Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-апрели № 186 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги №135 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин соци-алдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай пособие берилсин: - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуумезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-рында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйлан-ган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси мененсыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жанаалардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка маж-бурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000 сомөлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердинүй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарманэмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендерижана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуштун жылда-рында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук мененмобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сомөлчөмдө. 2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринекошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартиби бекитил-син. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-рлиги: - кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү пенсия берүүчү ве-домствого карабастан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардынжашаган жери боюнча райондук социалдык жактан коргоо органдары аркылуужүргүзсүн; - 2008-жылдын 1-августуна карата Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча кошумча бир жол-ку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө отчет берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдору күчүн жо-готту деп табылсын. - 2000-жылдын 14-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2000-жылдын 9-февралындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чарала-ры жөнүндө" Указын жүзөгө ашыруу жөнүндө"; - 2000-жылдын 3-апрелиндеги № 179 "Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин 2000-жылдын 9-февралындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чара-лары жөнүндө" Указын жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"; - 2004-жылдын 31-майындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Президен-тинин 2004-жылдын 5-майындагы № 156 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Ме-кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча ча-ралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу"; - 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2005-жылдын 2-мартындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекен-дик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чара-лар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу"; - 2007-жылдын 4-майындагы №149 "Кыргыз Республикасынын Президентинин2007-жылдын 2-майындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш-тун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чараларжөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу". 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов