Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 871
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55, 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын экономика министри;";
тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;";
он экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору;";
он төртүнчү абзацтагы "жана жаратылышты пайдалануу" деген сөздөр "жана экология" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын курамында:
- биринчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;";
он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
- "Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;";
- он үчүнчү абзац "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын;
- он төртүнчү абзац "энергетика" деген сөздөн кийин "жана өнөр жай" деген сөздөр менен толукталсын;
- он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;";
- он алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- он жетинчи абзацтагы "Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;";
- жыйырма биринчи абзацтагы "(макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "тышкы саясат" деген сөздөр "эл аралык кызматташтык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомунун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |