Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-октябры № 232
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө токтому
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329, 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы «Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелеринде:
- аталышындагы «Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясында» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу подразделениеси (мындан ары - ыйгарым укуктуу подразделение) каттоо-экзамен алуу бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) каттоо бөлүмдөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын» жана «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Мамлекеттик техникалык инспекциясынын» деген сөздөр «Департаменттин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгер транспорт каражаттын менчик ээси аны сатуу-сатып алуу келишими боюнча, каттоо бөлүмдөрүндө баштапкы каттатуусуз өзү сатса, ошондой эле эгер ал бүтүм «ажыратууга укугу бар» ишеним каттын негизинде ишке ашырууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан жасалса, анда мындай учурда мамлекеттик каттоо Департаменттин жетекчилигинин уруксаты менен гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мында каттоо сатып алуучу аны каттатуу үчүн бардык белгиленген жыйымдарды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.»;
жетинчи абзацындагы «каттоо-экзамен алуу» деген сөздөр «каттоо» деген сөзгө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениесинин алдындагы Чарбалык эсептеги компьютердик борбордун» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Адистештирилген информациялык кызмат көрсөтүүлөр борборунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу подразделениесинде» деген сөздөр «Департаментте» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
төртүнчү абзацындагы «МАИнин» деген сөз «Департаменттин» деген сөзгө алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениесин» деген сөздөр «Департамент» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пунктунун онунчу жана он бешинчи абзацтарындагы жана 15-пунктунун д) пунктчасындагы «МАИде» деген кыскартылган сөз тийиштүү жөндөмөдөгү «Департамент» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 17, 18-пункттарында жана 25-пунктунун экинчи абзацында «ички иштер органдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу ведомстволук подразделениесинде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, Юстиция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги юридикалык жактарга жана жарандарга саткан, мурда каттоо бөлүмдөрүндө катталбаган транспорт каражаттарын каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:»;
- 21-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 47, 57-пункттарындагы «Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин» деген сөздөр «Маммүлк министрлигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктунун в) пунктчасында:
бешинчи жана он биринчи абзацтарындагы «ыйгарым укуктуу подразделениенин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы, он экинчи жана он үчүнчү абзацтарындагы «МАИнин каттоо пунктунун» деген сөздөр «каттоо бөлүмүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пунктунда:
биринчи абзацындагы «МАИнин» деген сөз «Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы «МАИнин каттоо пункту» деген сөздөр «каттоо бөлүмүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пунктундагы жана 44-пунктунун экинчи абзацындагы «МАИ» деген кыскартылган сөз тийиштүү жөндөмөдөгү «Департамент» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 38-пунктундагы «ички иштер органы» жана «МАИнин каттоо пункту» деген сөздөр тиешесине жараша «Департамент» жана «каттоо подразделениеси» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы «каттоо-экзамен алуу» деген сөздөр «каттоо» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 42-пунктунун биринчи абзацындагы «МАИ органдарында» деген сөздөр «каттоо подразделениелеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 43-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Күбөлүктү жана мамлекеттик номер белгини алмаштырбастан кайра каттоо Департаменттин жетекчилигинин же Департаменттин каттоо-экзамен алуу ишин контролдоо бөлүмүнүн начальнигинин жазуу жүзүндө уруксатына жараша ишке ашырылат.»;
- 45-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Транспорт каражатынын баасын Департамент аныктайт. Рыноктогу орточо бааларга жараша тарифтик торчо түзүлөт жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.»;
- 51-пункттун экинчи абзацындагы, 55, 65 жана 71-пункттарындагы «МАИнин каттоо органдары», «МАИнин каттоо пунктунун» деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «каттоо подразделениелери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 54-пунктундагы «МАИнин» жана «МАИ органынын» деген сөздөр «каттоо подразделениесинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 56-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениесинин» деген сөздөр «Департаменттин» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 63-пунктунда:
биринчи, үчүнчү абзацтарындагы «областтардан жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармаларынын МАИ» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениесинин начальнигинин» деген сөздөр «Департаменттин директорунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 64-пунктундагы «Ички иштер органдары» деген сөздөр «каттоо подразделениелери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 67-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бир нускасы каттоо подразделениесинин картотекасында сакталат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармасына жиберилет.»;
- 69-пунктунда:
биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениесинин» деген сөздөр «Департаменттин» деген сөзгө алмаштырылсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Мамлекеттик номер белгилерди кабыл алган кызматкер аларды тапшырылган мамлекеттик номер белгилерди каттоочу атайын журналга ошол эле күнү өзү каттайт.
Эсептен чыгарылган жана бракка чыгарылган автомототранспорт каражаттардын мамлекеттик номер белгилери милдеттүү түрдө акты түзүү менен белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын символикасын пластинадан кесип салуу жолу менен, мамлекеттик номер белги тапшырылган күнү жок кылынат.
Мурда жок кылынган мамлекеттик номер белгилерди кайрадан жасоого Департаменттин уруксаты менен гана жол берилет.»;
- 72-пунктунун биринчи абзацындагы «Каттоо-экзамен алуу бөлүмдөрүндө (РЭО)» деген сөздөр «каттоо подразделениелеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 73 жана 75-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «РЭО бөлүмү» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы «каттоо подразделениеси» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 78-пунктунун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ыйгарым укуктуу подразделениеси» деген сөздөр «Департамент» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |