Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-декабры № 353
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”, 2021-жылдын 7-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).токтомдун аталышындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктунда:
– экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– үчүнчү абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3).3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:
– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Өкмөтүнүн” деген сөздөр “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 3-пунктунда:
бешинчи абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Президентинин” деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын” деген сөздөр “жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү” деген сөздөр менен, “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи жана тогузунчу абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөтү” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган материалдарды карайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет.”;
– 4-пунктундагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 8-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Комиссиянын курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Комиссияга жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары башчылык кылат.”;
бешинчи абзацы “кабыл алынат,” деген сөздөрдөн кийин “добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү деп эсептелет,” деген сөздөр менен толукталсын;
– 9-пунктундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 4-пунктунун алтынчы абзацындагы “шаарларды, шаарчаларды, дагы башка калктуу конуштарды” деген сөздөр “администрациялык-аймактык бирдиктерди, шаарларды, айылдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 6-пунктунда:
биринчи абзацындагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Облустарды, райондорду, шаарларды, айылдык аймактарды жана башка калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү кеңештердин чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунушу боюнча мыйзамды кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат. Администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү менен байланышкан маселелерди кароодо администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана алардын аталышын өзгөртүү олуттуу чыгымдарга алып келе тургандыгын, байланыш, транспорт ишканаларынын ишине кыйынчылык келтирерин, жергиликтүү калкка ыңгайсыздык түзөрүн эсепке алуу менен бул маселе терең жана ар тараптан иликтениши зарыл.”;
– 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Администрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды, физика-географиялык объекттерди атоо жана алардын аталышын өзгөртүү тууралуу сунуштар мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан киргизилип, аймагында ушул объекттер жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет. Географиялык объекттерди атоо жана алардын аталышын өзгөртүү жөнүндө сунуштар мындай сунуштарды негиздеген документтерди жана географиялык объекттердин атын өзгөртүүгө кетүүчү чыгымдардын эсебин камтышы керек.
Сунуштарда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
– объекттин жайгашкан орду;
– тийиштүү администрациялык борборго, жакынкы темир жол станциясына жана почта бөлүмүнө чейинки аралык;
– атоонун, аталышын өзгөртүүнүн же аталышты жоюунун себептери;
– укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер;
– калктын саны жана куруу планы (калктуу конуш үчүн).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары географиялык объекттерди атоо же аталышын өзгөртүү тууралуу сунуштарды карап, калкка зарыл болуучу чыгымдар тууралуу маалымат беришет, калктын пикирин билип, тиешелүү өтүнүчтү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрация – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты сунуштар жактырылган учурда аны негиздеген документтерди жана аталышты өзгөртүүгө жумшалуучу чыгымдын эсебин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга экспертизага жиберет. Оң корутунду алган учурда бардык зарыл документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунуш жактырылган учурда географиялык объекттерди, администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
Почта-телеграф мекемелери жана темир жол станциялары жайгашкан калктуу конуштардын аталышын өзгөрткөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары аталышты өзгөртүүнү байланыштын облустук органдары жана “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен макулдашууга милдеттүү.
Администрациялык-аймактык бирдиктин, калктуу конуштун же физика-географиялык объекттин аталышы Кыргыз Республикасынын Президенти бул объекттерди атоо же аталышын өзгөртүү жөнүндө мыйзамга кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.”;
– 9-пунктунда:
биринчи абзацындагы “областтык Кеңештер” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү” деген сөздөр менен, “Өкмөтүнө” деген сөз “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 10 жана 12-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 11 жана 14-пункттарындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жободо:
– 4-пунктундагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү, атын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөр жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан демилгелениши мүмкүн.
Ат берүү жана атын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөр төмөнкүлөргө жиберилет:
– темир жол станцияларына, жүргүнчүлөр токтоочу пункттарга, портторго, пристандарга, аэропортторго карата – транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
– мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерге карата – карамагында ушул объекттер турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча курулуп жаткан монументтерге, обелисктерге жана монумент өнөрүнүн башка чыгармаларына карата – билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.”;
– 6-пунктундагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Президентинин” деген сөз менен, “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 7-пунктунун экинчи абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Президентинин” деген сөз менен, “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги” деген сөздөр “Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 8-пунктундагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен, “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 10 жана 11-пункттарындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 13-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен курулуп жаткан монументтердин, обелисктердин, монумент өнөрүнүн башка чыгармаларынын тизмеси – билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.”;
– 14-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги” деген сөздөр “транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель | А.У. Жапаров |