Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 4-августу № 565
Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2006-жылга иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 602 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу тармагындагы институттук структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиялардын иш-аракеттерин жана эксперттик комиссиялардын корутундуларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жарыялоону камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр |
| Ф.Кулов |