Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 токтому менен бекитилген |
Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин Кыргыз Республикасынын аскердик-техникалык кызматташтык объектери ишке ашырат, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча Комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен тышкы соода иштерине уруксат берилген ишкана (уюм);
- ушул токтом менен белгиленген тартипте ушундай иш жүргүзүүгө укук берилген аскердик багыттагы продукция иштеп чыгуучу уюмдар жана өндүрүүчү ишканалар (мындан ары - уюмдар).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоону, импорттоону лицензиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аскердик багыттагы продукцияларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тышкы соода ишин жүргүзүү укугун уюмдарга берүү жөнүндө маселени кароого даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине ошол уюм бул Жобого № 2 тиркемеге ылайык арыз жана № 3 тиркемеге ылайык тизме боюнча башка документтерди берет.
Мамлекеттик аткаруу бийлик органдары тарабынан берилүүчү эксперттик корутундуга Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгынын (мындан ары - аскердик техникалык кызматташтык) маселелери менен иш жүргүзүүчү ошол мамлекеттик органдардын жетекчилери же алардын орун басарлары кол коюшат.
Аскердик багыттагы продукцияга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө негиз Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оң чечими болуп саналат.
Аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуучу уюм же өндүрүүчү ишкана (мындан ары - уюм) анда төмөнкүлөрдүн бар экендиги тууралуу маалымат берет:
- уюштуруу жана каттоо документтери;
- аскердик багыттагы экспорттолуучу продукцияны контрол жүргүзүү жана техникалык жактан тейлөө үчүн (оңдоо, модернизациялоо, запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу) мүмкүнчүлүк;
- чет өлкөлүк делегациялар Кыргыз Республикасында болгон учурда алар менен иштөөдө, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү уюмдардын өкүлдөрү менен иштөөдө түзүлгөн маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашылган иш-чаралардын планы;
- Кыргыз Республикасына укук таандык болгон аскердик багыттагы илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык жыйынтыктарды чет өлкөлөргө берүүдө мамлекеттик таламдарды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен макулдашылган иш-чаралардын планы.
Уюм ошондой эле макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине курал-жарактын жана аскердик техниканын үлгүлөрүнүн тактикалык-техникалык мүнөздөмөсүнүн жана алардын экспорттук комплектисинин тизмесин, ошондой эле курал-жарак жана аскердик техникалардын үлгүлөрүн түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштердин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чет өлкөлүк заказчыларга билдирилүүчү негизги параметрлерин берет.
Өндүрүштүк иштеринин маселелери боюнча уюм тарабынан берилүүчү маалымат Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бул уюмдун алдында аккредиттелген аскердик өкүлчүлүгү менен макулдашылууга тийиш.
Мамлекеттик жашыруун сырга кирген маалыматтарды камтыган документтер менен маалыматтарды берүү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Уюмдар тарабынан берилүүчү документтер менен маалыматтардын тууралыгына, ошондой эле зарыл учурларда аларды тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен макулдашууга жоопкерчиликти уюмдун жетекчиси тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги уюмдар тарабынан берилген документтерди ушул Жобонун 3-пунктунун негизинде каттайт жана бир айлык мөөнөттө бул документтерди толтуруунун жана анда камтылган маалыматтардын тууралыгын текшерип, андан соң Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын андан аркы кароосуна үчүн зарыл негиздемеси менен тийиштүү чечимдин долбоорун жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кароонун жыйынтыгы боюнча Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия уюмга аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүүгө укук берет же мындай укук берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
Баш тарткан учурда Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүүгө укук берүүдөн баш тартуунун себептерин билдирет.
Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын тийиштүү чечиминин долбоорун даярдоо аскердик-техникалык кызматташтыктын максаттарын жана принциптерин уюмдун ишке ашыруу мүмкүндүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле ал тарабынан берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талаптар камтылган маалыматтын негизинде ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүүгө укук берилген уюм аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүүгө укук берилген Кыргыз Республикасынын уюмдарынын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет.
Реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлөт.
Реестрге киргизилген уюмга Кыргыз Республикасынын коргоо министринин аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин тейлеген орун басары кол койгон жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү күбөлүк берилет.
Күбөлүктүн формасы, ошондой эле реестрди жүргүзүүнүн формасы менен тартиби Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия тарабынан бекитилет.
Көрсөтүлгөн күбөлүктү башка юридикалык жактарга жана жеке адамдарга берүүгө тыюу салынат.
Уюм өзгөртүлүп кайра түзүлгөндө же аталышы өзгөргөндө ушул пунктта көрсөтүлгөн күбөлүктү сөзсүз кайра толтуруу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Уюмду реестрге киргизүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө укук берилген уюм Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
- аскердик багыттагы продукцияны берүүгө уруксат кылынган мамлекеттерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, чет өлкөлүк заказчылар менен сүйлөшүүлөргө чыгууга, аскердик багыттагы продукцияны экспорттоо үчүн сунуш кылынгандардын болжолдуу баасын билдирүүгө;
- рекламалык жана маркетингдик ишти жүргүзүүгө, аскердик багыттагы продукциялардын көргөзмөсүнө катышууга, экспортко берүүгө уруксат кылынган курал-жарактар менен аскер техникаларынын үлгүлөрүнүн тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жана түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин негизги параметрлери менен алдын ала Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде макулдашылган көлмөдө чет өлкөлүк заказчыларды сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тааныштырууга;
- өз компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте чет өлкөлүк заказчылар менен контракттарга кол коюуга, чет өлкөлөрдө иштөө үчүн кыргыз тараптан адистерди жиберүүгө;
- түзүлгөн контракттарга ылайык аскердик багыттагы продукцияларга белгиленген тартипте тышкы соода операциясын жүргүзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Уюмдар аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- экспорттук, салыктык, бажылык контроль боюнча тышкы экономикалык иш-аракет тармагында, ошондой эле мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо жана жашырындуулуктун режимин камсыз кылуу тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын нормативдик-укуктук актыларын сактоо;
- ядролук, химиялык, массалык жок кылуучу куралдардын башка түрлөрүн жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу чектеринде аны жеткирүү каражаттарын таркатпоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин бузууга жол бербөөгө;
- чет мамлекеттердин мыйзамдарын бузууга, ошондой эле Кыргыз Республикасына саясий, аскердик же экономикалык зыян алып келиши мүмкүн болгон иш аракеттерге жол бербөөгө;
- мамлекеттик коргонуу заказын түзүүгө жана аткарууга зыян келтирүүчү аскердик багыттагы продукцияларды экспортко берүүгө жол бербөөгө;
- аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуучулар жана өндүрүүчлөр менен келишимдерде каралган эсептөөлөрдүн мөөнөттөрүн жана милдеттенмелерин бузууга жол бербөөгө;
- Кыргыз Республикасынын элчиликтери менен чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү болуп саналбаган мамлекеттерде өз ишин координациялоого;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен макулдашылган, Кыргыз Республикасына аскердик багыттагы илимий изилдөө тажрыйба-конструктор жана технологиялык иштердин натыйжаларын чет өлкөлүк заказчыларга берүү таандык болгон жерлерде мамлекеттик таламдарды укуктук жактан камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын пландарын аткарууга;
- тышкы рынокто ак ниеттүү эмес кызматташтыкка башка аскердик техникалык субъекттерге карата жол бербөөгө;
- Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксатысыз Кыргыз тараптын өндүрүшүндөгү аскердик багыттагы продукциялардын реэкспорттоого же үчүнчү бир өлкөгө берүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө. Мындай фактылар аныкталса токтоосуз ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине маалымат берүүгө;
- бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен анын жетекчилигиндеги кадрдык өзгөрүүлөр уюштуруучулардын курамынын, уюмдун юридикалык статусунун өзгөрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине маалымат берүү;
- кандайдыр бир коммерциялык макулдашуулар түрүндө карым-катыштардын ишке ашырылышына карабастан аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү, экспортко чыгаруу маселелери боюнча чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар менен санкцияланбаган карым-катнаштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине токтоосуз билдирүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Тышкы соода иштерин жүргүзүүдө ушул токтомго ылайык уруксат берилген ишканалар (уюмдар) тарабынан жүргүзүлүүчү ортомчулук иштерди кошпогондо, аскердик багыттагы продукцияларга карата Кыргыз тараптын ар кандай формадагы юридикалык жактарына жана жеке адамдарына ортомчулук иштерине жал берилбейт.
11. Ушул жободо белгиленген талаптагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгы жөнүндө Жободо баяндалган талаптарды уюмдар бузган учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссияга аскердик багыттагы продукцияларга карата ал уюмдун тышкы соода иштерин жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө сунуш жиберет.
Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүү укугунан уюмду ажыратуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сунушу боюнча Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жетиштүү негиздер болгондо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине алардын карамагында турган, ушул Жобонун 9-пунктунда баяндалган талаптарды уюмдардын бузгандыгы тууралуу тастыкталган документалдык маалыматтарды жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүү укугунан уюмду ажыраткандыгы жөнүндө Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүү укугуна лицензияны чакырып алат;
- аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүү укугунан ажыраган уюмдарга жана башка тиешелүү Кыргыз тараптын жана чет өлкөлүк уюмдарга кабыл алынган чечим тууралуу бир жумалык мөөнөттө кабарлоого;
- тышкы соода иштерин жүргүзүү укугунан уюмду ажыраткандыгы тууралуу чечим кабыл алуу үчүн негиз болуучу сунуш киргизилгендерге карата тышкы соода операцияларын жүргүзүүгө ал уюмдун иш аракетин токтотууга чара көрүүгө;
- уюмду реестрден чыгарууга жана бул тууралуу ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына билдирүүгө.
Тышкы соода операцияларын жүргүзүүгө ушул пунктта каралган тартипте тыюу салынганда анын чыгымдары менен жоготуулары компенсацияланбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүү укугун уюмдарга берүүнүн мөөнөтүн узартууга же мындай укук алган уюмдарга карата продукциянын номенклатурасын өзгөртүүгө байланыштуу маселелер ушул Жободо белгиленген тартипте, уюмдардын тиешелүү арызынын негизинде каралат.
15. (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүдөн ________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы)
АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аскердик багыттагы продукциянын категориясына карата
N______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(аскердик багыттагы продукциянын категориясы)
_______________________________________________________________________
(иш аракеттин түрүнүн так жана толук аталышы көрсөтүлдү)
___________________________ менен иш жүргүзүүгө лицензия берүүнү сурайт. Лицензия суроо үчүн негиз
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(АТК боюнча комиссиянын же Киргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими)
____жылдын "____" _____________ N _______.
Лицензиянын колдонулушунун суралган мөөнөтү ____________________________
Ишкана жөнүндө билдирилүүчү маалымат:
1. Арыз берүүчү уюмдун юридикалык дареги:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(республика, шаар, район, калктуу конуш, көчөсү, үй,
_______________________________________________________________________
телефон, факс, Е-mail, уюм)
2. Уюштуруу-укуктук формасы_______________________________________
3. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ___________
_______________________________________________________________________
(серия, номер) (берилген күнү)
4. Тизме боюнча тиркеме__________________барак.
___ жылдын "__" ___________ _______________________ (койгон колу)
Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүүнүн тартиби жөнүндө _______ жылдын "___" ___________ № ___ Жобо менен тааныштым.
___ жылдын "__" ___________ _______________________ (койгон колу)
№ 3 тиркеме
Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө укук берүү жөнүндө маселени кароого даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине Кыргыз Республикасынын уюмдары тарабынан берилүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына (мындан ары - уюмдар) укук берүү жөнүндө арыз (белгиленген формада).
2. Менчиктин жана чарба жүргүзүүнүн бардык түрүндөгү ишканалар менен уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине уюмду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан берилген статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү.
3. Аскердик-техникалык кызматташууну ишке ашырууда уюм тарабынан колдонула турган сомдук жана валюталык эсептердин бар экендиги жөнүндө уюмду тейлөөчү банк тарабынан берилген справка.
4. Чет өлкөлүк банктарда ал уюмдун эсептеринин, анын ичинде аскердик-техникалык кызматташтыкты ишке ашырууда ошол уюм пайдалана турган эсептеринин болушу тууралуу справка.
5. Мурдагы жылдарга жана документтерди берер алдындагы акыркы отчеттук датага уюмдун жылдык бухгалтердик отчеттуулугунун көчүрмөсү.
6. Уюм тарабынан берилген бухгалтердик отчеттуулуктун тууралыгын ырастоочу аудитордук корутундулардын көчүрмөсү, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулук сөзсүз түрдө аудит жүргүзүүгө тийиш болсо.
7. Уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү.
8. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген күбөлүктүн көчүрмөсү.
9. Уюмдун жетекчилери жөнүндө маалымат.
10. Аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү же куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дарыларды утилге чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уюмга мурда берилген лицензиянын көчүрмөсү.
11. Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүү үчүн уюмга берилген уруксаттын көчүрмөсү.
12. Уюмду Кыргыз Республикасынын салык органдарында учетко коюу картасынын көчүрмөсү.
13. Уюмдун бардык деңгээлдеги бюджетке карызынын жоктугу же карызы болсо мындай карызды декларациялоо жана кем төлөгөн уюмдун банктык репликтерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Салык кызматы департаменти тарабынан берилген справка.
14. Чет өлкөлүк заказчыларга жыйынтыктарды берүүдө укук Кыргыз Республикасына тиешелүү болгон илимий изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштердин натыйжаларын пайдалануу маселелерин макулдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген справка.
15. Уюмдун өндүрүштүк ишинин предмети болуп саналган, анын экспорттук комплектисинин бар экендиги жөнүндө, ошондой эле экспортко берүүлөр үчүн сунуш кылынган куралдардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрүн түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштердин негизги параметрлери жөнүндө маалыматты камтыган, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашылган тизмеси.
16. Социалдык чегерүүлөр боюнча карызынын жок экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун справкасы.
17. Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн арыз берген уюмга укук берүү мүмкүндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин оң корутундусу.