Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 8-сентябры № 641
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 ,2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 418 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери жөнүндө" 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык жана тарыхый-маданий комплекстердин андан ары сакталышына жана натыйжалуу өнүгүшүнө багытталган маданият жана искусство жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин (мындан ары - УМБ).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- УМБнын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |