ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 22-январы № 19

Жерлерди бир категориядан башкасына

которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун

(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312, 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) компетенциясына кирген тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жобонун талаптарын катуу карманышсын.

3.( КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов