Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №137
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №137 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы нанотехнологиялар борборунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун Молекулярдык биология институтунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
СП ВТ жана СА Россия өнөр жай ишканасынын филиалынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия институнун нанотехнологиялар лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Оптоэлектроника" лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |