ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 8-майы N 155

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган калкка мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана мамлекеттик субсидияларды берүү жолу менен жардам көрсөтүү, жер титирөөгө туруктуу жеке менчик турак үйлөрдү курууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзүлгөн тизмесине ылайык мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды пайдаланууга чыгарсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин өтүнмөсү боюнча жеке менчик турак үйлөрдү курууга, фундамент, каркас (тирөөч дубалдарды), чатыр курууну кошо каржылоого, коммерциялык банктардын проценттик ставкаларын төлөөгө мамлекеттик субсидияларды берүү жолу менен мамлекеттик ипотекалык сертификаттардын төлөнүшүн камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги N 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Жарандык коргонуу боюнча Аймактык комиссиялар:

- табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине макулдашууга берсин;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү токтотсун.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

3-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекитилген тизмелерди 2017-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти:

- табигый кырсыктан жабыркаган, жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кирген бардык үй-бүлөлөрдү мамлекеттик субсидиялар менен камсыз кылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык берилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы № 182 токтому менен бекитилген 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоочу узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалардын насыялык-күрөөлүк документтери боюнча талаптардын укуктарына макул болуу тууралуу макулдашуу түзсүн;

- насыялык-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын жана жогоруда аталган макулдашууну түзгөндөн кийин береселерге кредитордун жана алыш-бериш эсептин алмашкандыгы жөнүндө билдирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

3-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду берилген насыялык-күрөөлүк документтердин негизинде бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды белгиленген тартипте төлөтүүнү камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министри

 

А.Атамбаев