Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-октябры №639
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ишкердик субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
- Эпидемиологиялык жогорку тобокелдик объекттеринин тизмеси.";
аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3.2.1-пункттун үчүнчү абзацы "ишкердик субъектти" деген сөздөн мурда "Эпидемиологиялык жогорку тобокелдик объекттеринин тизмесине киргизилген объекттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптары бузулганда иши же өндүргөн продукциясы калк арасында тамак-аш ууланууларынын жана инфекциялык оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн болгон объекттер эпидемиологиялык маанилүү объекттер болуп эсептелет.";
- 8-глава "Текшерүүлөрдүн планын макулдашуу тартиби" төмөнкүдөй мазмундагы 8.8.2-пункт менен толукталсын:
"8.8.2. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо менен байланышкан шашылыш учурларда (инфекциялык оорулардын жана инфекциялык эмес жалпы оорулардын (уулануулардын) коркунучунда же алар пайда болгондо жана жайылганда, техногендик мүнөздөгү аварияларда) текшерүүлөр ЫУМО менен макулдашуусуз эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- (12-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 639 токтомуна тиркеме |
Эпидемиологиялык жогорку тобокелдик объекттеринин ТИЗМЕСИ
1. Ведомстволорго караштуу суу түтүктөрү.
2. Чач тарачтар, сулуулук салондору.
3. Стерилдүү дары-дармек формаларын даярдаган дарыканалар.
4. Парентералдык кийлигишүү менен кызмат көрсөтүүчү жеке медицина практикасынын объекттери.
5. Балдар жана өспүрүмдөр мекемелериндеги тамактануу объекттери.
6. Балдардын ден соолугун чыңдоочу сезондук мекемелер.
7. Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар.
8. Этти кайра иштетүүчү ишканалар.
9. Балыкты кайра иштетүүчү ишканалар.
10. Крем-кондитер азыктарын чыгаруучу ишканалар.
11. Коомдук тамактануу ишканалары.
12. Азык-түлүк базарлары.
13. Алкоголсуз ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар.
14. Балдар тамак-аш азыктарын чыгаруучу ишканалар.
15. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сактоо үчүн кампа жайлары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |