Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген
Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №818 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун, каттоонун жана пломбалоонун ушул Тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине ылайык иштелип чыккан. 2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдону- лат: фискалдык эс тутуму - салыктарды туура эсептөө максатында контрол- дук-кассалык машиналарды колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай эсеп- тешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтыктоочу маалымат- тарды коррекциялабастан сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана энер- гияга көз каранды болбостон узак мезгилге сактоону камсыз кылуучу конт- ролдук-кассалык машиналардын курамындагы программалык-аппараттык кара- жаттардын комплекси; фискалдык режим - фискалдык эс тутумда фискалдык маалыматтарды каттоону камсыз кылуучу контролдук-кассалык машиналардын иштөө режими; фискалдык маалыматтар - акчалай эсептешүүлөр жөнүндө контролдук тасмага жана фискалдык эс тутумга жазылган маалыматтар; контролдук пломба - контролдук-кассалык машиналардын каралган жер- лерине коюлуучу атайын каргы. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында жана кызмат көрсөтүүдө накталай акча менен, банктык төлөм карточкалары, чектер менен калк менен акчалай эсептешүү фискалдык эс тутуму бар контролдук-кассалык машинаны (мындан ары - ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. ККМны колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөргө өзүнүн ишинин же турган жеринин өзгөчөлүгүнөн улам контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган уюмдардын же жеке жактардын Тизмесине ылайык уюмдарга жана жеке жактарга уруксат кылынат. Базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлорунун жетекчилери ижарачылардын соода аянттарына контролдук-кассалык машиналарды орнотушуна контролдук жүргүзүүгө тийиш. Ижарачылардын соода аянттарына контролдук-кассалык машиналарды орнотушун камсыз кылбагандыгы үчүн базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлорунун жетекчилери Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат. (Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги N 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги N 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат кылынган ККМнын Мамлекеттик реестринен чыгарылган ККМлар колдонууга жол берилбейт жана салык органдарынын каттоосунан чыгарылууга тийиш. Салыктык жана/же эсепке алып каттаган жердеги салык органдарында милдеттүү түрдө катталууга жана пломбаланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ККМлар оң абалда, фискалдык эс тутуму болуп жана фискалдык режимде эксплуатацияланууга тийиш. Фискалдык эс тутумга салык органдарынын кызматкерлери кире алат. Контролдук-кассалык машиналар менен иштөөдө контролдук тасмалар колдонулууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш жүргүзгөн коммерциялык банктардан тышкары, юридикалык жактардын төлөм терминалдарында милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машиналар (фискалдык каттоочулар) орнотулууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 818, 2013-жылдын 17-апрелиндеги N 203 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен акчалай эсеп- тешүүлөрдү жүргүзгөн ишкердик субъекттери сатып алуучуларга (кардарлар- га) ККМда басып чыгарылган чекти же салынма (ичине салынма) документти берүүгө милдеттүү. Сатып алуучуларга (кардарларга) берилген чекте же салынма (ичине салынма) документте төмөнкүдөй реквизиттер чагылдырылууга тийиш: 1) ишкердик субъектисинин аталышы; 2) ишкердик субъектисинин идентификациялык номери; 3) контролдук-кассалык машинанын заводдук номери; 4) чектин катар номери; 5) сатып алуу (кызмат көрсөтүү) датасы жана убактысы; 6) сатып алуунун (кызмат көрүүнүн) наркы; 7) фискалдык режим жөнүндө ырастама; 8) кошумча наркка салыктын суммасы (КНС төлөөчү катары катталган субъекттер үчүн). Акча алмаштыруу бюролору чектерди берүүдө аларда жогоруда көрсөтүлгөн реквизиттерден тышкары валютанын түрүн, валютанын курсун, ал эми аралыктык отчет берүүдө - валютанын түрү, анын ичинде улуттук валютадагы Накталай акча боюнча кассадагы калган акчаны көрсөтүүгө ти- йиш. Сатып алуучуларга (кардарларга) берилген чекте же салынма (ичине салынма) документте, контролдук тасмада аларды колдонуу чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ККМга карата техникалык талаптарда ка- ралган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн. 5. Фискалдык режимде техникалык талаптарда каралган жана ККМда ба- сылган чектер, контролдук тасмалар жана башка документтер ККМнын ошол үлгүсүнө коюлган техникалык талаптарда көрсөтүлгөн айырмалоочу белгиге ээ болууга тийиш. Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө фискалдык эс тутуму бар ККМларды фискалдык эмес режимде же фискалдык эс тутумдун иштен чыккан блогун колдонуу ККМны колдонбогондук менен тењештирилет. 6. Ишкерлик субъекттерине фискалдык эс тутумунда узак мезгилдүү жана энергияга көз каранды болбостон маалыматтарды сактай турган оң абалдагы ККМды гана колдонууга жол берилет, алар: 1) ККМга коюлган техникалык талаптарга ылайык келет; 2) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат кылынган ККМдын Мамлекеттик реестрине ылайык пайдаланууга уруксат кылынган; 3) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 4) ККМны техникалык тейлөө борборунда техникалык тейлөөдө болот; 5) салык органдарында катталат жана пломба коюлат; 6) чыгаруучу-заводдун ККМны өз убагында программалык камсыздоосу болот. Жабдылбаган жайларда жана жайлардан тышкары жерлерде автономдук электр азыктандыргычы бар чакан габариттүү жана портативдүү ККМлар колдонулушу мүмкүн. ККМ жыл сайын салык органдарында фискалдык маалыматтарды жана ККМны техникалык тейлөө борборлорунда оң абалда экендиги текшерилип турат. Техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерин ККМнын фискалдык эс тутум блогуна киришине салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен гана жол берилет. Салык органынын жана техникалык тейлөө борборунун пломбасы жок же бузулган, чыгаруучу ишкананын маркировкасы же визуалдык контроль каражаттарынын бири жок ККМды колдонууга жол берилбейт. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык) 7. Төмөнкүдөй контролдук-кассалык машиналар оњ эмес деп эсептелет: 1) ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган реквизиттерди чекке баспа- са, бүдөмүк басса же толук эмес басса; 2) контролдук тасмага же ККМга коюлган техникалык талаптарда ка- ралган башка документтерге баспаса, бүдөмүк басса же толук эмес басса; 3) ККМга коюлган техникалык талаптарда каралган операцияларды ат- карбаса же каталары менен аткарса; 4) салык органдарынын контроль жүргүзүүчү үчүн зарыл болгон фис- калдык (контролдук) эс тутумда камтылган маалыматтарды алууга мүмкүн болбосо; 5) ККМнын конкреттүү үлгүсү менен пайдаланууга карата МВЭК уруксат кылган прикладдык программаны колдонсо. Контролдук-кассалык машиналарды эксплуатациялоонун эрежелеринде башка оњ эместиктер да каралышы мүмкүн, алар болгон учурда аталган ма- шиналар колдонулбайт. 8. Контролдук-кассалык машиналарды техника жактан тейлөө жана оњдоо ККМнын конкреттүү үлгүлөрүн техникалык тейлөө борборлору катары белгиленген тартипте катталган жана салык органдарында каттоого коюлган уюмдар тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 9. Ишкерлик субъектиси сатылып жаткан товарга бир түрдүү жана бел- гиленген тартипте так таризделген баасынын (көрсөтүлгөн кызматтын прейскурантынын) болушун камсыз кылууга милдеттүү. 10. Бардык контролдук-кассалык машиналарда милдеттүү тартипте контролдук тасма колдонулат, ар бир контролдук-кассалык машина боюнча операциячы-кассирдин салык органында күбөлөндүрүлгөн өзүнчө китеби жүргүзүлөт. Контролдук тасмалар, операциячы-кассирдин китеби жана башка акча- лай эсептешүүнү жүргүзүүнү ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык баштапкы эсептөө документтери үчүн белгиленген мөөнөт ичинде сакталууга тийиш. Аталган документтерди сактоону камсыз кылуу үчүн уюмдун жетекчиси (ишкердик субъектиси) жоопкерчилик тартат. 11. Кассалык операцияларды тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасындагы кассалык операцияларды жүргүзүү Тар- тибине ылайык жүргүзүлөт. 12. Өзүнүн ишинин же турган жеринин өзгөчөлүгүнөн улам контрол- дук-кассалык машиналарды колдонуудан белгиленген тартипте бошотулган ишкердик субъекттери накталай акча, банктык төлөм карточкалар, чектер менен соода операцияларын жүргүзгөн же кызмат көрсөткөн учурда өздөрү жайгашкан жери боюнча салык органдарына ККМны каттатуу жана пломба коюу жөнүндө арыз беришет. Ишкердик субъектисинин арызына каттоого жана пломба коюлууга тийиш болгон ККМнын формуляры (паспорту), ошондой эле ошол үлгүнү тейлөөгө укугу бар ККМны техника тейлөө борбору менен ККМны оњдоого жана техни- калык тейлөөгө келишим тиркелет. 13. Салык органына арыз бергенге чейин ККМ контролдук-кассалык ма- шиналарды техникалык тейлөө борборуна каттоого коюлууга тийиш, бул туу- расында арызга жана контролдук-кассалык машиналардын формулярына (пас- портуна) тийиштүү белги коюлууга тийиш. ККМнын техникалык тейлөө борборуна каттоого коюуда бекитилген эре- желерге ылайык Борбордун адистери тарабынан ККМны эксплуатациялоо ал- дында даярдоо, техникалык күбөлөндүрүү жана кызматкерлерди окутуу жүргүзүлөт. ККМнын техникалык тейлөө борборунун турган орду жергиликтүү басыл- маларга жарыяланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин башкармаларында такталат. 14. Салык органы арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тек- шергенден кийин ал берилген күндөн баштап 5 күндөн кечиктирбестен ККМны (зарыл болгон учурда ККМнын техникалык тейлөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен) каттайт, фискалдаштырат жана пломба коет жана ишкердик субъектисине ККМны каттоо карточкасын берет. ККМны оњдоого жана техникалык тейлөөгө каттоо карточкасында көрсөтүлгөн уюмдарга гана уруксат берилет. 15. Контролдук пломба салык органы тарабынан фискалдык эс тутум блогуна жана аны ККМнын корпусуна (платасына) орнотуу жерине коюлат. Контролдук пломба үчүн акы төлөө ишкердик субъекттеринин эсебинен жүргүзүлөт. Фискалдык эс тутумдун эсептегичи толуп кеткен, фискалдык эс тутум иштебей калган учурда жана фискалдык эс тутум блогу менен башка оњдоо иштеринде ККМнын техникалык тейлөө борбору фискалдык эс тутумдун конт- ролдук пломбасын чыгаруу боюнча аракетин салык органы менен макулдашат. Контролдук пломбаны чечүү салык органынын кызматкеринин милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. ККМнын фискалдык эс тутум блогу оњдогондон кийин ишкердик субъект- тери салык органына ККМнын фискалдык эс тутум блогуна пломба коюу үчүн милдеттүү түрдө келүүгө тийиш. 16. Ишкердик субъекттери иштеп жаткан ККМны башкасы менен алмашты- руу зарылчылыгы болгондо салык органына мурда катталган ККМны каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берет. Мурда катталган ККМ каттоодон чыгарылгандан кийин салык органдары жањы машиналарды каттайт. 17. Ишкердик субъекттери кайра катталган учурда, ошондой эле кас- салык аппарат эксплуатациялоодон чыгып калган бардык башка учурларда алар милдеттүү түрдө салык органдарында каттоодон чыгарылууга тийиш. Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө арызды ал- ган салык органы эксплуатациялоодон чыгарылган контролдук-кассалык ма- шинаны ал алынган күндөн баштап 5 күндөн кечиктирбестен каттоодон чыга- рат. Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгарууда салык органдары контролдук пломбаны чыгарып салат. 18. Контролдук-кассалык машинанын каттоо карточкасы ишкердик субъ- ектеринде машинаны эксплуатациялоонун бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле салык органында ККМ каттоодон чыгарылгандан кийин эки жыл бою сакталат жана салык органынын өкүлүнө берилет. 19. Салык органдарында ККМны каттоо, фискалдаштыруу жана пломба коюу эрежеси салык органы тарабынан белгиленет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
|