Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №460,
2009-жылдын 20-апрелиндеги №236, 2009-жылдын 29-июлундагы №483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы (мындан ары -
Кыргызпатент) аткаруу бийлигинин интеллектуалдык менчикти коргоо тарма-
гында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы
болуп саналат.
Кыргызпатент интеллектуалдык менчиктин объектилерин: ойлоп табуу-
ларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди,
тейлөө белгилерин, товарлардын келип чыккан жерлеринин аталыштарын,
фирмалык аталыштарды (мындан ары - өнөр жай менчигинин объектилери);
илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларын (мындан ары - автор-
дук укуктун объектилерин); аткарууларды, фонограммаларды, оюн коюулар-
ды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн (мындан ары
чектеш укуктардын объектилери); селекциялык жетишкендиктерди (өсүмдүк
сорттору жана жаныбарлардын тукумдары), интегралдык микросхемалардын
топологияларын укуктук жактан коргоо, ошондой эле көргөзмөлөрдү уюшту-
руу жолу менен укук ээлерине жана жогорку технологиялык продукцияны иш-
теп чыгуучуларга келечектүү технологиялар менен продукцияларды алдыга
жылдырууга, интеллектуалдык менчиктин объектилерин коммерциялаштырууга,
патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүүгө көмөк
көрсөтүү боюнча аткаруу бийлигинин органынын иш милдеттерин аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №460,
2009-жылдын 20-апрелиндеги №236, 2009-жылдын 29-июлундагы №483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясын, мыйзам тартибинде күчүнө киргизилген Кыргыз Республикасынын
эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана ушул Жобону же-
текчиликке алат.
3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрү менен мамлекеттик жана расмий
тилдериндеги өзүнүн аталышы, банк мекемелеринде утурумдук эсептик жана
башка эсептери бар.
Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллекту-
алдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мураскери болуп эсеп-
телет.
II. Кыргызпатенттин милдеттери
4. Кыргызпатенттин негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын уюшту-
руу жана башкаруу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү интеллектуалдык менчик система-
сынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылаштыруу;
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү
жана анын сакталышын контролдоо;
- интеллектуалдык менчикти коргоону камсыз кылуу боюнча ченемдик
укуктук актыларды даярдоого катышуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды коргоону
камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана патенттик-техни-
калык маалымат тармагында маалымат жана басма ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- интеллектуалдык менчик тармагында адистерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана көркөм-конструк-
тордук чыгармачылыктын, ошондой эле адабият жана искусство тармагындагы
чыгармачылыктын өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо тармагында эл аралык
кызматташтыкты ишке ашыруу;
- көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен интеллектуалдык менчикти ком-
мерциялаштырууга, илимий-изилдөө иштеринин жана иштелмелеринин, эконо-
микалык мааниси бар интеллектуалдык менчиктин жогорку натыйжалуу объек-
тилерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчикти кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн инно-
вация процесстерине көмөк көрсөтүү.
III. Кыргызпатенттин иш милдеттери
5. Кыргызпатент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иш мил-
деттерин жүзөгө ашырат:
- коргоо документтерин берүүгө карата ата мекендик жана чет
өлкөлүк өтүнмөлөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү, өнөр жай менчиги-
нин, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилеринин мамлекеттик
реестрлерин жүргүзүү, мамлекеттин атынан коргоо документтерин берүү,
аларды күчүндө кармап туруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
- интеллектуалдык менчикти жаратуу, укуктук жактан коргоо, пайда-
лануу жана коммерциялаштыруу, өнүгүү тенденциясын жана динамикасын тал-
доонун натыйжаларын бул тармактагы иштерге өбөлгө түзүү боюнча мамле-
кеттик иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн пайдалануу тармагында системалуу
талдоо жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик жагындагы ченемдик актыларды өркүндөтүү
боюнча иш жүргүзүү, бул багытта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кол-
донуу практикасын талдоо жана жалпылаштыруу жана өз компетенциясынын
чегинде анын жоболорун түшүндүрүү;
- коргоо документтерин берүүгө карата өтүнмөлөр боюнча мамлекеттик
экспертизанын жыйынтыктары боюнча арыздарды жана даттанууларды, ошондой
эле Кыргызпатенттин компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча
жеке жана юридикалык жактардын башка да кайрылууларын кароо;
- мамлекеттик патент фондун ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп
табуулардын сүрөттөмөлөрү менен, интеллектуалдык менчиктин башка объек-
тилери боюнча документация жана адабияттар менен толуктоо;
- маалыматтардын автоматташтырылган банктарынын бирдиктүү система-
сын түзүү жана аларды пайдалануу максатында интеллектуалдык менчик объ-
ектилери боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк документацияны иштеп чы-
гуу;
- интеллектуалдык менчиктин ата мекендик жана чет өлкөлүк объекти-
лери боюнча расмий бюллетендери, журналдарды, маалымат материалдарын,
ошондой эле өз компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча башка
адабияттарды басып чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу интеллектуалдык мен-
чик объектилерине карата лицензиялык жана автордук келишимдерди каттоо;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы адистерди даярдоону жана
алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, күбөлүктөрдү, сертифи-
каттарды жана ырастамаларды берүү, окуу пландарын, программаларды,
усулдук окуу куралдарын иштеп чыгуу;
- патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүү
жана Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестрин
жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүү ма-
селелери боюнча илимий-изилдөөчүлүк жана башка иштерди уюштуруу жана
өткөрүү;
- мамлекеттин атынан чет өлкөлүк патенттөөгө жана патент сатып
алууга көмөк көрсөтүү;
- келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объектилерин жаратуу,
укуктук жактан коргоо жана пайдалануу жаатында кызмат көрсөтүү жана иш
жүргүзүү;
- мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча уюмдардын
үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнү жана алар менен өз ара биргелешип аракет-
тенүүнү камсыз кылуу (автордук жана чектеш укуктар тармагында);
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн
координациялоо;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана
пайдалануу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу,
Кыргыз Республикасын тиешелүү эл аралык уюмдарда ыйгарымдуу өкүлдөө,
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен жана макулдашууларынан
келип чыга турган милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-аракеттерди
жүргүзүү, эл аралык кызматташтык боюнча иш чараларды өткөрүү, бул тар-
макта чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүүнү жана пайдаланууну уюштуруу;
- жеке жана юридикалык жактарга интеллектуалдык менчик кызматтары-
нын адистеринин интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо маселелери
боюнча келишимдик негизде укуктук жана маалымат жагынан кызмат
көрсөтүү;
- Кыргызпатенттин алдында Авторлор кењешинин кењешүүчү органын
түзүү менен авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну
кординациялоо. Авторлор кењеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- Кыргызпатенттин алдында Чектеш укук ээлеринин кењешинин
кењешүүчү органын түзүү жолу менен чектеш укук ээлеринин мүлктүк укук-
тарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо. Чектеш укук ээлери-
нин кењеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- Кыргызпатенттин алдында Ойлоп табуучулардын кењешинин кењешме
органын түзүү жолу менен ойлоп табуучулардын ишмердүүлүгүн координация-
лоо. Ойлоп табуучулардын кењеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине
алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жагынан көмөк көрсөтүү;
- авторлордун жана чектеш укук ээлеринин, чыгармаларды, автордук
жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулардын эсебин алууну
ишке ашыруу;
- чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн автордук жана чектеш укук ээ-
лерине акыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйноо,
бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- улуттук авторлордун жана чектеш укук ээлеринин чыгармалары чет
өлкөдө жана чет өлкөлүк авторлор менен чектеш укук ээлеринин чыгармала-
ры Кыргыз Республикасында пайдаланылгандыгы үчүн авторлор менен чектеш
укук ээлеринин мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар ме-
нен кызыкчылыктарды өз ара өкүлдөө тууралуу макулдашууларга ылайык акы
жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- автордук укуктун коомдук кенчке өчкөн объектилерин пайдаланган-
дыгы үчүн түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган
автордук акынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген
башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчиктин мамле-
кеттик фондусунун каражаттарын жыйноо жана бөлүштүрүү;
- интеллектуалдык менчик жаатында кылмыш бузуулардын алдын алуу
маселелери боюнча окутууну жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилери камтылган продукцияларга жана
товарларга изилдөө жана экспертиза жүргүзүү;
- патенттик-техникалык маалымат тармагында мамлекеттик саясатты
калыптандырууну жана өнүктүрүүнү координациялоо;
- патенттик-техникалык продукцияны чакан жана орто бизнестин субъ-
ектилеринин пайдалануусуна көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар
уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдагыч жана аналитикалык
маалыматтар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык өз компе-
тенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жана патенттик-техникалык
маалыматты алмашууну уюштуруу жана координациялоо;
- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын баалоо жана
өнүгүү багытын болжолдоо, аны өркүндөтүү жана өнүктүрүү, улуттук жана
мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана рационалдуу пайда-
лануу боюнча изилдөөлөрдү өткөрүү;
- маалыматтык отчетторду чыгаруу жана Кыргыз Республикасындагы па-
тенттик-техникалык жетишкендиктер жөнүндө маалымат таратуу;
- көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен патенттелген илимий-техникалык
иштелмелердин инновациялык потенциалын жүзөгө ашурууну колдоого жана
ата мекендик технологиялардын инновациялык долбоорлорун эл аралык ры-
нокко чыгарууга көмөк көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №460,
2009-жылдын 20-апрелиндеги №236, 2009-жылдын 29-июлундагы №483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Кыргызпатенттин укуктары
6. Кыргызпатент төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө интеллектуалдык менчик система-
сын түзүү, укуктук коргоо жана иштетүү маселелери боюнча сунуштарды
киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында интеллектуалдык менчикти
коргоо тармагында мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу макса-
тында бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, уюмдар, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерин
пайдалануучулар аткарууга милдеттүү болгон нускамаларды чыгарууга жана
түшүндүрмөлөрдү белгиленген тартипте берүүгө;
- белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык ке-
лишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын че-
гинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча көрсөтүлгөн келишим-
дерге кол коюуга;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоого бай-
ланышкан маселелерди чечүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди
тартууга;
- интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча или-
мий-изилдөө, көргөзмө, конкурстук жана башка иштерди уюштурууга жана
жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында маалы-
маттар базаларын түзүү жолу менен маалымат ресурстарын калыптандырууга;
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланыштуу доку-
менттердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
- автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдаланууга ыйга-
рым укуктуулугун ырастоочу документтердин болушун автордук жана чектеш
укуктарды пайдалануучулардан талап кылууга;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук акыны
алууга жана төлөп берүүгө карата бухгалтердик документтердин жана ав-
торлорго же бөлөк уюмдарга төлөөнүн жүзөгө ашырылышынын мыйзамдуулугун
ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө берүүсүн талап кылууга, бул та-
лап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара
көрүүгө;
- бардык автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу-
чулардан Кыргызпатентте катталган тиешелүү лицензиялык келишимдин болу-
шун, ошондой эле пайдаланылып жаткан чыгармалардын тизмесинин ай сайын
берилип турушун талап кылууга, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- концерттик жана театрдык оюн-зоок аянттардын ээлерин чыгармачыл
жамааттар жана концерттерди уюштуруучулар менен аларда Кыргызпатентте
катталган лицензиялык келишимдер болгон учурда гана келишим (контракт)
түзүүгө милдеттендирүүгө, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын пайдалануучуларын автордук жана
чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн өз убагында автор-
дук акы чегерүүгө милдеттендирүүгө, бул талап аткарылбаган учурда Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын пайдалануучусу автордук акынын
суммасын төлөп берүүдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык чара көрүүгө;
- штаттан тышкары эксперттерди күтүүгө, алардын санын, ыйгарым
укуктарын аныктоого. Алардын эмгек акысын төлөп берүүнүн тартиби Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана уюмдардын патенттик кызматтары аркылуу ойлоп табу-
учулук жана патент-лицензия иштери боюнча зарыл болгон маалыматтарды,
ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статис-
тикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте алып турууга;
- илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукциясынын, ошон-
дой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер
менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин белгиленген тартипте
аныктоого, анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен аныктоого, аталган про-
дукциялар, иштер менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик бааларды жа-
на тарифтерди киргизүү жөнүндө сунуш даярдоого;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы иштерди аткаруу жана кызмат
көрсөтүү үчүн Кыргызпатенттин алдында белгиленген тартипте уюмдар менен
топторду түзүүгө;
- ведомствого караштуу мекемелердин бюджеттен тышкаркы каражаттар-
ды натыйжалуу пайдаланышын контролдоону ишке ашырууга;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, усулдук жана окуу материалдарын
басып чыгарууга жана сатууга;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо жана коммерциялашты-
рууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча
көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү жана
башка иш-чараларды, анын ичинде алардын эл аралык түрлөрүн уюштурууга;
- Кыргызпатент системасынын кызматкерлери үчүн дене тарбиялык ден
соолукту чыњдоочу жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө.
V. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
7. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин суну-
шу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу жана бошотуучу
директор жетектейт.
8. Кыргызпатентте статс-катчынын жана директордун орун басарынын
кызмат орундары караштырылган.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана дирек-
тордун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-
нан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдети жа-
на ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш тарабынан бекитил-
ген статс-катчы жөнүндө жобо менен белгиленет.
Директордун орунбасары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат. түздөн-түз
директорго баш ийет жана Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн өздөрүнө жүктөл-
гөн милдеттеринин чегинде уюштурат.
9. Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын штаттык кызмат орундары
жана структурасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бе-
китилет.
10. Кыргызпатенттин директору:
- Кыргызпатенттин системасынын ишин уюштурат жана жалпы жетекчи-
ликти ишке ашырат, Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин аныктайт;
- Кыргызпатенттин директорунун орунбасарларынын ортосундагы мил-
деттерди бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет:
- Кыргызпатент жөнүндө жобонун долбоорун;
- Кыргызпатенттин кызматкерлеринин жогорку штаттык саны жөнүндө
сунуштарды;
- Кыргызпатенттин директорунун орунбасарларынын талапкерлери боюн-
ча сунуштарды;
- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин кызматтарына кызматкерлерди
дайындайт жана кызматтан бошотот;
- буйруктарды чыгарат, структуралык бөлүктөрдө жана ага караштуу
мекемелерде аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргызпатенттин атынан
чыгат;
- кредиттерди, анын ичинде валюталык каражаттарды тескейт;
- өзүнүн жеке транспортун кызматтык максатта пайдаланышкан кызмат-
керлерге белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө
чечим кабыл алат;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин мамлекеттик кыз-
маткерлерине класстык чиндерди ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык кели-
шимдерге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегин колдоо туура-
луу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды ишке ашырат.
11. Интеллектуалдык менчик тармагындагы мамилелердин иштешинин жа-
на өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин кароо үчүн Кыргызпатентте курамы 9
кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызматы боюнча
директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана директордун орунбаса-
ры киришет. Кыргызпатенттин директору Кыргызпатенттин коллегиясынын иш-
мердүүлүгүн уюштурат жана жетектейт.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өкүлү, Кыргыз-
патенттин жана ага караштуу ведомстволук уюмдардын жетекчи кызматкерле-
ри мүчө боло алышат, алар Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Кыргызпатенттин коллегиясы:
- Кыргызпатенттин ишмердигинин негизги маселелерин, кабыл алынган
чечимдердин, токтомдордун, буйруктардын жана Кыргызпатенттин башка че-
немдик актыларынын аткарылышынын натыйжаларын карайт;
- өз компетенциясынын чегинде жоболорду, усулдук, укуктук иштелме-
лерди жана Кыргызпатенттин башка ченемдик документтерин бекитет жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана бекитүүсүнө берет.
Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк до-
бушу менен кабыл алынат жана Кыргызпатенттин коллегиясынын токтому ме-
нен ишке ашырылат. Добуштар тењ бөлүнгөн учурда төрага добуш берген че-
чим кабыл алынат.
Бул чечим менен макул болбогон коллегия мүчөлөрү өз пикирин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө билдире алышат.
12. Өнөр жайлык менчиктин жана селекциялык жетишкендиктердин объ-
ектилерине укуктук коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн
өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кењеш
түзүлет, ал аталган объектилер боюнча келип чыгуучу талаштарды өзүнүн
компетенциясына ылайык кароо боюнча баштапкы милдеттүү орган болот.
13. Күнүмдүк өндүрүштүк маселелерди оперативдүү чечүү жана струк-
туралык бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Кыргызпатенттин
алдында Илимий-техникалык кењеш (ИТК) түзүлөт, анын персоналдык курамын
Кыргызпатенттин директору бекитет. ИТК анын туруктуу жана убактылуу жу-
мушчу топтору тарабынан даярдалган маселелерди карайт.
14. Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин каттагандыгы
жана аларга коргоо бергендиги үчүн, анын ичинде Белгилерди эл аралык
каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө
Мадрид макулдашуусуна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, өнөр
жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу боюнча,
интеллектуалдык менчик тармагындагы дагы башка эл аралык келишимдер бо-
юнча түшкөн каражаттардын, экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридика-
лык маанилүү аракеттер үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына каршы келбеген, башка жактан келип түшкөн каражаттардын эсебинен
каржыланат.
15. Кыргызпатент белгиленген тартипте тиешелүү органдарга статис-
тикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча маалыматтарды даяр-
доону жана берип турууну камсыз кылат.