Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген |
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14- жана 15-статьяларына ылайык иштелип чыккан жана кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу тобокелине туш болгон адамдарды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу тартибин аныктайт.
1. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда медициналык, фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлердин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгышы кесиптик оорулардын категориясына кирет.
Кесиптик оорулар - эмгектин зыяндуу шартынын таасиринени улам келип чыккан ооруу.
Өтүшкөн кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун (нөөмөт ичинде) бир жолку таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Өнөкөт кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун көп жолку жана узак таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Кызматкерге кесиптик оору же алардын эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланышкан денсоолугуна башкача зыян келтирүүнүн ордун толтуруу боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Зыяндын ордун толтуруу эрежелери менен жөнгө салынат.
Кесиптик оорунун пайда болушуна иш берүүчүнүн күнөөсүн аныктоо үчүн кызматкердин санитардык чечемдерден четтеген шартта болушунун фактысы белгиленүүгө тийиш. Иштөө мезгили жылдагы жумушчу убакыттын кеминде 80 процентин түзүүгө тийиш. Эгерде кесиптик оорунун келип чыгышы же анын күчүркөшү иш берүүчү тараптан эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыктан улам болсо (коргоо каражаттары колдонулбаса), анда иш берүүчү денсоолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
Кесиптик оорунун пайда болушунун себептерин жана шарттарын атайын териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте саламаттыкты сактоо жана башка мекемелердин администрациясынын жана кесиптик бирлик уюмунун катышуусу менен санэпидстанциянын (санэпидкөзөмөл борборунун) врачы тарабынан жүргүзүлөт.
Кесиптик оорунун кесепетинен денсоолугуна зыян келген адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын аныктоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жалпы негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) жүргүзөт.
2. Калкты ВИЧке лабораториялык диагноздоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана байкоо жүргүзүүнү ишке ашырган саламаттык сактоо системасынын уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка жардам көрсөткөн же инфекциялык материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана денсоолукка коркунучтуу эмгек шарттарын диагноздоо үчүн биологиялык дарыларды чыгаруу менен байланышкан мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерине:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтому менен белгиленген базалык кызматтык маянанын 40 проценти өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы жумасына 36 сааттан ашпайт жана ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүсү 42 календарлык күнгө (денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шартында иштегендиги үчүн ар жылдык кошумча өргүүнү эске алуу менен) белгиленет.
Үстөк акыларды төлөп берүү иши тийиштүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жеңилдиктерди белгилөөгө укук берген денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шарты бар уюмдардын, өндүрүштөрдүн кызматкерлеринин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тиркелген Тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Толук жумушчу күнү ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдарга медициналык жана башка жардам көрсөткөн, калкты ВИЧ-инфекцияга лабораториялык диагноздогон, инфекцияланган материалдарды колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери иши жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсияга чыгууга укук берген № 1 тизме боюнча адистиктер жана кызмат орундары боюнча иштерде, жер алдында иштеген өндүрүштөрдө, кызмат орундарында, өзгөчө зыяндуу жана эмгек шарты оор иштерде иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы боюнча пенсияга укуктуу.
СПИД жана ЛЖВС менен оруугандарды дарылоого арналган саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана мекемелердин адистештирилген бөлүмдөрүнүн, саламаттыкты сактоо органдары тарабынан СПИД жана ЛЖВС менен оорулуулардан келип түшкөн канды, материалдарды жана биологиялык суюктуктарды изилдөө тапшырылган саламаттыкты сактоо лабораторияларынын жана мекемелердин тобунун жана ВИЧке чалдыккан жана СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу медициналык жана башка жардам көрсөткөн, ВИЧ-инфекцияны лабораториялык диагноздоо, инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген кызматкерлерге жылына жумуш убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында № 2 тизме боюнча пенсия дайындалат.
ЛЖВС жана СПИД менен ооругандар менен туруктуу иштеген, ошондой эле инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 тизмеси боюнча жеңилдетилген шартта курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу.
ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу жардам көрсөткөн, ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдар менен иштеген, инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жогоруда аталган кызматкерлерге жылына жумуш убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында № 2 тизме боюнча пенсия дайындалат.
№ 1 тизме боюнча пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү жумуш орундарын аттестациялоого ылайык жалпы негизде социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Жумуш орундарын аттестациялоону иш берүүчүлөр комиссиялык жол менен жүргүзөт. Комиссиянын курамына администрация, кесиптик бирлик комитетинин, мамлекеттик эмгек инспекциясынын, санэпидстанциялардын өкүлдөрү жана башка кызматкерлер кирет.
Иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсияга чыгууга укук берген эмгектин зыяндуу жана оор шарттары менен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү жеңилдетилген стаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жер боюнча иш берүүчү тарабынан жана кызматкердин пенсиялык куракка жеткенге чейин иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө жобого тиркеме
Иши эмгек жагында жеңилдиктерге укук берген мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жана кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
┌─┬─────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│N│Мекемелердин, жана кызмат орундарынын│Аткарылуучу иштин мүнөзү │
│N│аталыштары │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│1│СПИДдин алдын алуу жана ага каршы│Диагностика, калктын канын│
│ │күрөшүү боюнча мекемелер, анын ичинде│ВИЧке лабораториялык│
│ │калкты ВИЧ-инфекцияга текшерүү милде-│изилдөөнүн бардык түрлөрү,│
│ │ти жүктөлгөн лабораториялар: медици-│изилдөө, дарылоо жана│
│ │налык кызматкерлердин кызмат орунда-│ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар-│
│ │ры, жетекчилер, адистер, кызматчылар│ды (ЛЖВС) түздөн-түз тейлөө │
│ │жана жумушчу кесиптегилер │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│2│ЛЖВСны дарылоого арналган саламаттык-│ЛЖВСны дарылоо жана│
│ │ты сактоо мекемелери жана мекемелер-│түздөн-түз тейлөө │
│ │дин адистештирилген бөлүмдөрү: меди-│ │
│ │циналык кызматкерлердин кызмат орун-│ │
│ │дары, жетекчилер, адистер, кызматчы-│ │
│ │лар жана жумушчу кесиптегилер │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│3│1 жана 2-пункттарда көрсөтүлгөндөрдөн│Консультация берүүдө, карап│
│ │тышкары саламаттыкты сактоо система-│чыгууда, медициналык жана со-│
│ │сынын мекемелери, ошондой эле башка│циалдык жардам көрсөтүүдө,│
│ │ведомстволор жана алардын түзүмдүк│соттук-медициналык эксперти-│
│ │бөлүмдөрү: медициналык кызматкерлер-│залоодо жана башка иштерди│
│ │дин кызмат орундары, жетекчилер,│жүргүзүүдө СПИД жана ЛЖВС ме-│
│ │адистер, кызматчылар жана жумушчу ке-│нен ооругандар менен тикелей│
│ │сиптегилер │байланышы болсо, эгерде күн│
│ │ │сайын толук жумуш күнү алар│
│ │ │менен болсо │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│4│Саламаттыкты сактоо органдары тарабы-│СПИД жана ЛЖВС менен оорулуу-│
│ │нан СПИД жана ЛЖВС менен ооругандар-│лардан түшкөн кан, материал-│
│ │дан түшкөн кан, материалдар жана био-│дар жана биологиялык суюктук-│
│ │логиялык суюктуктарды изилдөө милдети│тарды лабораториялык изилдөө│
│ │жүктөлгөн саламаттыкты сактоо мекеме-│жүргүзүү, эгерде күн сайын│
│ │лери жана мекемелердин тобу: медици-│толук жумуш күнү аларды жаса-│
│ │налык кызматкерлердин кызмат орунда-│са │
│ │ры, жетекчилер, адистер, кызматчылар│ │
│ │жана жумушчу кесиптегилер │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│5│Илим-изилдөө мекемелери жана алардын│СПИД маселеси боюнча илимий│
│ │түзүмдүк бөлүмдөрү: илимий кызматкер-│иштерди аткарууга жана СПИД,│
│ │лердин кызмат орундары (жетекчилер,│ЛЖВС менен ооругандар жана│
│ │анын ичинде бөлүмдөрдүн жетекчилери,│ВИЧке чалдыккан материалдар│
│ │башкы, жетектөөчү, улук, кенже илимий│(анын ичинде жаныбарлар) ме-│
│ │кызматкерлер), илимий-техникалык кыз-│нен иштөөгө тартуу, эгерде│
│ │маткерлердин кызмат орундары (улук│күн сайын толук жумуш күнү│
│ │лаборанттар), препараторлор, адистер,│аларды жасаса │
│ │кызматчылар жана жумушчу кесиптегилер│ │
│ │(анын ичинде жаныбарларды баккандар) │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│6│Медициналык иммунобиологиялык дары-│СПИДдин вирусу жана адамдын│
│ │ларды даярдоого карата бактериялык│иммуножетишсиздигинин вирусу-│
│ │жана вирустук дары-дармектерди чыга-│нан турган материалдар менен│
│ │руу боюнча илимий-өндүрүштүк бирикме-│иштөө │
│ │лер, ишканалар (өндүрүштөр) жана│ │
│ │алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, анын│ │
│ │ичинде цехтер: медициналык кызматкер-│ │
│ │лердин кызмат орундары, жетекчилер,│ │
│ │адистер, кызматчылар жана жумушчу ке-│ │
│ │сиптегилер │ │
└─┴─────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘