Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-октябры № 550 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдары-нын Тартиптик уставы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз Рес-публикасынын финансылык полиция органдарынын Тартиптик уставынын талап-тарынын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылсын. 3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 550 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын ТАРТИПТИК УСТАВЫ Тартиптик устав кызматтык тартиптин мазмунун, Кыргыз Республикасы-нын финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин(*) кызматтык тар-типти сактоо боюнча милдеттерин, сыйлоонун жана тартиптик жаза берүүнүнтүрлөрүн, аларды колдонуу боюнча начальниктердин (командирлердин) укук-тарын, ошондой эле сунуштарды, рапортторду, даттанууларды берүү жанааларды кароо тартибин аныктайт. Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын(**) бардыккызматкерлери ушул Уставдын талаптарын бекем сактоого тийиш. Эскертүүлөр: (*) Финансылык полиция органдарынын кызматкерлери - Кыргыз Респуб-ликасынын Финансылык полиция кызматы органдарынын аттестацияланган ку-рамы. (**) Финансылык полиция органдары - Кыргыз Республикасынын Финан-сылык полиция кызматынын баардык түзүмдүк бөлүмчөлөрү. 1-глава Жалпы жоболор 1. Финансылык полиция органдарындагы тартип - бул бардык кызмат-керлеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, антта,уставда, ошондой эле начальниктердин буйруктарында белгиленген тартиптижана эрежелерди бекем жана так аткаруусу. 2. Финансылык полиция органдарындагы тартип ар бир кызматкердинжогорку ањ-сезимдүүлүгүнө жана өзүнүн кызматтык милдетин жана тапшырыл-ган иш үчүн жеке жоопкерчилигин терењ түшүнүшүнө негизденет. 3. Финансылык полиция органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө милдет-түү: - Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарын сактоого, антка берилгендик менен мамиле кылууга, Ус-тавдын талаптарын жана начальниктердин буйруктарын так аткарууга, мый-замды бекем сактоого; - Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо, эконо-микалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү, жеке менчикти, ишка-налардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуукызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуулардан жана коомго каршы башка ара-кеттерден коргоо боюнча сак жана өз жанын аябай кызмат өтөөгө; - жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоогожана кылмыштуу кол салуулардан сактоого; - патриот, кайраттуу жана чечкиндүү, адамкерчиликтүү, тартиптүү,принциптүү жана гумандуу болууга; - кызматына байланыштуу бардык кыйынчылыктарды жана айрылуулардычыдамкайлык менен көтөрүүгө, кызматтык милдетин аткарууда өз күчүн жанаөмүрүн аянбоого; - мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого; - ишенип берилген куралды, мүлктү жана техниканы сактоого; - чынчыл жана акыйкат болууга, укуктарды бузууга жол бербөөгө жанакызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоого; - өз квалификациясын ар дайым өркүндөтүүгө жана кругозорун жогору-латып турууга; - тартипти чыњдоодо жана уставдык тартипти камсыз кылууда началь-никтерге көмөктөшүүгө, наамы жана кызматы боюнча улууларга урмат көрсө-түүгө, сылык болууга, белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүү эреже-син сактоого; - калыс сынды жана эскертүүлөрдү туура кабыл алууга, кетирилгенкемчиликтерди өз учурунда моюнга алууга жана оњдоого; - жолдошчулук милдетине бекем турууга, жамаатта жакшы морал-дык-психологиялык кырдаалды жана өз ара ишеничтүү жана сый мамилени тү-зүүгө; - кызматтан тышкаркы мезгилде өзүн татыктуу жана кадыр-барктууалып жүрүүгө, коомдук тартипти жана коомдук моралдын нормаларын сактоо-до үлгүлүү болууга, башкалардын тартип бузушун болтурбоого, коомдун жа-на жарандардын мыйзамдуу таламдарын каармандык менен коргоого. 4. Финансылык полиция органдарында тартипке төмөнкүлөр аркылуу же-тишилет: - финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине жогорку жарандыкпозицияны, зарыл моралдык-эрктик жана ишкер сапаттарды, кызматтык мил-детин аткарууга ањ-сезимдүү мамилени тарбиялоо; - дайыма күжүрмөн даярдыкта туруу жана капысынан чыккан маселелер-ди чечүүгө жөндөмдүүлүк; - баардык кызматкерлердин уставдык тартипти сактоосу; - мыйзамды, уставдардын жана буйруктардын талаптарын кынтыксызсактоону камсыз кылуу, жүктөлгөн функциялык милдеттерди аткарууга аркимдин жеке жоопкерчилиги; - начальниктердин ага баш ийгендерге ар күндүк талап коюшу жанаалардын аткарылышын контролдошу, аларга дайыма камкордук керүү, алардынадамдык кадыр-баркын урматтоо, ынандыруу жана мажбурлоо чараларын бил-гичтик менен айкалыштыруу жана туура колдонуу; - кызматтык жана күжүрмөн даярдыкты так уюштуруу жана өздүк курам-ды аны менен толук камтуу. 5. Начальник өзүнө баш ийгендердин арасындагы кызматтык тартиптинабалы үчүн жоопкерчиликте болот. Ал Кыргыз Республикасынын Конституция-сын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоодо, Жобонун, анттын, ус-тавдын, буйруктардын талаптарын кынтыксыз аткарууда дайыма аларга үлгүболууга, баш ийгендерде кызматтык милдетти, ар-намысты жана наабаттуу-лукту өнүктүрүүгө жана колдоого, татыктууларды жакшы демилгеси, кызматбоюнча аракети жана айырмаланганы үчүн сыйлоого, көњүлкоштук үчүн ка-таал болууга, өздүк курамдын арасындагы тартиптин жана моралдык-психо-логиялык климаттын абалын билүүгө, баш ийгендердин иштерин жетектөөгө,финансылык полиция органдарына жүктөлгөн функцияларды аткарууга зыянкелтириши мүмкүн болгон ар кандай иштерге дароо жана чечкиндүү бөгөткоюуга, өзүнө баш ийгендерди тарбиялоого, аларда өздүк кадыр-барк сези-мин өнүктүрүүгө жана колдоого тийиш. Адамды урматтоо, кызматкерлердин социалдык жана укуктук жактанкорголушуна кам көрүү - начальниктин маанилүү милдети. Финансылык полиция органдарынын ар бир кызматкери анын укуктары,мыйзамдуу талаптары жана кызыкчылыктары корголоруна ишенимдүү болууга,начальниктин камкордугун сезүүгө тийиш. Начальниктин тартипти кармоо боюнча иши берилген тартиптик жаза-лардын саны менен эмес, өзүнүн тартиптик бийлигин колдонуусу жана өзүнөтүз баш ийген кызматкерлердин арасында кызматтык тартип бузууларга өзучурунда бөгет коюлушу максатында өз милдеттерин аткаруусу жана тартип-тин иш жүзүндөгү абалы менен бааланат. Кызматтык тартипти бузгандардын бири дагы жоопкерчиликтен кутулупкетүүгө тийиш эмес, бирок күнөөсүз бирөө дагы жаза албашы керек. Начальник өзүнө баш ийгендердин жеке сапаттарын изилдеп билүүгө,алардын арасында уставдык мамилелерди сактоого, жамаатты ынтымакташты-рууга, баш ийгендердин кемчиликтеринин себептерин аныктоого жана алдыналууга, тартип бузуучуларга карата чыдамсыз мамиле жаралышына өзгөчөкөњүл бурушу керек. Мында ал жамаатын коомдук таасир этүү күчүн бардыкжагынан пайдаланууга милдеттүү. 6. Баш ийүүдөгү адамдар тартип бузганда начальник ага кызматтыкмилдеттерин эсине салып, мындай иштердин жол берилгистиги тууралуу эс-кертүүгө, ал эми зарыл учурларда жасалган чекилик иштин оордугуна жанакүнөөнүн даражасына жараша айыптууга оозеки түрдө тартиптик жаза берүү-гө же ал чекилик тууралуу материалдарды Кыргыз Республикасынын Финансы-лык полиция кызматынын төрагасынын кароосуна өткөрүп берүүгө тийиш. 7. Баш ийүүдөгү адам ачык түрдө моюн сунбай же каршылык көрсөткөнучурда начальник тартипти жана дисциплинаны калыбына келтирүү үчүн мый-замдарда жана уставдарда белгиленген бардык мажбурлоо чараларын колдо-нууга милдеттүү. 8. Финансылык полиция органдарынын тартиптик жазага дуушар болгонкызматкерлери эгерде алардын иш-аракетинде кылмыш курамынын белгилериболсо, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотулбайт. 9. Оозеки алкыш түрүндө сыйлоо колдонуу же эскертүү жана сөгүш тү-рүндө тартиптик жаза салуу учурларынан бөлөк, түздөн-түз начальниктер-дин сунушу боюнча сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын Кыргыз Республи-касынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы гана колдоно алат. Түздөн-түз начальниктер болуп финансылык полиция органдарынын кыз-маткерлери кызматы боюнча убактылуу болсо да баш ийишкен начальниктерэсептелет. Баш ийүүдөгү адамга жакыныраак начальник анын түздөн-түз начальни-ги болуп саналат. Кенже начальниктерге берилген тартиптик бийлик улук начальниктергеда дайыма таандык болот. 10. Финансылык полиция органдарында кызматы боюнча бири-бирине башийбеген кызматкерлери улук же кенже болушу мүмкүн. Улуктук атайын наам-дар менен аныкталат. 11. Финансылык полиция органдарынын кызмат боюнча бири-бирине башийбеген, кызматтык өз ара мамилелери начальник тарабынан аныкталбаганкызматкерлери чогуу кызмат өтөгөндө кызматы боюнча алардын улуусу, алэми кызматтары тењ болсо - наамы боюнча жогору турганы начальник болупсаналат жана ээлеген кызматы боюнча ага берилген тартиптик бийликтенпайдаланат. 12. Кызматты убактылуу ээлеп турганда, бул тууралуу буйрук мененжарыяланганда начальник убактылуу аткарчу кызматы боюнча тартиптикукуктардан пайдаланат. 13. Начальниктин буйругу кынтыксыз, так жана мөөнөтүндө аткарылуу-га тийиш. 2-глава Финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине карата колдонулуучу сыйлар 14. Сыйлоо кызматтык тартипти чыњдоонун жана тарбиялоонун маанилүүкаражаты. Ар бир начальник ага ушул Устав менен берилген укуктардын чекте-ринде кызматы боюнча жакшы демилгеси, аракети, айырмаланганы жана иште-ги жакшы натыйжалары үчүн баш ийгендерди сыйлоого милдеттүү. 15. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине карататөмөнкүдөй сыйлар колдонулат: - алкыш жарыялоо; - баалуу белек же акча менен сыйлоо; - мурунку тартиптик жазасын алып салуу; - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын Грамотасыже Ардак грамотасы менен сыйлоо; - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төш белгисименен сыйлоо; - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын ведомство-лук медалы менен сыйлоо; - мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штат-тык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору кезек-теги атайын наам ыйгаруу; - ысымы жазылган курал менен сыйлоо. 16. Кызматтык милдетин аткарууда эрдик, каармандык көрсөткөндүгүжана өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн финансылык полиция органдарынын кызмат-керлери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн. Сыйлоо чарасы катарында мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөнмурда алып коюу да колдонулат. Кызматкердин бир жолкуда тартиптик биргана жазасы алып салынышы мүмкүн. Берилген тартиптик жазаны сыйлоо ка-тары мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен катар бир эле мезгилде сыйлоонунбашка түрлөрү колдонулбоого тийиш. 3-глава Финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине берилүүчү тартиптик жазалар 17. Финансылык полиция органдарынын кызматкери кызматтык тартиптибузгандыгы, башкача айтканда ага тапшырылган кызматтык милдеттерин ат-карбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн ага төмөнкүдөй тартиптикжазалар берилет: Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдарга төмөнкүдөйтартиптик жазалар берилиши мүмкүн: - эскертүү; - сөгүш; - катуу сөгүш; - кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү; - кызматынан төмөндөтүү; - атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү; - эмгек акысына кошумчаларды кармап калуу; - ээлеген кызматынан бошотуу; - финансылык полиция органдарынын ишинен кетирүү. Финансылык полиция органдарынын төш белгиси жана башка сыйлыктарыыйгарылган финансылык полиция органдарынын кызматкерлери төш белгисиненжана башка сыйлыктарынан ажыратуу түрүндө тартиптик жазаланышы мүмкүн. 4-глава Начальниктердин сыйлоо жана тартиптик жазаларды колдонуу боюнча укуктары 18. Начальниктер сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын аларга бе-рилген укуктардын чектеринде оозеки түрүндө колдонушат. Начальниктердинкызмат орундарынын жана алардын сыйлоо, тартиптик жаза чараларын колдо-нуу боюнча укуктарынын тизмеси ушул Уставга тиркемеде аныкталган. Башканачальниктердин тартип боюнча укуктары Тизмеде каралган начальниктердинтартип боюнча укуктарына карата Кыргыз Республикасынын Финансылык поли-ция кызматынын төрагасы тарабынан белгиленет (тиркелет). 19. Эгерде начальниктин пикири боюнча финансылык полиция органда-рынын кызматкерине анын укуктарынын чегинен тышкаркы сыйлоо чараларынколдонуу зарыл болсо, ал бул тууралуу өзүнүн жогору турган тике началь-нигине өтүнүч кат берет, ал болсо сыйлоо тууралуу сунушту Кыргыз Рес-публикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасына киргизет. 20. Эгерде начальник кол алдындагы кызматкер жасаган чекиликтиноордугуна байланыштуу тартиптик жаза берүү укугу жетишсиз деп санаса,ал күнөөлүүгө жаза берүү тууралуу өзүнөн жогору турган түздөн-түз на-чальнигине сунуш киргизет, ал болсо тартиптик жаза берүү тууралуу су-нушту Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынакиргизет. 21. Өзүнө берилген тартиптик укуктан ашыкча пайдаланган же ушулУставда каралбаган жазаны берген начальник ал үчүн жоопкерчилик тартат,ал эми берилген жаза тикелей улук начальниги тарабынан алып салынат. 22. Эгер улук начальник кенже начальник тарабынан берилген жазаныжењил болгондуктан кетирилген чекиликке ылайыксыз деп эсептесе аны жо-юп, кыйла катуу жаза бере алат. 23. Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, кызматына толук ылайык келбеген-диги тууралуу эскертүү, кызматынан төмөндөтүү, атайын наамын бир теп-кичке төмөндөтүү, эмгек акысына кошумчаларды кармап калуу, ээлеген кыз-матынан бошотуу, финансылык полиция органдарынын иштен кетирүү түрүндө-гү тартиптик жазалар Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы-нын төрагасы тарабынан гана берилет. Эскертүү, сөгүш түрүндөгү тартиптик жазалар начальниктер тарабынаноозеки түрүндө гана берилиши мүмкүн. 5-глава Өзгөчө учурларда тартиптик жаза колдонуу 24. Финансылык полиция органдарынын кызматкери темир жол, аба, сууже башка жолдордо баратканда, ошондой эле оптускада, командировкада жедарыланууда жүргөн учурда тартип бузганда, ал тартип бузуу жөнүндө бел-гилүү болгондо жергиликтүү финансылык полиция органынын начальниги тар-тип бузууну токтотууга чара көрөт жана болгон окуя жөнүндө ал адам иш-теген жерге билдирет. Тартип бузуу коомдук тартипти бузуу түрүндө болгон өзгөчө учурлар-да финансылык полициянын структуралык органынын начальниги күнөөлүүгөөз укуктарынын чегинде оозеки түрүндө тартиптик жаза колдоно алат жанаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрага-сына билдирет. Финансылык полиция органдарынын кызматкери кызмат өтөгөн жеринекелгенде ага берилген жаза жөнүндө тике начальнигине билдирүүгө тийиш.Берилген жаза жөнүндө билдирбеген адам ал үчүн тартиптик жоопкерчиликкетартылат. 6-глава Сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби 25. Сыйлоо буйруктар менен жарыяланат. Алкыш буйрук менен да, оо-зеки да жарыяланышы мүмкүн. Финансылык полиция органдарынын кызматкерине сыйлоо жөнүндө буйрукөзүнө, катардын алдында же чогулушта, ал эми кызматтардын жана подраз-делениелердин жетекчилерине жаза чарасы аларга баш ийген кызматкерлержок учурда, өздүк ишине сөзсүз жазуу менен жарыяланат. Сыйлоо чарасы финансылык полиция органдарынын айрым кызматкеринекарата да, подразделениенин бүткүл өздүк курамына карата да колдонулушумүмкүн. Бир эле айырмалангандык үчүн кызматкерге бир гана сыйлоо чарасыжарыяланышы мүмкүн. Сыйлоонун түрүн аныктоодо кызматкердин ээлеген кызмат орду боюнчаөтөгөн кызматынын мүнөзү же артыкчылыгы, ошондой эле анын кызматка мур-дагы мамилеси эске алынат. 26. Сыйлоо - ысмы жазылган курал менен сыйлоо кызматтык милдетинаткарууда эрдик, кайраттуулук жана аянбастык көрсөткөн, операция-лык-кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен өзгөчө айырмаланганофицерлерге жана мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын финансылык по-лиция органдарында өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн ардактуу сыйлык болупэсептелет. Ысмы жазылган курал кылыч, тапанча же мергенчилик мылтык болушумүмкүн. Ысмы жазылган куралда тийиштүү жазуудан тышкары сыйланган адамдынатайын наамы, фамилиясы жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Жазуу куралдын өзүнөже металл пластинкага жазылып, ал куралга, кынга же кобурага чапталат. 7-глава Тартиптик жазаларды колдонуунун тартиби 27. Тартиптик жаза жасалган тартип бузууга жана күнөөсүнүн даража-сына ылайык болууга тийиш. Жазанын түрүн жана ченемин аныктоодо: тартипбузуунун мүнөзү, тартип бузуу жасалган жагдай, тартип бузуучунун алтартип бузууга карата катышы, айыптуунун мурдагы жүрүм-туруму, анынкызматка болгон мамилеси, кызматта болгон убактысы жана ченемдик акты-ларды жана кызмат өтөөнүн эрежелерин билүү дењгээли эске алынат. Бирэле тартип бузуу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаныбашкасы менен бириктирүүгө, күнөөлүүлөрдүн өзүлөрүн жазалоонун ордунабөлүмдүн бүткүл өздүк курамына жаза колдонууга тыюу салынат. Өзүнө берилген тартиптик бийликти ашыкча колдонгон адам ал үчүнКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кызматкер мурда берилген жаза алына электе кайрадан тартип бузсаже тартип бузуу кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жасалса началь-ник катуурак тартиптик жаза колдонот. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алардан мурда кызмат-тык териштирүү же текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Ал күнөөлүү адамдардыаныктоо жана тартип бузууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды анык-тоо максатында жүргүзүлөт. Тартиптик жазаны жарыялаганда жаза колдонуунун себеби жана кызмат-тык тартипти бузуу эмнеде экендиги көрсөтүлөт. Баш ийүүдөгү адамга кызматтык милдеттерин эскертүүдө же тартиптикжаза берүүдө начальникке баш ийүүдөгү адамдын адамдык баркын басынтышы-на же оройлук кылышына тыюу салынат. Эгер тартип бузуу кызматкер ооруп жаткан, отпускада же командиров-када жүргөн учурда жасалбаса, тартиптик жаза кызматкер ооруп жаткан жеотпускада же командировкада жүргөн учурда берилиши мүмкүн эмес. Начальниктерге тартиптик жазаны аларга баш ийген кызматкерлердинкөзүнчө жарыялоого тыюу салынат. 28. Бир нече адам тартип бузса, тартиптик жаза алардын ар биринеөз-өзүнчө берилет. 29. Кызматтык тартип бузууну коомдук уяткаруу максатында кызмат-керлердин тартип бузуулары начальниктин чечими боюнча офицердик курам-дын абийир сотунда жана кенже, орто жетекчи курамдын абийир сотунда,ошондой эле финансылык полиция органдарынын этика маселеси боюнча ко-миссиясында каралышы мүмкүн. 30. Тартиптик жаза: эскерүү, сөгүш - оозеки же буйрук менен жарыя-ланышы мүмкүн. Калган жазалар буйрук менен жарыяланат. Буйрук менен бе-рилген тартиптик жазалар буйрук менен гана алынышы мүмкүн. Берилген тартиптик жаза жөнүндө финансылык полиция органдарынынкызматкеринин өзүнө катарда же чогулушта, ал эми кызматтардын жана под-разделениелердин жетекчилерине 27-пунктка ылайык жарыяланат. 31. Тартиптик жаза - кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскер-түү, кызматкер ээлеген штаттык кызмат орунда турган учурда жыл ичиндебир жолу колдонулат. 32. Кызмат ордун кичирейтүү, ээлеген кызматынан бошотуу же атайыннаамын бир даражага төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка жаза ча-ралары күнөөлүүгө тийиштүү таасир этпеген учурда колдонулат. Кадрдын карамагында турган кызматкерлер жетекчиликтен кошумча көр-сөтмө алуу үчүн кызмат өтөгөн жерине күн сайын келип турууга тийиш. 33. Кызматкерлерди финансылык полиция органдарынан бошотуу тартип-тик жазанын эњ жогорку чарасы болуп эсептелет жана тартипти дайым буз-гандык (кызматкер мурда берилген тартиптик жазаны алуу мөөнөтү бүтөэлекте тартип бузса) же финансылык полиция органдарында иштөө менен ай-кашпоочу тартип бузганы үчүн же белгиленген тартипте күчүнө кирген сот-тун чечими боюнча колдонулушу мүмкүн. 34. Тартиптик жаза ошол тартип бузуу аныкталганда, бирок ал анык-талган күндөн баштап бир айдан кеч эмес, ал эми кызматтык териштирүү жетекшерүү жүргүзүлгөн же кылмыштык иш козголгон учурда да - кызматтыктериштирүү же текшерүү аяктагандан же кылмыштык иш токтотулгандан кийинбир айдан кечиктирилбестен, күнөөлүнүн ооруган, же отпускада же коман-дировкада жүргөн учурун эсепке кошпостон берилүүгө тийиш. Этика боюнчакомиссиянын, абийир сотунун сунушу боюнча тартиптик жаза чечим түшкөн-дөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Эгер тартип бузуу жасалган күндөн алты айдан ашык убакыт өтсө тар-типтик жаза берилүүгө тийиш эмес. Финансылык полиция органдарынын кызматкерине нөөмөт учурунда жа-салган тартип бузуу үчүн тартиптик жаза нөөмөт тапшырылгандан же башкаадамдар менен алмаштырылгандан кийин гана берилет. 35. Финансылык полиция органдарынын коллегиясынын жана оперативдүүкењешмесинин сыйлоо же тартиптик жаза берүү жөнүндө чечимдери буйруктарменен жарыяланат. 36. Кечиктирүүгө болбоочу өзгөчө учурларда финансылык полиция ор-гандарынын тартип бузган кызматкерин ал кызмат боюнча баш ийген началь-ниги кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетиши мүмкүн. 37. Мас абалдагы күнөөлүүгө тартиптик жаза берүү, ошондой эле ан-дан түшүнүк алуу ал соолукканга чейин кийинкиге калтырылат, мындайучурда финансылык полиция органдарынын кызматкери кызматтык териштирүүаяктаганга чейин кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилет. Кызматкерде алкоголь же наркотик каражаттарды, психикага таасирэтүүчү заттарды колдонгондун белгилери аныкталган учурда жетекчилик ан-дайды тактоо үчүн тийиштүү медициналык мекемеге жиберет. 38. Кызматкерге буйрук менен берилген тартиптик жаза (эскертүү,сөгүш, катуу сөгүш) эгер ал жаза берилгенден кийин бир жыл бою жањытартиптик жаза берилбесе алынды деп эсептелет, ал эми оозеки жаза бирай өткөндөн кийин алынды деп эсептелет. Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш сыяктуу тартиптик жазасы бар кызмат-керлерге сыйлоо чарасы катары жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу колдонулат,бирок эскертүү - 3 ай, сөгүш, катуу сөгүш - 6 ай, ал эми кызматка толукылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү 8 айдан кем эмес мөөнөттөн кийин алынат. 39. Сыйлоо катары тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу ага тењже түздөн түз жогорку начальниктин сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынФинансылык полиция кызматынын төрагасы тарабынан ишке ашырылат. Улук начальник берген тартиптик жазаны жоюу үчүн түздөн түз на-чальниги жогору турган начальникке тийиштүү өтүнүч менен кайрылат. 40. Оозеки берилгенден башка тартиптик жаза буйрук менен жоюлат,ал жөнүндө кызыкдар адамдын өзүнө, катарда турушканда же чогулушта ай-тылат. Жазанын өзүнөн өзү жоюлушу берилген учурдан тартып 1 жылдан кийинишке ашат. 41. Кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартиптик жаза берилген кызмат-керди кызматтан жогорулатуу же кезектеги атайын наам ыйгаруу жөнүндөмаселе ал жаза жоюлганга чейин каралбайт. 42. Атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндө тартиптик жазаколдонулган учурда, эгер жазаланган кызматкер үлгүлүү иши жана кынтык-сыз жүрүм-туруму менен оњолгонун далилдесе, мурдагы наамы андан төмөн-дөтүлгөндөн кийин бир жылдан кем эмес убакыттан кийин кайра калыбынакелтирилсе болот. 43. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин мурдагы ата-йын наамдары ээлеген кызмат орундарына карабастан тартиптик жазасы жою-луу менен бир учурда кайра калыбына келтирилет. Мурдагы наамды кайра калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Фи-нансылык полиция кызматынын төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат. 44. Оозеки жарыялангандан башка бардык сыйлоолор жана тартиптикжазалар аныкталган тартипте эсепке алынууга тийиш. 8-глава Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү тартиби 45. Финансылык полиция органдарынын ар бир кызматкери начальник-тердин ага карата мыйзамсыз же адилетсиз иштери, кызмат боюнча белги-ленген укуктары же артыкчылыктары бузулганы же тиешелүү маянага канаат-танбаганы жөнүндө жогору турган начальнигинен - Кыргыз РеспубликасынынФинансылык полиция кызматынын төрагасына чейин рапорт берүүгө укуктуу. 46. Финансылык полиция органдарынын кызматкери иште мыйзам бузул-ганын, кыянат пайдаланууларды, кемчиликтерди же финансылык полиция ор-гандарынын ишине терс таасир этүүчү башка катачылыктарды көрсө ал жө-нүндө инстанцияларга билдирүүгө же жогору турган начальниктен - КыргызРеспубликасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасына чейин сунуш,рапорт же арыз берүүгө милдеттүү. 47. Сунуштарда, рапорттордо, арыздарда коюлган маселелерди чечүүгөтиешеси жок начальник аларды үч күндөн кечиктирбестен тийиштүү жаккажиберет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирет, эгер ал өзү келген болсо кай-да барыш керектигин түшүндүрөт. Арыздарды үстүнөн даттанылып жаткан начальниктердин кароосуна жи-берүүгө тыюу салынат. 48. Кызматкерлердин дат арыз берүүсүнө бөгөт коюуга жана ал үчүнжазалоого, куугунтуктоого же кызматта кысым көрсөтүүгө тыюу салынат. Сунуш, рапорт жана даттануу бергени үчүн баш ийген кызматкерге ка-рата мыйзамсыз же адилетсиз иштерди жасаган начальник эгер анын аракетикылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса, анда тартиптик жоопкерчилик-ке тартылууга тийиш. 49. Рапорттор жана даттануулар бир айга чейинки мөөнөттө, ал эмикошумча изилдөөнү жана текшерүүнү талап кылбагандары - дароо чечилет. Рапортту же даттанууну чечүү үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошум-ча материалдарды алдыруу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурлар-да рапортту жана даттанууну чечүү мөөнөтү органдын начальниги же анынорун басары тарабынан өзгөчө тартипте бир айдан ашык эмес мөөнөткөузартылып, ал жөнүндө рапорт же даттануу берген адамга билдирилет. Кошумча изилдөөнү талап кылгандан башка сунуштар бир айга чейинкимөөнөттө каралат. 50. Эгер коюлган бардык маселелер каралса, алар боюнча зарыл чара-лар көрүлсө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопберилсе, сунуштар, рапорттор жана даттануулар чечилди деп эсептелет. Сунушта (рапортто, даттанууда) баяндалган маселени канааттандыруу-дан баш тартылганы аны берген кызматкерге жазуу жүзүндө же жеке кабылалууда ченемдик актыларга шилтеме жасоо менен, баш тартуунун себептеринкөрсөтүп, ошондой эле чыгарылган чечимге даттануунун тартибин түшүндү-рүү менен кабарланат. 51. Финансылык полиция органдарынын атайылап жалган рапорт же арызберген кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп-керчиликке тартылышат. Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын Тартиптик уставына тиркеме Финансылык полиция органдарынын начальниктеринин кызмат орундарынын жана алардын сыйлоо жана тартиптик жаза берүү боюнча укуктарынын ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|N |Начальниктердин кызмат| Начальниктердин тартиптик укуктары || | орундарынын аталышы |-------------------------------------------|| | |Сыйлоо көрсөтүү боюнча| Тартиптик жаза || | | | берүү боюнча ||--|----------------------|----------------------|--------------------||1 |Төрага |Алкыш жарыялоо; |Эскертүү; сөгүш; || | |баалуу белек же акча |катуу сөгүш || | |менен сыйлоо; |жарыялоо; || | |баалуу белек менен |кызматына толук || | |сыйлоо; |ылайык келбегендиги || | |мурунку тартиптик |тууралуу эскертүү; || | |жазасын алып салуу; |кызматынан || | |Кыргыз Республикасынын|төмөндөтүү; || | |Финансылык полиция |атайын наамын бир || | |кызматынын Грамотасы |тепкичке төмөндөтүү;|| | |же Ардак грамотасы |эмгек акыга || | |менен сыйлоо; |кошумчаларды кармап || | |төш белги менен |калуу; || | |сыйлоо; |ээлеген кызматынан || | |ведомстволук медаль |бошотуу; || | |менен сыйлоо; |финансылык полиция || | |мөөнөтүнөн мурда же |органдарынын иштен || | |ээлеген штаттык |кетирүү || | |кызматы боюнча | || | |каралган өзүнүн | || | |наамынан бир баскычка | || | |жогору кезектеги | || | |атайын наам ыйгаруу; | || | |ысымы жазылган курал | || | |менен сыйлоо | ||--|----------------------|----------------------|--------------------||2 |Төраганын биринчи орун|Алкыш жарыялоо |Эскертүү, сөгүш || | басары |(оозеки), сыйлоого |жарыялоо (оозеки), || | |көрсөтүү тууралуу |тартиптик жаза || | |сунуш киргизүү |берүү тууралуу || | | |сунуш киргизүү ||--|----------------------|----------------------|--------------------||3 |Төраганын орун басары |Алкыш жарыялоо |Эскертүү, сөгүш || | |(оозеки), сыйлоого |жарыялоо (оозеки), || | |көрсөтүү тууралуу |тартиптик жаза берүү|| | |сунуш киргизүү |тууралуу сунуш || | | |киргизүү ||--|----------------------|----------------------|--------------------||4 |Облустардын, Бишкек |Алкыш жарыялоо |Эскертүү, сөгүш || |жана Ош шаарларынын |(оозеки), |жарыялоо (оозеки), || |башкармалык |сыйлоого көрсөтүү |тартиптик жаза берүү|| |начальниктери |тууралуу сунуш |тууралуу сунуш || | |киргизүү |киргизүү |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: төш белги менен сыйлоо, атайын наам ыйгаруу жана финан-сылык полиция органдарынын башка сыйлыктары түрүндө сыйлоо жана ушулбелгилер менен наамдардан ажыратуу түрүндө тартиптик жаза берүү төшбелги, башка сыйлыктар жөнүндө тиешелүү жоболордо жана ушул Тартиптикуставда каралган тартипте жүргүзүлөт.