынкабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейтжана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына маалыматтыккоопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылат. Премьер-министр Ф.Кулов