Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-сентябрындагы № 401
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-июлу № 282 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 91 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III токтому менен бекитилген 2006-2007-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-мартындагы № 84
токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин2007-жылдын 16-майындагы № 249
Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жыл-дарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде, респуб-ликалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №91 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III
токтому менен бекитилген2006-2007-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчик-тештирүү программасына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - "2006-2007-жылдарда объектилерди менчиктештирүүнүн мүмкүнчүлүгүбоюнча аларды чектөө" деген 3-бөлүмүнүн 3.1.21-пункту алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бекитүүчү концепция ырга,программаларга же жекече долбоорлорго ылайык менчиктештирүү ишке ашыры-луучу объектилердин тизмеси" деген № 1 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагыпозиция менен толукталсын: "16 (*) "Кыргызалтын" АКы". 2. Аталган Программага сунушталган өзгөртүүнү жана толуктоону бе-китүү үчүн бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберил-син. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитеттин төрагасы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлүболуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев