Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-ноябры № 594

Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:

- 1-пункту "жеке жактарды мамлекеттик каттоочу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо;";

- 7-пунктунда:

а) элүү үчүнчү абзацы "фискалдык" деген сөздөн кийин "жана лицензиялык" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи - алтымыш бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт;

- этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялайт, алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбакер субъекттерди текшерет;

- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттогон, өндүргөн, сактаган жана жеткирген юридикалык жактар тарабынан этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча ченемдердин сакталышын контролдойт;

- этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 21-пункту "кыйыр салыктарды башкаруу" деген сөздөрдөн кийин ", этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо" деген сөздөр менен толукталсын.

7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 100 (3064) жарыяланды

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү мамлекеттик органдарды тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев