Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-октябры № 784, 1995-жылдын 21-декабры № 558, 1998-жылдын 23-июну № 376, 1998-жылдын 2-октябры № 645, 1998-жылдын 16-ноябры №741, 2000-жылдын 31-июлу № 469, 2001-жылдын 6-сентябры № 541, 2002-жылдын 11-марты № 132, 2004-жылдын 11-августу №600, 2004-жылдын 8-сентябры № 670, 2007-жылдын 29-июну № 253, 2009-жылдын 20-апрели № 238, 2009-жылдын 8-майы № 285, 2012-жылдын 17-февралы №104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1993-жылдын 7-майында түзүлгөн «Каракол» эркин экономикалык зонасындагы (мындан ары «Каракол» ЭЭЗи деп аталат) тышкы чарбалык жана экономикалык иштин өзгөчө укуктук негиздерин белгилейт.
1. «Каракол» ЭЭЗин түзүүнүн негизги максаттары:
- Ысык-Көлдүн чыгыш өндүрүнө чет элдик инвестицияларды тартуу жана ага кызыктыруучу шарттарды түзүү жолу менен бул аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү стимулдаштыруу, ошондой эле башкаруу жана менеджмент боюнча алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү;
- Каракол шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун аймактарында шаар курулушун ыкчамдатып өнүктүрүү, ошондой эле инженердик-транспорттук,телекоммуникациялык, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны учурга ылайык түзүү;
- экологиялык жактан таза өндүрүш тармактарын түзүү, учурдагы прогрессчил технологиялардын негизинде конкуренцияга туруштук бере турган продукция жана товар чыгарууну өөрчүтүү;
- жергиликтүү ишкерлерге бизнестин эл аралык тажрыйбасын үйрөтүү, ЭЭЗи мейкиндигине алдыңкы тажрыйбаларды таркатуу, бизнес жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарын ЭЭЗдин аймагына кийирүү жана аны Ысык-Көл областынын бардык жерлерине жайылтуу;
- аймактын экономикасын эл аралык эмгекти бөлүштүрүү тартибине салуу, чет элдик мамлекеттер менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарды өөрчүтүү;
- кошумча жумушчу орундарын түзүү, аймакты жердеген калктын орточо турмуш деңгээлин жогорулатуу, ЭЭЗде иштегендердин кирешесинин эсебинен ички рыноктун көлөмүн, сатып алуу кудуретин жогорулатуу;
2. «Каракол» ЭЭЗинде алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөндөгүдөй негизги маселелерди чечүү зарыл:
- чет өлкө капиталын,алдыңкы техника менен технологияларды, башкаруу ишиндеги чет элдик ыкмаларды тартуу үчүн кыйла оңтойлуу шарттарды түзүп берүү;
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагында өндүрүштөгү кемчиликтерди азайтууга, продукция жана товар сатуунун жолдорун кеңейүүгө, эмгек, жаратылыш жана башка ресурстарды колдонуунун эсебинен натыйжалуулукту жогорулаткыдай шарттарды түзүү;
- эл аралык туризмди өөрчүтө турган шарттарды түзүү;
- эркин экономикалык зонанын аймагы анклавдуу болушуна, ошондой эле саясий жана социалдык стабилдүүлүккө жетишүү;
- экологиялык чөйрөнү сактоо жана коргоо, аймакты абат кылганга кызмат кылчу иш чараларын жүргүзүү;
- аймакта атайын субзоналардын кайтарымдуу системасын түзүү;
- ЭЭЗдин аймагында ишкердүү инфраструктуранын (транспорт, турак-жай, эс алуу, байланыш) эл аралык стандарттарга жетиштүү;
- эркин экономикалык зонада капиталдын кудуреттүү болушуна жетишүү жана зонанын бюджетин түзүү;
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
«Каракол» ЭЭЗинин статусу
3. Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-статьясына ылайык эркин экономикалык зона статусу мындай аймакка чек арасы, мыйзамдык базасы, бюджети, өзүнүн башкаруучу органдары, өзгөчө укук тартиби жана салык салуу режими белгиленүү менен түзүлөт.
4. «Каракол» ЭЭЗи «Каракол» эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй чектерде жайгашат:
- биринчи участок - Балыкчы шаары (500 га);
- экинчи участок - Тамчы айлынын тегереги (1180 га);
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 600 токтомунун редакциясына ылайык)
5. «Каракол» ЭЭЗинин жери мамлекеттин - Кыргыз Республикасынын жеке менчиги болуп эсептелет.
Инвесторлор жерди өзүнө керектүү өлчөмдө бир топ мезгилге чейин узак мөөнөтүү (99 жылга чейин) ижарага алып пайдаланат. Узак мөөнөттүү ижарага алуу, анын наркын төлөө, төлөөнүн формалары жана методдору тигил же бул экономикалык иштин багыты жана артыкчылыгына жараша зонанын Башкы дирекциясы (ижарага берүүчү) тарабынан белгиленет.
«Каракол» ЭЭЗинин жогоруда аталган Мыйзам менен белгиленген чек аралардагы жер участокторун берүү жана өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын нормаларын катуу сактоо менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 670 токтомунун редакциясына ылайык)
6. «Каракол» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» Мыйзамына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо колдонулат.
7. «Каракол» эркин экономикалык зонасында өзүнчө бюджет түзүлөт эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
8. «Каракол» ЭЭЗинин аймагында чет элдик инвесторлорго толугу менен баш ийген, ошондой эле чет элдик инвестициялардын жардамы менен түзүлгөн жана иштей турган ишканалар үчүн артыкчылык берилген режим түзүлөт.
9. «Каракол» ЭЭЗинин аймагында башкаруучу орган -Эркин экономикалык зонанын Башкы дирекциясы (ЭЭЗ администрациясы).
«Каракол» ЭЭЗ субьекттеринде алардын финансы-чарбалык иши жана салык салуу маселеси боюнча ар түрдүү текшерүүлөр «Каракол» ЭЭЗ башкы дирекциясынын тапшыруусу менен мамлекеттик салык органы жана мамлекеттик бажы органы тарабынан жылына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. «Каракол» ЭЭЗ субьекттеринин чарбалык ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечиминен башка бардык эле мамлекеттик орган тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.
«Каракол» ЭЭЗынын башкы директору жана анын орун басарлары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министр тарабынан дайындалат жана бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132, 2004-жылдын 11-августундагы № 600, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238, 2009-жылдын 8-майындагы № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эркин экономикалык зонанын субъекттерин түзүү
10. Ата мекендик жана чет мамлекеттердин юридикалык жактары жана граждандары «Каракол» ЭЭЗинде ар кандай ишканаларды, бирикмелерди, Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаса түрдүү чарбалык иштерди жүргүзө алат. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана күчүндө турган мыйзамдарына ылайык «Каракол» эркин экономикалык зонасында эл аралык банктарды жана камсыздандыруу компанияларын ачууга уруксат берилет.
11. «Каракол» ЭЭЗинин субъекттерине анын Башкы дирекциясынын чечимдери менен түзүлүп, ошол дирекция каттаган баардык ишканалар, бирикмелер, банктар, юридикалык жактар жана адамдар анын ичинде чет өлкө концессиялык ишканаларды, ошондой эле ар кандай багыттагы субзона катары эсептелген бажылык, экспорт өндүрүшүнүн, илимий-техникалык, экологиялык-туристтик жана башка атайын зоналар кирет.
12. «Каракол» ЭЭЗинин конкреттүү субзонасын уюмдаштыруу белгиленген чек аранын аймагына зонанын Башкы дирекциясынын ЭЭЗ режимин киргизген токтому менен жүзөгө ашырылышы керек. «Каракол» ЗЗЭинин субзоналык статусу айрым ишканаларга да берилиши керек. «Каракол» ЭЭЗинин субзоналык статусу айрым ишканаларга да берилиши мүмкүн.
Шаардын административдик-аймактык чык арасынан сырткары жайгашкан бажылык, экологиялык-туристтик жана башка жергиликтүү субзоналарга ЭЭЗ режими ошол чек арадагы жер берген ижарачылар менен түзүлгөн көп жылдык ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганча киргизилет.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик администрациялардын пикирлерин эске алуу менен Каракол аймагынан сырткары жайгашкан кээ бир атайын субзоналар Кыргыз Республика Жогорку Кенешинин чечими менен да түзүлөт.
13. «Каракол» эркин экономикалык зонасында айлана-чөйрөгө зыян келтире турган өндүрүштүк ишканаларды түзүүгө тыюу салынат.
13-1. «Каракол ЭЭЗинин аймагында милдеттүү түрдө импорттук товарлардын ордуна жергиликтүү сырьену же материалдарды колдонуу тууралу талаптар коюулушу же берилиши ушундай талаптар менен шартталган субсидиялар, дагы башка жеңилдиктер каралышы мүмкүн эмес»
13-2. «Каракол» ЭЭЗинин субъекттерине аларды каттоо күнүнө карабастан «Каракол» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө, сактоого, чыгарууга жана сатууга тыюу салынат.
Эгер эркин экономикалык зонанын аймагында товарлардын кошумча наркы 30%тен азды жана турмуш-тиричилик техникасы жана электроника үчүн - 15%тен азды түзсө, «Каракол» ЭЭЗ субьекттерине эркин экономикалык зонада өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын ички рынокторунда сатууга тыюу салынат;
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132, 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. «Каракол» эркин экономикалык зонасында юридикалык жактар жана граждан-резиденттер (менчигинин формасын карабай) чет өлкөлүк жана республикалык инвесторлордун катышуусу менен орток ишкана түзүү маселелерин өз алдынча чечишет, тышкы экономикалык иштерин да өз алдынча жүргүзүп, анын натыйжасы үчүн экономикалык жоопкерчиликти да толук өзүлөрү мойнуна алышат.
15. Эркин экономикалык зонанын аймагында түзүлүп жаткан чет өлкөлүк инвесторлорго, «Каракол» ЭЭЗинин дагы башка юридикалык жактары менен граждан-резиденттерине толугу менен таандык орток ишканаларды каттоо реестрин зонанын Башкы дирекциясы атайын тартип боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде каттоо жүргүзүлүүчү документтерде белгиленген 50 проценттен кем эмес өлчөмдөгү инвестициялоо жасалганы мамлекеттик каттоодон 12 ай «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы ишке ашкан эмес деп эсептеп,аны жоюу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Башкы дирекцияга чекене соода жана ички рынокто түрдүү кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген чарбалык субьекттерди «Каракол» ЭЭЗ субъекттери катары каттоого тыюу салынат;
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
«Каракол» ЭЭЗинин субъекттеринин укуктары
16. «Каракол» ЭЭЗинин субъекттери жеке менчигинин түрүнө карабастан төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду катыштырып, орток ишканаларды түзүү;
- келишимдердин негизинде чарбалык иштерди жүргүзүү, партнерлорду, келишимдердин объектисин эркин тандап алуу, милдеттерин, дагы башка өз ара чарбалык байланыштардын шарттарын аныктоо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, өз алдынча тышкы экономикалык иштерди, товар алмашуу (бартердик) жана ортомчулук кызмат көрсөтүү, ошондой эле реинвестициялык операцияларды ишке ашыруу;
- чектөө койбой чет өлкө банктарынан, фирмалардан жана уюмдардан кредит алуу, камсыздандыруунун бардык түрү боюнча келишимдерди түзүүгө чет элдик камсыздандыруу компанияларын тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе,»Каракол» ЭЭЗинин аймагында ар кандай инвестиция иштерин жүргүзүү;
- «Каракол» эркин экономикалык зонасындагы резиденттердин ортосунда өз ара эсептешүүнү чет элдик валюта менен жүргүзүп, өз кызматчыларына эмгек акыны өзүлөрүндө түзүлгөн валюталык фонддун эсебинен чет өлкө валютасы менен төлөө;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк граждандарды алар менен келишим түзүү аркылуу жалдап иштетүү;
- ижара келишимин менен 99 жылга чейинки мөөнөттө пайдалануу, ижара келишимине кол коюшкан тараптардын өз ара макулдугу, же алардын укук мураскорлорунун, ошондой эле башка бир мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары боюнча жерди, мүлктү, мүлк укуктарын субарендага алуу, аларды пайдалануу укуктарын бирине ыраа көрүү.
- Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына каршы келбеген башка бардык иштерди жүргүзүү:
17. ЭЭЗ субъекттерди жер участкаларын канча мөөнөткө ижарага ала турганын, жердин ижаралык акысы ижара берүүчү катары «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы, участканын кайда экенин, долбоордогу капиталдык салымдар жана башка чен-өлчөмдөр эске алынат.
Инвестициялардын гарантиясы
18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук нормаларына ылайык «Каракол» эркин экономикалык зонасында булар гарантияланат:
- чет өлкө инвестицияларынын укуктук жактан коргоо:
- эркин экономикалык зонада иштеген кыргызстандык жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен адамдардын автордук укугун коргоо:
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен адамдарынын инвестицияларга карата жүргүзгөн укук режими чет элдик инвестициялардын укук режиминен кем болбойт:
- чет өлкө инвестициялары менен иштеп жаткан ишканаларды кандайынан болсо да дискриминация кылууга жол берилбейт.Алар Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттери менен бирдей абалда иштейт.
19. «Каракол» ЭЭЗинин чарбаларына, дагы башка иштерине акчадай жана материалдык салым салып жаткан чет өлкөлүк инвесторлор өз инвестициялары, ошонун ичинде реинвестициялар берген кайтарымга, Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода операцияларына ээлик кылууга, колдонууга, ар кандай максаттарга жумшоого укуктуу.
Чет өлкөлүк инвесторлор өз өндүрүшүнөн түшкөн кирешени же продукция түрүндө анын бир бөлүгүн же рыноктон сатып алгандарын алып кетүүгө акысы бар.
20. Зонада иштеген чет өлкөлүк инвесторлорго чет өлкө валютасы менен салыкты төлөгөндөн кийин, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялуу ишканалардын уставдык фондудагы тиешелүү үлүшүн бардыгын саткандыгына жана андан чыккандыгына же ишкананын жоюлганына байланыштуу түшкөн кирешесин республикадан тышкары жакка которгонго гарантия бар.Чет өлкөлүк инвесторлор инвестициянын которгонго, башка жакка бергенге, барымтага койгон же «Каракол» ЭЭЗине кийирүүнүн токтотконго акысы бар.
21. «Каракол» ЭЭЗинин Барымталык-камсыздандыруу фондунун менчигине таандык мүлк барымтасы жерди, табигый ресурстарды пайдалануу укугу түрүндөгү кошумча гарантиялар чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргыз Республикасынын барымта жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык берилет.
22.»Каракол» ЭЭЗиндеги чарбакер субъекттердин алака-мамилеси менчигинин формасына карабастан келишим негизинде түзүлөт. «Каракол» ЭЭЗинин ишканалары өндүрүштүк программа өз алдынча түзөт.
23. «Каракол» ЭЭЗиндеги жалпы эле чарбалык, асыресе андагы чет өлкөлүк инвестициялуу ишкана мүчөлөрүнүн ортосунда чыккан талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартип боюнча чечилет.
Финансылык-кредиттик жана валюталык механизм
24. «Каракол» эркин экономикалык зонасы өзүн-өзү каржылоо, асыресе валюталык финансылоо негизинде түзүлөт жана ишин алып барат.
Эркин экономикалык зонанын ишин жүргүзүү үчүн өзүнчө бюджет түзүлөт. Эркин экономикалык зонанын бюджетин анын администрациянын карамагындагы жерди, имараттарды, жана курулуштарды арендага берүүдөн, ар кандай тейлөө иштерин аткаруудан, зоналык займдарды чыгаруудан приватташтыруудан, салык жана башка төлөмдөрдөн түшкөн каражаттар түзөт.
«Каракол» эркин экономикалык зонасынын финансылык көрөңгөсүн түзүү, ошонун ичинде зонанын инфраструктурасын жакшыртып үчүн, Каракол шаарынын аймагындагы салыктык төлөмдөрдүн бир бөлүгү 10 жыл бою зонанын бюджетине төгүлүп турат. Бул мөөнөт эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, узартылышы мүмкүн. Бул салыктык төлөмдөрдүн өлчөмү «Каракол» ЭЭЗинин башкы дирекциясы тарабынан аныкталат.
Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясынын бюджетинен өзү жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын пропорционалдуу 0,01 процент чегерүү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 253, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238 токтомдорунун редакцияларына ылайык))
25. «Каракол» эркин экономикалык зонасында чет өлкөлүк валютаны эркин жүгүртүү каралат.
«Каракол» ЭЭЗинин субъекттери (резиденттери) зонанын банктарында валюталык эсеп ача алат, ал эсепке эч кандай чек коюлбайт. Чет өлкө валютасын «Каракол» ЭЭЗинин чегинде санкция коюлган курс менен сатып алууга жана эсебиндеги валюта аталган зонанын аймагында жана анын чегинен тышкары пайдаланганга акысы бар.
26. Эгерде чет өлкөлүк инвесторлор өздөрүнүн каражатын Башкы дирекция белгилеген «Каракол» ЭЭЗинин артыкчылыктуу тармактарына жумшаса, улуттук валюта менен түшкөн кирешенин бир бөлүгү өз ара макулдашылган курс боюнча иши түшкөн тараптын валюталык каражатынын эсебинен которулат.
27. Зонадагы чет өлкө ишканалары менен орток ишканалардын валюталык каражаты чек коюлбастан зоналык банктардын өз тармактарынын чегинде которулуп турат. Мындай операция, асыресе өздөрүнүн түз корреспондеттик эсебин колдонуу аркылуу чет өлкөлүк банк мекемелери да жүргүзүлөт.
«Каракол» ЭЭЗинин Баш банк, коммерциялык, инвестициялык, оффшордук банк, дагы башка адистештирилген жана универсалдык финансылык-кредиттик мекемелер түзсө болот. Булар бардыгы биригип, эркин ассоциациалануучу жана башка зоналык акционердик-финансылык топторду түзүүгө укуктуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык.
Чөлкөмдүн аймагындагы жана анын чегинен тышкары бардык банк аралык эсептешүүлөр «Каракол» ЗЗЭинин Баш банкына ачылган корреспонденттик эсеп укуктары аркылуу жүзөгө ашырылат.
«Каракол» ЭЭЗинин Баш банк, коммерциялык, инвестициялык, оффшордук банк дагы башка адистештирилген жана универсалдык финансылык-кредиттик мекемелер түзсө болот. Булар бардыгы биригип, эркин ассоциациялануучу жана башка зоналык акционердик-финансылык топторду түзүүгө укуктуу.
Чөлкөмдүн аймагындагы жана анын чегинен тышкары бардык аралык эсептешүүлөр «Каракол» ЭЭЗинин Баш банкында ачылган корреспонденттик эсеп укуктары аркылуу жүзөгө ашырылат.
«Каракол» ЭЭЗнин баш банкы («Каракол» банк) жүргүзүлүп жаткан финансылык-кредиттик операцияларды, валюталардын бардык түрлөрүнүн жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алып, аталган чөлкөмдө улуттук да, ошондой эле чет өлкө валютасын да адистештирилген резервдик фонддорун түзөт.
28. «Каракол» ЭЭЗинин өзгөчө укуктук, ошонун ичинде бажылык режими болот. «Каракол» ЭЭЗнин түзүүдөн жана анын ишин жүргүзүүдөн келип чыккан маселелер Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зона жөнүндөгү» Мыйзамы, ушул Жобо жана эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. «Каракол» ЭЭЗзинде аткаруучу, сот жана өкүлчүлүктүү бийлик органдары жана аталган органдардын жооптуу кызматкерлери берилген укук-милдетти компетенциясына жараша жүзөгө ашырат.
«Каракол» ЭЭЗиндеги бажыканалык режим
29. Бажы ишин жөнгө салуучу мыйзамдар менен нормативдик ошондой эле бажылык чек ара аркылуу өтүүчү экспорт, импорт товарларына салык салуу тартиби «Каракол» ЭЭЗи Кыргыз Республикасынын бажыканалык аймагынан сыркары турарын, ал эми анын чет жакасы Кыргыз Республикасынын бажыканалык чек арасынын тутумдаш бөлүгү экенин эске алуу менен колдонулат.
30. «Каракол» ЭЭЗинде чыгарылгандар же ага ташылып келгендер Кыргыз Республикасынын бажыканалык аймагынын сыртында турууга продуктулар жана товарлар катары каралат, «Каракол» ЭЭЗинин субъекттери чыгарган продуктулар менен товарлар тышка ташылганда лицензия, квотадан бошотулат. Эгер товар менен продукциянын кошумча наркынын көлөмү 10 проценттен ашпаса, а кошумча нарк бааны кымбаттатуудан алынбаса, анда алар (товар, продукция) аталган зонадан өндүрүлгөн деп эсептелет.
ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары экспорттоодо ЭЭЗдин бул продукциясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында өндүрүлгөн продукция болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
31. «Каракол» ЭЭЗинде реэкспортко чыгарылчу, ошондой эле зонага ташылып келинчү товарларга салынчу салыкты алып таштоону же азайтууну камтыган өзгөчө бажыканалык режим иштейт. ЭЭЗдин субъекттери үчүн конкреттүү преференциялар «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы тарабынан коюлат.
Эгерде «Каракол» ЭЭЗнин аймагынан Кыргыз Республикасынын башка региондоруна жана андан сырткары жактарга продуктулар менен товарлар, дагы башка мүлктөр ташылып кете турган болсо, бажыкана салыгы алардын ичинен чет өлкөдөн чыгарылгандарына гана салынат.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына «Каракол» ЭЭЗнин субъектери берген товарлардан «Каракол» ЭЭЗинде кайра иштетүүнүн деңгээлине, бүтүмдүн өлчөмүнө жана сатып алуучуга карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акциз салыгы, кошумча нарк салыгы алынат. «Каракол» ЭЭЗ аймагында өндүрүлбөгөн жана «Каракол» ЭЭЗ субьекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы пошлиналары, кошумча наркка салык жана акциз салыгы салынат;
Чет өлкө инвесторлору менен биргелешип аткарылчу орток ишке же уставдык фондко салынган материалдык импорт иш түзүлүп жаткан бажыканалык салыктан бошотулат.
Чет өлкө инвестициясы менен иштеп жаткан ишканаларды өндүрүшү үчүн алынып келинген импорттук чийки заттардан жана алардан компоненттеринен бажыканалык салык алынбайт.
«Каракол» ЭЭЗинин аймагына ташылып келүүчү жана андан ташылып кетүүчү продукция, товар дагы башка сөзсүз түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын аймагында эркин колдонууга уруксат берилбегендеринен сырткары товарлардын бардыгы «Каракол» ЭЭЗине Кыргыз Республикасы менен соода катнашы бар бардык мамлекеттерден алынып келинет.
Кыргыз Республикасынын аймагында сатылышына жана алынып келишине чектөө коюлган наркотикалык, психотроптуу заттар, курал-жарак, ок-дары жана башка товарлар «Каракол» ЭЭЗинин күчүндө турган мыйзамдарга ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар жана «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы уруксат берсе гана киргизилет.
«Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы ЭЭЗиндин аймагындагы башка товарларга жана мүлккө коркунуч туудура турган товарларды алып кирүүгө чектөө коюуга же толугу менен токтотууга укугу бар.
33. «Каракол» ЭЭЗине Кыргыз Республикасынын бажыканалык аймагынан курулуш, жабдуу иши, имараттарды эксплуатациялоо үчүн ташылып келинген жана транспорт, башка техникалык каражаттар бажыканалык салыктан бошотулат.
34. Эгерде «Каракол» ЭЭЗинин аймагындагы чогултулган же өндүрүлгөн продукция жана товар Кыргыз Республикасынан чыккан чийки затты да колдонуу менен жасалса, алар республиканын бажыканалык аймагына ташылып келингенде ошол продукцияны жана товарды өндүрүүгө колдонулган импорттук комплекттөөчү тетиктердин жана сырьелордун наркынан алынат.
35.(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
36. «Каракол» ЭЭЗинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакка аймагындагы көзөмөлдүк-текшерүү пункттары аркылуу, ошондой эле Кыргызстандагы эркин экономикалык зоналарга продукция, товар алып чыгуу бажыканалар ортосунда транзит жообу менен товар ташуу иши үчүн бажыкана органдары койгон мыйзамдардан жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.
Эркин экономикалык зонада өндүрүлгөн экспорт продукциялары «Каракол» ЭЭЗде өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн 30%тен ашпоого тийиш болуп, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттолгондон башка көлөм жыл бою квоталоодон жана лицензиялоодон бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
37.(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
«Каракол» ЭЭЗиндеги салык саясаты
«Каракол» ЭЭЗинде катталган чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салуунун тартиби
38. «Каракол» эркин экономикалык зонасында салык алуунун жеңилдетилген режими колдонулат, Кыргыз Республикасынын ички рыногунун керектөөлөрү үчүн кызмат көрсөткөн экономикалык эркин зоналарынын субъекттеринен тышкары. Менчигинин түрүнө карабастан «Каракол» ЭЭЗине кирген бардык субъекттер кирешеден, кошумча нарктан, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк юридикалык жактардан кирешесине автомобиль алынчу салыктардын ордуна прродукцияны (товар, аткарылган жумуш, көрсөтүлгөн кызмат) сатуудан түшкөн каражаттан гана баарысы үчүн бир түрдүү салык төлөйт.
Кыргыз Республикасынын ички рыногунун керектөөлөрү үчүн «Каракол» ЭЭЗнин субъекттери көрсөткөн кызматтан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча нарк салыгы алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунун керектөөлөрү үчүн кызматтар болуп «Каракол» ЭЭЗнин жана Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай адамдар сатып алган кызматтар саналат.
Каракол» ЭЭЗнин субъекттеринде жалданып иштеп жаткан адамдардан киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взносу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 токтомунун редакциясына ылайык)
39. «Каракол» ЭЭЗине кирген субъекттер ошондой эле акциздик, автомобиль жолдорунун, өндүрүштүк мүлктөр, видеосалондордон түшкөн кирешелеринен(*), жалпыга көрсөткөн концерттик иш-чаралары, мамлекеттик каттоодон өтүүдөгү жана лицензияларды алгандыгы үчүн да салык төлөшөт.
40. 38-жана 39-пункттарда аталган салыктардын наркы «Каракол» ЭЭЗинин башкы дирекциясынын чечими боюнча экспортко жөнөтүлүүчү же болбосо импортту алмаштыруучу продукциянын көлөмүнө, ошол чөлкөмдөгү продукциянын кайра иштетүүчү Кыргыз Республикасынын граждандарынын сан эсебине «Каракол» ЭЭЗин өнүктүрүү үчүн тигил же бул чарбалык иштердин артыкчылыгына жараша коюлат.
41. «Каракол» ЭЭЗинин аймагында соода-сатыктан түшкөн киреше үчүн салык төлөөчү чет өлкөлүк инвесторлор алган кирешесин чет мамлекеттерге алып кетсе салык төлөшпөйт.
42. «Каракол» ЭЭЗнин субъектиси катары катталган бардык биргелешкен чет элдик жана ата мекендик юридикалык жактарга жана адамдарга ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын чечими менен «пионердик статус» берилет.Бул чарба жүргүзүүнүн артыкчылыгына, чет өлкө инвестицияларынын көлөмүнө жана убактысына, илимий, экспорттук, импорттук алмаштырууга, Кыргыз Республикасынын граждандарынын өндүрүштөгү сан эсебине жараша субъекттер жарыя кылган ар кандай кирешени алгандан кийин 5 жылдык мөөнөткө чейин ар түрдүү салыктардан бошотууну гарантиялайт.
Ошондой эле ЭЭЗдин башкы дирекциясынын чечими менен эл чарбалык мааниси же өзүнүн багытында регионду өнүктүрүүдө келечеги бар. «Каракол» ЭЭЗнин субъекттеринде башка салыктарды төлөгөндө жеңилдик берилет.
43. Региондун экономикасындагы инвестициялардын бардык көлөмү «пионердик статус» мезгилиндеги 5 жылдык мөөнөтү аяктагандан кийин 1,5 миллион доллардан кем эмес жана ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын 300 гражданынын иш менен камсыз кылган же башка себеби барынан «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы тарабынан аймактын экономикалык же техникалык өнүгүүсүнө көмөктөшкөн деп табылган ишканалар аталган статусту дагы 5 жылдык мөөнөткө узартууга укук алат. Тийиштүү негизи табылганда бул мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн.
44. Эгерде чет өлкөдө чарба жүргүзүп жаткан Кыргызстандык субъекттерге карата аталган салыктарга чектөө коюу же токтотуу эки тарапка тең ылайык келген принципте иштелсе, бизде иштеп жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга карата да дал эле ошондой чаралар колдонулат.Мындай чаралар ошол мамлекеттин салык салуу органдары тарабынан далилдениши керек.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык Кыргыз Республикасында тапкан кирешесине салык төлөөдөн толук же анча-мынча бошотулууга укугу бар чет элдик юридикалык жак же жеке адам салыкты азайтуу же андан бошотуу жөнүндө белгилеген тартипте арыз берет. Арызды киреше чет өлкөгө которулгандан кийин берсе, арызда коюлган маселе арыз берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде чечилиши керек. Бир жыл өткөндөн кийин берилген арыздар каралбайт.
45. Региондо айрым мамлекеттик жана зоналык программаларды ишке ашырууга берилген кредиттен процент түрүндөгү кирешелерге салык салынбайт.
Продукцияны (ар кандай товар жана кызмат көрсөтүү) сатуудан түшкөн кирешелерден алынуучу бирдиктүү салык
46. «Каракол» ЭЭЗинде катталган юридикалык жакты түзүп да, түзбөй да чарба жүргүзүп жаткан бардык субъекттер бирдиктүү салык төлөөчү салык эсептелишет.
47. Продукцияны (ар кандай товар, жумуш жасап берүү, кызмат көрсөтүү) сатуудан түшкөн каражаттар сатуудан сырткары операциядан түшкөн кирешени көбөйткөндөгү сумма салык объектиси болуп эсептелет. Отчеттук мезгилде аткарылган иштин, көрсөтүлгөн кызматтан жөнөтүлгөн товар, продукция, дагы башка материалдык байлыктардан түшкөн сумма сатуудан түшкөн каражат катары эсептелет.
Сатуудан сырткары операциялардан түшкөн кирешелер булар:
- чарба жүргүзүү боюнча келишимдерди бузгандыгы үчүн алынган айып туум (пения) жана башка санкциялар, ошондой эле чыгашанын ордун толуктоочу каражаттар:
- кредит катары сатылган продукция жана башка векселдер, заемдук милдеттемелерден алынган проценттер:
- номиналдык баасынан жогору турган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн киреше:
- арендага берилген мүлктөр үчүн алынган төлөмдөр;
- валюталык операциялар боюнча ийгиликтүү курстук айырмачылыктар.
48. Бирдиктүү салыктардын ставкасы иштин түрүнө жараша дифференциалдуу белгиленип, «Каракол» ЭЭЗинин башкы дирекциясы тарабынан бекитилет жана бир финансылык жылдын ичинде аны өзгөртүүгө болбойт.
«Каракол» ЭЭЗинде бир эле убакта бир канча иш жүргүзгөн субъектилер түшкөн каражаттардын эң чоң бөлүгүнө жараша ставка боюнча салык төлөшөт. Бирдиктүү салыкты эсептөө жыл башынан өсүүчү жыйынтык боюнча жүргүзүлөт.
«Каракол» ЭЭЗинин бюджетине төлөнүүчү (өздүк наркына тиешелүү төлөмдөрдөн башкасы) салыктардын суммасы ЭЭЗдин Башкы дирекциясы тарабынан белгиленген ставкалардан ашпоого тийиш.
49. Продукция (товар, жумуш жасап берүү, кызмат көрсөтүү) сатуудан түшкөн каражаттардан алынуучу бирдиктүү салык «Каракол» ЭЭЗинин бюджетине түшөт.
Салыктын суммасын төлөнчү өз алдынча продукцияны (товарлар, жумуш жасап берүү,кызмат көрсөтүү) сатуудан алынган пайдага таянып, берилген жеңилдиктер жана салыктын ставкаларын эске алуу менен алынган кирешенин суммасын көбөйтүү аркылуу чыгат.
Салыкты төлөө кварталдык эсеп боюнча бухгалтердик отчетторду (баланстарды) берүү үчүн белгиленгенден 5 күндүк мөөнөттө, ал эми жылдык эсеп боюнча отчеттук жылдан кийинки 20-мартка чейин жүргүзүлөт.
Бирдиктүү салык боюнча жеңилдиктер
50. Продукцияны (товар, жумуш жасап берүү же кызмат көрсөтүү) сатуудан алынган кирешенин белгиленген ставкаларына ылайык эсептелген бирдиктүү салык төмөндөгүлөргө азайтат:
- «Каракол» ЭЭЗинин бюджетине арендаторлордун мамлекеттик мүлктү ижарага алгандыгы үчүн төлөгөн арендалык акысынын суммасына:
- капиталдык курулушка, реконструкцияга негизги фондуларды сатып алууга жана модернизациялоого кеткен чыгымдын 25 процентине:
- Кыргыз Республикасынын граждандарын дүйнөлүк стандарттагы адистердин деңгээлине чейин окутууга,даярдоого жана кайрадан даярдоого инвестицияланган салымдардын суммасынын 50 процентине:
- мектепке чейинки мекемелерди, мектептерди,саламаттык сактоо объектилерин, маданий агартуу жана дене тарбиялык эс алуу жайларын кармоого багытталган суммалардын 50 процентине:
- «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциянын чечими боюнча регионду өнүктүрүүдө өзгөчө артыкчылыкка ээ деп табылган иштерди жүргүзгөн «Каракол» ЭЭЗинин субъекттери үчүн «пионердик статус» мөөнөтүнүн ичинде 100 процентке.
Салык төлөөчүлөрдүн милдеттери
51. «Каракол» ЭЭЗинде салык төлөөчүлөр буларга милдеттүү:
а) Финансылык-чарбалык иштери боюнча бухгалтердик эсепти жана отчетту белгиленген тартип боюнча жүргүзүүгө салык салуу органдарына киреше жана чыгым жөнүндөгү декларацияларды, эсептөө жана төлөө боюнча документтерди жана маалыматтарды белгиленген формаларда көрсөтүп турууга. Киреше менен чыгымдын декларацияларынын көчүрмөсүн статистика органдарына берип турууга:
б) жеңилдиктерге укугу бар экендигин далилдей турган документтерди көрсөтүп, айрым учурда берип турууга;
в) тиешелүү суммадагы салыкты өз убагында жана толугу менен төлөп турууга;
г) каражаттарды (кирешени) алууга байланышкан жумуштар жүрүп жаткан жайларды жана салыкта эсептөө, төлөө боюнча маселелерди чечүүнү текшерүүгө келген салык органдарынын жооптуу кызматкерлерин киргизүүгө.
52. «Каракол» ЭЭЗинин чарбакер субъекттери салык органдары жүргүзгөн ар кандай текшерүү боюнча актыларга кол коюуга милдеттүү. Ал эми актыларга көрсөтүлгөн фактыларга макул болсо, 3 күн ичинде өзүнүн макул эместиги тууралуу түшүндүрмө кат жазууга акылуу.
Чарбакер субъекттер өзүнүн макул эместигин далилдеген кагазын тапшыргандан кийин, текшерүүчү органдын жетекчиси чечим кабыл алганча, салык инспекторунун көрсөтмөлөрүн аткарбай турууга укуктуу.
Чарбакер субъект текшерүү жүргүзгөн салык органынын жетекчиси чыгарган чечимге макул болсо, чечим кабыл алынган күндөн баштап бир ай убакыттын ичинде сотко кайрылууга укуктуу. Бирок сотко берилген доо арызы салык органдарынын жана алардын жооптуу кызматкерлердин ишин токтото албайт.
Эгерде сот мамлекеттик салык органынын текшерүүсүн туура эмес деп тапса, ал чарбакер субъектиге тарткан зыянын толугу менен кайтарып берүүгө милдеттүү.
53. «Каракол» ЭЭЗинде катталган чарбакер субъекттер мыйзамда каралган тартипке ылайык салык салуу багытында аудитордук иш менен кызмат жүргүзүүгө укугу бар лицензия алган Кыргыз Республикасынын граждандарына аудитор текшергенден кийинки бухгалтердик баланс жана киреше, чыгым жөнүндөгү декларацияны салык органдарына көрсөтүүгө милдеттүү.
«Каракол» ЭЭЗиндеги чарбакер субъект аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгын өз убагында тапшырбаса, орточо айлык кирешесинин өлчөмүндө айыпка тартылат. Салык органы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгын өз убагында тапшырбаган чарбакер субъекттин салыкты эсептөөсүнүн тактыгын тез арада текшериши керек.
Бюджетке төлөтүп алынган жана туура эмес төлөнгөн салыктарды бюджеттен кайтарып берүү тартиби
54. Өз убагында төлөнбөгөн салыктын суммасы, ошондой эле сатуудан сырткары операциялардан түшкөн каражаты жана кирешени жашыргандыгы үчүн айыптардын суммасы салык инспекциялары тарабынан сот аркылуу өндүрүп алынат.
55. Өз убагында төлөнбөгөн салык үчүн туум (пения) кечиктирилген ар күндө төлөнбөй калган сумманы (төлөнгөн күндү эске алуу менен) 0,1 процентти өлчөмүндө эсептелинет.
56. Бюджетке туура эмес кириш кылынган ошондой эле тартипти бузуу менен төлөтүлүп алынган сумма кайра кайтарылып берилет, же болбосо ал каражат түшкөн күндөн баштап бир жылдык мөөнөт өтпөсө, төлөөчүнүн каалоосу боюнча анын башка карыздарын жабууга кетет. Туура эмес төлөнгөн салыкты бюджеттен кайтарып берүү туура эмес төлөөнү тапканга чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
Салык органдарынын көзөмөлү
57. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык салык салуунун тартибин колдонуунун көзөмөлдөөнүн тууралыгы аркылуу жүргүзүлөт.
Укуктук режимдин кошумча өзгөчөлүктөрү
«Каракол» ЭЭЗиндеги эмгек мамилелери
58. «Каракол» ЭЭЗинин мекемелеринде, уюмдарына жана ишканаларында эмгек мамилелери, анын ичинде жалдап иштетүү жана бошотуу, эмгектенүү жана эс алуу, социалдык гарантиялар жана компенсация маселелери эмгек жамаатынын келишими жана жекече келишимдердин (контракттардын) негизинде жөнгө салынат. Кызматчылардын эмгек акысын жана башка бардык кошумча кирешени, анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен төлөөнүн шарттары жана өлчөмү аймактагы ишканалар жана уюмдар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен белгиленет.
Коллективдүү жана жекече эмгек келишимдери бул ишканалар менен уюмдардын кызматчыларынын абалын Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасында ратификацияланган «Эл аралык эмгекти уюштуруу» конвенциясында каралгандан начар шартка коюушуна жол берилбейт.
59. Чет элден келген кызматчылардан чет өлкөлүк валюта менен алынган эмгек акысы салыктарды төлөгөндөн кийин башка өлкөгө тоскоолдуксуз алынып кете берет.
60. «Каракол» ЭЭЗинин ишканалары менен мекемелеринин жумушчулары жана адистери эмгек келишимдерине ылайык маянасын жана чет өлкөгө барган командировкага сарпталган каражатты валюта менен алуусу мүмкүн.
61. Кыргыз Республикасынын башка региондорундагы ишканалардын, мекемелердин жумушчулары жана адистери «Каракол» ЭЭЗинин мекемелеринде жана ишканаларында келишимдик (контракттык) негизинде иштей алышат.
«Каракол» ЭЭЗине кирүү жана чыгуу тартиби
62. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгиленген «Каракол» ЭЭЗине чет элдик граждандардын кийирүү жана чыгуу жөнөкөйлөтүлгөн режимде жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагынын консулдук ишин алып баруучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармасынан өкүлчүлүк болушун:
- Консулдук жыйымдын суммасын 50 процентке азайтууну:
- кирүү жана чыгуу визалары боюнча документтерди кароо мөөнөтүн кыскартууну:
- эркин экономикалык зоналардын өнүгүү процесси өзгөрүп кетсе, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «Каракол» ЭЭЗи үчүн караган шарт боюнча айырмалуу информациялык-укуктук жана консулдук тейлөө уюштурууну.
63. «Каракол» ЭЭЗинин аймагында консулдук тейлөөнүн жүргүзгөн кыргызстандык жана чет өлкөлүк мекемелердин, ишканалардын жана фирмалардын ортосунда өз ара пайдалуу ишкер байланыштарды түзүүгө жана өркүндөтүүгө көмөктүү Кыргыз Республика Тышкы иштер министрлигинин консулдук агентствосу көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын гражданы гана консулдук агент боло алат.
ЭЭЗдин режимин колдонуунун мөөнөтү
64. «Каракол» ЭЭЗине экстеррриториялык режим киргизүү мөөнөтү Кыргыз Республика Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 7-майындагы токтому менен белгиленген. Ал токтом боюнча аталган режим акыркы көрсөтүлгөн күндөн 99 жыл өткөндөн кийин токтотулат. Мында ЭЭЗинде жеңилдиктерди пайдалануу мөөнөтү «Эркин экономикалык зоналар» жөнүндөгү Мыйзамга ылайык 10 жылга белгиленет, ал мөөнөт Кыргыз Республика Өкмөтүнүн чечими менен узартылышы мүмкүн.
ЭЭЗ режимин кийирүүнү өткөөл мезгили зонаны Башкы дирекциянын чечими менен белгиленет, бирок ал мөөнөт Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тартып эсептелгенде 7 жылдан ашпашы керек. Бул мөөнөт «Каракол» ЭЭЗинин инфраструктурасын курууга, укуктук базаны түзүүгө, ЭЭЗдин аймагын иш жүзүндө өздөштүрүп, объектилерди колдонууга пайдаланылат.
ЭЭЗдик режимди токтотуу алдындагы өткөөл этаптын жана шарттары дагы зонанын Башкы дирекциясы тарабынан белгиленет жана ал ЭЭЗди жоюу мезгилине 3 жыл калгандан кеч коюлбаш керек. ЭЭЗдин режими өкүм сүрүп турган мезгилде зонанын аймагында жумушчу тил катары мамлекеттик тил менен кошо мамлекеттер аралык тилдер (орус, англис ж.б.) колдонулат.
«Каракол» ЭЭЗин башкаруу
«Каракол» ЭЭЗинин башкы дирекциясы
65. «Каракол» ЭЭЗинин башкаруу органдары болуп Башкы дирекция эсептелет. Ал ЭЭЗдин иштешин жана өнүгүшүн жетектейт, ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча ЭЭЗдин өзалдынча субъекттеринин ишин координациялайт.
66. .(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
67. «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле бул мыйзамдарга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка Мыйзам актыларын, «Каракол» ЭЭЗи жөнүндөгү ушул Жобону жетекчиликке алат.
68. «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органдары, Ысык-Көл областтык,райондук жана шаардык өзүн-өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара байланышта жүргүзүлөт.
69. «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы өз ишин республикадагы башка ЭЭЗдердин таламдарын эске алуу жана айкалыштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы ЭЭЗдердин башкаруу органдары менен өз ара тыгыз байланышта иш жүргүзүп, бүтүндөй республика боюнча ишкердүүлүктү жана бизнести алып барууну эл аралык стандартынын калыптанышына көмөк көрсөтөт.
70. Башкы дирекциянын негизги милдеттери:
- «Каракол» ЭЭЗинин өнүгүү стратегиясын, анын ичинде генералдык планын иштеп чыгууу жана ишке ашыруу:
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагында табигый жана эмгек ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун, зонанын өнүгүү маселелери боюнча нормативдердин жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө:
- зонанын бюджетин түзүү,аны бекитүү жана аткаруу:
- «Каракол» ЭЭЗиндеги чарбакер субъекттерди каттоонун тартибин белгилөө;
- «Каракол» ЭЭЗинин субъектисине тиешелүү статусун ыйгаруу;
- «Каракол» ЭЭЗинин субъекттерин каттоо;
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагында түзүлгөн жана андан сырткары жайгашкан уюмдардын же ишканалардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн зонанын субъектиси катары каттоо;
- «Каракол» ЭЭЗинин субъекттерине Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» Мыйзамына жана башка мыйзамдык актыларында каралган салык боюнча жана башка жеңилдиктерди берүү ;
- «Каракол» ЭЭЗинде ишкердүүлүктү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган эрежелерди белгилөө;
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагына ташылып келүүчү жана андан ташылып кетүүчү, анын ичинде реэкспортко караштуу продуктулардан, товарлардан бажыкана салыгын алып таштоо же азайтуу;
- Эркин экономикалык зонаны өнүктүрүү жана иштетүү үчүн «Каракол» ЭЭЗинин Барымталык-камсыздоо Фондук, зонанын Башкы банкын, маалымдоо борборун, Бизнес-инкубаторду жана башка институттарды түзүү;
- банктарды жана камсыздоо компанияларын ачуу же аларды ачууга катышуу;
- «Каракол» ЭЭЗинин субзоналарын жана ишканаларын түзүү же түзүүгө катышуу,аларды уюштуруу документтерин жана уставдарын каттоо;
- мамлекеттик муктаждыктар үчүн зарыл продуктуларды жана товарларды берүү боюнча мамлекеттик заказдарды ЭЭЗдин ишканаларына бөлүштүрүү;
- ЭЭЗдин ишканаларынын акцияларын, алардын продуктуларын, товарларын сатып алуу жана аларды жумшоо;
- баалуу кагаздарды чыгаруу;
- «Каракол» ЭЭЗин түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн тартылган ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий, долбоордук, өнөр жай, курулуш уюмдарынын иштерин координациялоо;
- ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун сунуштары боюнча конкреттүү чечимдерге баа берип, аларды кабыл алуу, «Каракол» ЭЭЗи менен эл аралык рыноктун экономикалык байланыштарын жөнгө салуу;
- жалпы зоналык маанидеги долбоорлордо каралган капиталдык салымдарды өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
- коммерциялык негизде зонадан сырткары жайгашкан объектилерди кеңейтүүгө жана модернизациялоого катышуу;
- чет өлкөлүк банктардын, фирмалардын, эл аралык уюмдарын өкүлчүлүктөрүн каттоо, ошондой эле өзүбүздүн өкүлчүлүктөрдү чет мамлекеттерде ачуу;
- экспортту жана импортту, транспорт каражаттарын, ошондой эле эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын жана алардын товарлары менен буюмдарын декларациялоо;
- «Каракол» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын концессиялык органынын ыйгарым укуктарын аткаруу, башкача айтканда концессинер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, концессиялык келишимдердин жана талаптардын шарттары сакталышына контролдук кылуу, концессиялык ишкананы жоюуда Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу мүлктөрүн артыкчылык берүү менен сатып алуу, көз каранды эмес аудитордук кызматка тартуунун аркасында концессиялык финансылык-чарбалык иштерин текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аркандай чарбалык иштерди жүргүзүүгө лицензия берүү;
- «Каракол» ЭЭЗинин эл аралык туристтик комплексине кирген тоодогу кырсыктардан сактоо отряддарын жана бөлүктөрүн, ЭЭЗдин объектилерин кайтаруу үчүн аскердик бөлүктөрдүн, ошондой эле зонанын ички иштер органдарын жана детектив-агенттерди түзүү жана алардын иштерин көзөмөлдөө. Кыргыз Республикасынын ар кайсы министрликтери менен макулдашылгандан кийин жогоруда аталган аскер бөлүктөрүнүн структурасы жана саны «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы тарабынан аныкталат.
71. Ушул Жобонун 10-пунктундагы белгиленген иш-аракеттерди турмушка ашыруу үчүн «Каракол» ЭЗЗинин Башкы дирекциянын төмөнкүдөй укуктары бар:
а) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары жерлерде жайгаштыруу үчүн баалуу кагаздарды жана заемдорду чыгаруу менен кредит түрүндө чет өлкөлүк жана ата мекендик финансылык каражаттарды тартуу;
б) эл аралык соода жармаңкелерине, банктар уюштурган валюталык аукциондорго активдүү катышуу;
в) Кайтаруу документтерин, техникалык документтерди, технологияларды, интеллектуалдык менчикти, «ноу-хау» жана башкаларды алып жүрүүгө жана колдонууга укуктарды алуу жана берүү;
г) чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана граждандардын катышуусу менен орток ишканаларды,эл аралык бирикмелерди жана уюмдарды түзүүгө катышуу;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу. Кыргызстандын аймагында филиалдарды ачуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарды бекиткен тартипте чарбалык иштин шарттарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Филиалдар жана өкүлдөр Башкы дирекция мүлкүнүн эсебиндеги негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар менен бекемделип, Башкы дирекция бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн мүлкү алардын өзүнчө балансында катталат. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иштерин башкарууну Башкы дирекциядан алынган ишеним каттын негизинде Башкы дирекция тарабынан дайындалган адамдар жүргүзүшөт;
е) каражаттарды инвестициялык, соодалык, кредиттик жана башка операцияларга кошуу;
ж) акчалай каражат, граждандар жана уюмдар ыктыярдуу берген мүчөлүк акы, жер участкаларын, турак жай, мүлк жана башка материалдык байлыктардан фонд түзүп, аны өз алдынча колдоно алышат.
Фонд түзүү жана аны колдонуунун багыты, көлөмү, принциптери жана булактары «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы тарабынан белгиленет.
72. ЭЭЗдин Башкы директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалат.
- «Каракол» эркин экономикалык зонасын түзүүдө жана өнүктүрүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ЭЭЗинин өткөөл мезгилинде конструктивдүү багыт менен эриш-аркак иштеши үчүн жооп берет.
- «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, алардын орун басарларына, «Каракол» ЭЭЗин өнүктүрүү комитетинин төрагасына берилген ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин чегин белгилейт.
- жерди, айлана-чөйрөнү, ЭЭЗине берилген дагы башка менчик объектилерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзөт;
- Башкы дирекция жүктөлгөн иш-милдеттин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
«Каракол» ЭЭЗин өнүктүрүү комитети
.(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
«Каракол» ЭЭЗинин эксперттик кеңеши
.(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
«Каракол» ЭЭЗинин башкы дирекциясынын реквизиттери
76. «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби, мамлекеттик жана англис тилдеринде, өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлөрдө жөнөкөй жана валюталык эсептери, өзүнүн символикасы жана башка реквизиттери болот.
77. Башкы дирекциянын аппаратын күтүүгө сарптала турган каражат «Каракол» ЭЭЗинин бюджетинин эсебинен алынат. Ал эсеп «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» мыйзамдын жана «Каракол» ЭЭЗинин Жобосунуе негизинде түзүлөт.
78. «Каракол» ЭЭЗинин Башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Каракол шаарында төмөнкү адресте жайгашат: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Капин көчөсү, 120.