Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 457 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 182, 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы N 86, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна жана "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтомуна ылайык иштелип чыккан.
1.2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) атайын каражаттары болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүп берилген каражаттардан тышкары, шайкештикти баалоо боюнча органдарды (ШБО) аккредитациялоо боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн, алардын ишмердигине инспекциялык контроль жүргүзүүдөн жана башка өндүрүштүк-чарбалык ишмердиктен, ошондой эле эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн мекемелеринин жана жеке инвесторлордун гранттары, спонсордук жардам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган каражаттар болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы N 86, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.3. ШБОну аккредитациялоо жана инспекциялык контролду жүргүзүү иштерине жана башка ишмердиктин түрлөрүнө баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КАБ тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы N 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. КАБ тарабынан жүргүзүлгөн иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө түзүлгөн келишимдин жана Прейскурантка ылайык башка документтердин негизинде жүргүзүлөт.
2. Атайын каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уруксаты боюнча кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык катуу тартипте жүргүзүлөт.
2.1. Кирешелердин жана чыгымдардын сметасы ар бир жылга түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
2.2. КАБ атайын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- 50 пайызга чейин - бекитилген Прейскурантка ылайык аккредитациялоо же инспекциялык контролдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн юридикалык жактарга, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун баалоочуларынын жана техникалык эксперттеринин реестрине киргизилген жеке жактарга акы төлөөгө;
- 20 проценти - республикалык бюджетке которуу үчүн;
- калган каражаттар төмөнкүлөргө багытталат:
Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун улуттук системасынын принциптерин жана саясатын иштеп чыгуу жана аны колдоо максатында Аккредитациялоо боюнча кеңештин, Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин ишмердигин камсыз кылууга;
республикалык бюджеттин каражаттарынан жетишсиз каржыланган статьяларын жабууга (кызмат жайларын оңдоого жана ижаралоого, компьютердик жана башка уюштуруу техникаларын, жабдууларды сатып алуу, техникалык каражаттарды, кызматтык автотранспортту тейлөөгө жана оңдоого, күйүүчү майлоочу материалдарды, запастык тетиктерди сатып алууга, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана башка башкаларга акы төлөөгө);
материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жамааттык келишимге ылайык КАБ кызматкерлерин материалдык колдоого жана шыктандырууга, тартылган баалоочулардын, эксперттердин, техникалык комитеттердин мүчөлөрүнүн кызматтарына акы төлөөгө;
окуу программаларын, кызматтык иш-сапарга чыгууну, стажировкадан өтүүнү камсыздоого, адистердин квалификациясын жогорулатууга, эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүлбөгөн иштерди аткарууга, өкүлчүлүк чыгымдарга;
өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча КАБ ишмердигин камсыз кылууга багытталган башка иш-чараларга.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 182, 2013-жылдын 18-февралындагы N 86, токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.3. Аккредитациялоо борбору акы төлөнүүчү кызмат (иштерди) көрсөтүүдө түшкөн атайын каражаттарды пайдалуунун конкреттүү багыттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Аккредитациялоо борборунун директору тарабынан бекитилет.
2.4. Атайын каражаттар Аккредитациялоо борборунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин региондук казыначылыгындагы атайын эсебине топтолот.
2.5. Атайын каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп КАБдын директору, ал эми ал жокто бюджеттик каражаттарды тескөөгө укуктуу директордун орун басары саналат.
2.6. Аккредитациялоо борборунун башкы бухгалтери каражаттарды түзүлүшүнүн, бөлүштүрүлүшүнүн эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгына КАБдын атайын каражаттары боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттар боюнча каражаттардын максаттуу пайдаланышына контроль жүргүзөт.