Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 7-августу № 311
Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-майындагы № 245, 2010-жылдын 9-мартындагы № 137, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекетти туруктуу экономикалык өнүктүрүүнүн заманбап шарттары илимди жана өндүрүштү өнүктүрүүгө негизделген соңку технологияларды пайдаланууну талап кылат.Кыргызстанда нанотехнологиялар жаатындагы изилдөөлөр негизинен өнүктүрүүнүн башталгыч этабында турат. Өнөр жайды жана илим сыйымдуу тармактарды өнүктүрүү үчүн кубаттуу түрткү берүүчү заманбап индустрияны технологиялык өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналган Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат 1. Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн 2. Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) тиркелген Жобосу бекитилсин. 3. Кеңеш үч айлык мөөнөттө 2008 - 2015 - жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүүнүн улуттук программасын,ушул Программаны каржылоо маселесин камтуу менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 137, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы нанотехнологиялар борборунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун Молекулярдык биология институтунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
(он биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
СП ВТ жана СА Россия өнөр жай ишканасынын филиалынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия институнун нанотехнологиялар лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Оптоэлектроника" лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри -Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |