Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2024-жылдын 08-февралындагы № 3-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-марты № 44-п
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча Колдонмону бекитүү тууралуу
«Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2-беренесине жана 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобонун 10-беренесине ылайык, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү жөнүндө тиркелген Колдонмо бекитилсин.
2. Министрликтер жана ведомстволор тиркелген тизмеге ылайык 2014-жылдын 1-апрелине чейин Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгына бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшырышсын.
3. Коомчулук менен байланыш боюнча секторуна (Малаев Н.К.) бул буйрукту жана анын тиркемелерин расмий жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык камсыздалсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | О. Лаврова |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 44-п буйругу менен бекитилген |
1.Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча ушул Колдонмо (мындан ары - Колдонмо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 токтому менен бекитилген бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобого ылайык иштелип чыккан жана жана финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшыруунун максаты финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо жана отчеттуулук аркылуу бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчиликтерин күчөтүү болуп саналат.
3. Ушул Колдонмонун жобосу министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына (мындан ары – бюджеттик мекемелерге) жайылтылат.
4. Бюджеттик мекемелер жыл сайын финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын функционалдуулугун баалоону ишке ашырат жана өткөн жылдын 31-декабрына карата абал боюнча финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө Жылдык отчеттун формасын толтурат (ушул Колдонмого карата №1-тиркеме).
5. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин уюштуруу үчүн жооптуу болуп саналат.
6. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери иштин чөйрөсүнө, татаалдыгына жана иштин көлөмүнө жараша буйрук менен жумушчу топ түзөт же финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин координациялоо үчүн жооптуу адамды/түзүмдүк бөлүмдү (мындан ары – жооптуу адам) дайындайт.
7. Жооптуу адам жыл сайын бюджеттик мекеменин жетекчилиги белгилеген мөөнөттө финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө Жылдык отчеттун формаларынын тийиштүү компоненттерин толтурууну уюштурат.
8. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө Жылдык отчеттун Формасы алты главаны камтыйт:
1) Контролдук чөйрө, анын максаты жетекчилердин жана кызматкерлердин этикетин, башкаруучулук стилин, уюштуруучулук түзүмүн, милдеттерди бөлүштүрүүнү жана жоопкерчилигин, персоналды башкарууну жана анын компетенттүүлүгүн баалоо аркылуу бюджеттик мекемелердин контролдук чөйрөсүн баалоо болуп саналат;
2) сапаттуу мүнөздөмөлөрдү жана тобокелчиликтерди башкаруу, анын максаты бюджеттик мекемелер тарабынан максаттарды, стратегиялык жана учурдагы милдеттерди, тобокелчиликтерди башкарууну белгилөөнү аныктоо;
3) контролдук иш-чаралар, анын максаты саясатты жана жол-жоболорду баалоодо турат, ал функцияларды аткарууну, тобокелчиликтерди башкарууну жана экономикалык, майнаптуулук жана натыйжалуулук милдеттерине жетүүнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт;
4) маалымат жана коммуникация, максаты ички жана тышкы коммуникациялык жана маалыматтык системаларды, ошондой эле маалыматтардын санын, сапатын жана мезгилдүүлүгүн жана булактарын баалоодо турат;
5) мониторинг, максаты контролдук иш-чараларды жеке байкоо системасын баалоодон турат;
6) эсеп-чоттор, транзакциялар жана маалыматтык технологиялар, максаты аткарымдардын жана маалыматтык технологиялардын түрлөрү боюнча жеке контролдук иш-чараларды баалоодон турат.
9. Жылдык отчеттун формасы зарыл учурларда бюджеттик мекемелердеги иштердин өзгөчөлүгүнө жана татаалдыгына жараша бюджеттик мекемелер тарабынан баалоого тийиштүү башка маселелер/главалар менен толукталышы мүмкүн.
10. “Эскертүү” мамычасы Жылдык отчеттун Формасындагы суроолорго жоопторду аргументациялоо/колдоо үчүн тийиштүү башка маалыматтар менен толтурулат.
11. Жооптуу адам Жылдык отчеттун Формасынын ар бир суроосу боюнча жоопторду жалпылайт жана төмөндөгүдөй метод менен ар бир суроого жооптордун үлүшүн эсебин табат (жалпысынан бюджеттик мекемеси боюнча):
| жооптордун саны “ООБА” |
|
жооптун үлүшү “ООБА” = | ––––––––––––––––––––––––– | × 100% |
| жооптордун саны “ООБА” + жооптордун саны “ЖОК” |
|
- эгерде жооптордун үлүшү “ООБА” жогору же 51%га барабар болсо, анда ар бир суроо үчүн жалпы жооп “ООБА” деген катары эсептелет;
- эгерде жооптордун үлүшү “ООБА” 51%дан төмөн болсо, анда ар бир суроо боюнча жалпы жооп “ЖОК” деген катары эсептелет.
12. Жооптуу адам финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө Жылдык отчеттун формасын толтурат жана коюлган жоопторду негиздөө үчүн Отчетко кошумча ар кандай башка маалыматтарды киргизет (тышкы/ички аудиттин отчетунан тыянактар, ой-пикирлер ж.б.).
13. Жылдык отчеттун формасы мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук түрдө жана кагазга басып чыгаруу менен түзүлөт. Жылдык отчеттун формасынын ар бир пункту милдеттүү түрдө толтурулат.
14. Бюджеттик мекеменин жетекчисинин колу коюлган, коштомо катка тиркелген, бюджеттик мекеменин бланкына басылган, анын ичинде электрондук түрдө Жылдык отчеттун формасы бекитилген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылат.
15. Жылдык отчетто көрсөтүлгөн анык эмес маалымат Жалдык отчетту өз учурунда тапшырбаган бюджеттик мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16. Жылдык отчеттун формасындагы маалыматтарды ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зарылдыгына карай кошумча маалымат сурап алуусу мүмкүн.
| Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча Колдонмого карата №1-тиркеме |
Бюджеттик мекеменин аталышы _________________________________________________
Юридикалык дареги: ___________________________________________________________
Телефону:___________ Факс: _____________ E-mail: ________________________________
Интернеттеги сайты____________________________________________________________
№ | ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРУУНУН ЖАНА КОНТРОЛДООНУН КОМПОНЕНТТЕРИ | Ооба | Жок | Эскертүү |
| КОНТРОЛДУК ЧӨЙРӨ |
|
|
|
| Функциялар, ыйгарым укуктар жана милдеттенмелер |
|
|
|
1. | Ар бир кызматкерддин милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин камтуучу бюджеттик мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамалары бекитилдиби? |
|
|
|
2. | Кызматтык нускама бюджеттик мекеменин ар бир кызматкерине таанышуу билдирилдиби? |
|
|
|
| Уюштуруучулук түзүм |
|
|
|
3. | Учурдагы ресурстарды уюштуруучулук түзүм бюджеттик мекемелердин, жоопкерчиликтерине жана милдеттерине ылайык келеби? |
|
|
|
4. | Ар бир түзүмдүк бөлүктүн милдеттери, функциялары, укуктары, милдеттенмелери, компетенттүүлүгү жана отчеттуулугу аныкталганбы? |
|
|
|
| Жетекчинин башкаруучулук стили |
|
|
|
5. | Тийиштүү контролдук чөйрөдө өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн бюджеттик мекемелерде түшүнүүнү илгерилетүүлөр барбы? |
|
|
|
6. | Кызматкерлер жалпысынан жетекчинин иш стилин туура көрүшөбү (жетекчи катары ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди аныктайт, кызматкерлерди уюштурат жана даярдайт)? |
|
|
|
7. | Бюджеттик мекеменин жетекчиси финансылык башкаруу жана контролдоо системасын анын кемчиликтерин оңдоону кошкондо өнүктүрүүгө өбөлгө түзөбү жана көмөк көрсөтөбү? |
|
|
|
Ыйгарым укуктарды берүү |
|
|
| |
8. | Бюджеттик мекемелердин бардык деңгээлдеги жетекчилерине бюджеттик мекеменин милдеттерин жана функцияларын, милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктарды береби? |
|
|
|
9. | Бюджеттик мекемелердин бардык деңгээлдеги жетекчилери берилген ыйгарым укуктар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алабы? |
|
|
|
10. | Бюджеттик мекемелердин бардык деңгээлдеги жетекчилери тийиштүү компетенциясы бар кызматкерлерге гана ыйагрым укуктарды берүүнү камсыздайбы? |
|
|
|
11. | Бюджеттик мекемелердин бардык деңгээлдеги жетекчилерине берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн баш ийүү белгиленгенби? |
|
|
|
12. | Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө жана кабыл алууга ыйгарым укуктар берилген адамдын кол коюусун ырастоо жөнүндө жазуу түрүндөгү маалымат барбы? |
|
|
|
| Кесиптик этика |
|
|
|
13. | Бюджеттик мекеменин Жетекчилери жана кызматкерлери этиканын негизги принциптерин сакташабы (аларды сактабаган учурлар барбы)? |
|
|
|
| Персоналды башкаруу жана анын компетенттүүлүгү |
|
|
|
14. | Бюджеттик мекеме кызматкерлерди даярдоодо жана кесиптик өстүрүүдөгү муктаждыктарды баалай алабы? |
|
|
|
15. | Бюджеттик мекеменин бардык жаңы кызматкерлери үчүн баштапкы даярдык программасы барбы? |
|
|
|
16. | Бюджеттик мекеменин бардык кызматкерлер үчүн үзгүлтүксүз окутуу жана маалымдоо программалары барбы? |
|
|
|
17. | Кызматкерлер коюлган милдеттерди аткарууга тийиштүү түрдө даярдыгы барбы? |
|
|
|
18. | Окутуунун мониторинги жана документациялоо үчүн белгиленген жол-жоболор барбы? |
|
|
|
19. | Коюлган жеке милдеттерге карата бюджеттик мекеменин кызматкерлердин жетишүүсүн баалоо механизми барбы? |
|
|
|
20. | Кызматкерлер менен бирге жеке жетишкендиктер мезгилдүү бааланабы жана каралабы? |
|
|
|
| САПАТТУУ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРДҮ ЖАНА ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДИ БАШКАРУУ |
|
|
|
| Милдеттерди белгилөө |
|
|
|
21. | Бюджеттик мекеменин максаттары аныкталганбы? |
|
|
|
22. | Бюджеттик мекеменин стратегиялык милдеттери аныкталганбы? |
|
|
|
23. | Конкреттүү, так аныкталуучу, алгылыктуу, реалдуу учурдагы милдеттер аныкталганбы? |
|
|
|
24. | Стратегиялык милдеттер бюджеттик мекеменин максаттарына ылайык келеби? |
|
|
|
25. | Бюджеттик мекеменин максаттары, стратегиялык жана учурдагы милдеттери кызматкерлерге маалымат иретинде маалымдалганбы? |
|
|
|
26. | Анын максаттарына, стратегиялык жана учурдагы милдеттерине жетишүүсү үчүн бюджеттик мекеменин кызматкерлеринин жоопкерчиликтери аныкталганбы? |
|
|
|
| Пландоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук |
|
|
|
27. | Бюджеттик мекеменин стратегиялык иш планы барбы? |
|
|
|
28. | Бюджеттик мекеменин жылдык иш планы барбы? |
|
|
|
29. | Стратегиялык/учурдагы милдеттер планга киргизилеби? |
|
|
|
30. | Сапаттуу мүнөздөмөлөрдүн көрсөткүчтөрү иш планга киргизилеби? |
|
|
|
31. | Бюджеттик мекеме системалуу түрдө өзүнүн иш планын кайра карап чыгабы жана жаңылап турабы? |
|
|
|
32. | Сапаттуу мүнөзөмөлөрдүн милдеттерине/көрсөткүчтөрүнө жетишүү даражасына карата системалуу баалоо, мониторинг жана отчеттуулук ишке ашырылабы? |
|
|
|
33. | Бюджеттик мекеменин жылдык бюджетти түзүүнүн, аткаруунун жана аны аткаруу тууралуу отчеттуулуктун жазуу түрүндөгү кеңири жол-жоболору барбы? |
|
|
|
34. | Бюджеттик мекеменин максаттарга жетишүүсү үчүн ресурстар пландалганбы, башкарылганбы жана эсепке алынганбы? |
|
|
|
35. | Бюджеттик мекеме финансылык көрсөткүчтөрдү баалоону, мониторинг жүргүзүүнү жана кайра кароону ишке ашырабы (жылдык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде)? |
|
|
|
| Тобокелчиликтердин пайда болуусу мүмкүн болгон кырдаалдарды аныктоо |
|
|
|
36. | Бюджеттик мекеме стратегиялык жана аткарымдык милдеттерге жетүүгө терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон потенциалдуу окуяларды же кырдаалдарды аныктайбы? |
|
|
|
37. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтердин тышкы булактарын эсепке алабы? |
|
|
|
38. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтердин ички булактарын эсепке алабы? |
|
|
|
39. | Иштин негизги жаатына байланыштуу тобокелчиликтерди бюджеттик мекеме аныктайбы? |
|
|
|
| Тобокелчиликтерди башкаруу |
|
|
|
40. | Бюджеттик мекеме коюлган милдеттерге карай тобокелчиликтердин таасиринин жана ыктымалдуулугунун даражасын аныктайбы жана баалайбы? |
|
|
|
41. | Бюджеттик мекеме бааланган тобокелчиликтерге артыкчылык береби? |
|
|
|
42. | Бюджеттик мекеме мүмкүн болуучу тобокелчиликтердин адекваттуу даражасын аныктайбы? |
|
|
|
43. | Тобокелчиликтерди башкаруу программасы түзүлгөнбү жана бекитилгенби? |
|
|
|
44. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди азайтууга багытталган контролдук иш-чараларды ишке ашырабы? |
|
|
|
45. | Бюджеттик мекеменин тобокелчиликтердин мониторингин жүргүзүү жана отчеттуулук механизмдери барбы? |
|
|
|
46. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди идентификациялоо, баалоо, каттоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн жооптуу адамдарды дайындаганбы? |
|
|
|
47. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди башкарууну документтештиреби? |
|
|
|
| КОНТРОЛДУК ИШ-ЧАРАЛАР |
|
|
|
| Контролдук иш-чаралардын түрлөрү |
|
|
|
48. | Бюджеттик мекеме контролдук иш-чараларды бардык деңгээлдерде жана бардык аткарымдык процесстерде уюштурабы жана ишке ашырабы? |
|
|
|
49. | Бюджеттик мекеменин ар бир аткарымдык процесс үчүн жазуу түрүндөгү саясаты жана жол-жоболору барбы? |
|
|
|
50. | Бюджеттик мекеменин иш-аракеттерди жана аткарымдарды авторизациялоо жана бекитүү жол-жоболору (белгилүү бир адамга же адамдардын тобуна белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууга укук берүү) барбы? |
|
|
|
51. | Бюджеттик мекеменин баш ийүүсүндөгүлөрдүн ишине иликтөө жол-жоболору барбы? |
|
|
|
52. | Бюджеттик мекеменин жогору турган жетекчилерге карата кемчиликтерди отчеттуулугун караган контролдук жол-жоболору барбы? |
|
|
|
53. | Ички контролдоо жол-жоболору аркылуу аткарымдар башталганга чейин алдан ала контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
|
54. | Аткарымдардын учурунда учурдагы контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
|
55. | Аткарымдар аяктагандан кийин кийинки контролдоо ишке ашырылабы? |
|
|
|
56. | Бюджеттик мекеменин ресурстарга, материалдык баалуулуктарга, финансылык каражаттарга, программаларга, маалымат базаларына ж.б. (жеке же электрондук) жеткиликтүүлүктү контролдоо жол-жоболору барбы? |
|
|
|
57. | Бюджеттик мекеменин аткарымдарды/маалыматтарды алуунун тууралыгын текшерүү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
58. | Бюджеттик мекеменин аткарымдарды/маалыматтарды алуунун салыштырып-текшерүү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
| Аткарымдык жол-жоболорду документтештирүү |
|
|
|
59. | Негизги аткарымдык жол-жоболор боюнча документтерди жүгүртүүнүн графиги иштелип чыкканбы? |
|
|
|
60. | Бардык аткарымдык жол-жоболорду документтештирүү ишке ашырылабы? |
|
|
|
61. | Бюджеттик мекеменин ичиндеги аткарымдык жол-жоболорду үстүнөн иликтөөнү камсыз кылабы? |
|
|
|
62. | Бюджеттик мекеме тобокелчиликтерди натыйжалуу жана үнөмдүү башкаруу үчүн аткарымдык жол-жоболорду кайра кароону ишке ашырабы? |
|
|
|
| Милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү |
|
|
|
63. | Бюджеттик мекеме мүмкүнчүлүгүнө карай жана анын аныктыгын текшерүү менен байланышкан аткарымдарды демилгелөө функциясына ээ боло алабы? |
|
|
|
64. | Тобокелчиликтерге дуушар болгон* кызмат орундарын ээлеген адамдар мезгил-мезгили менен бааланып турабы жана текшерилеби? |
|
|
|
65. | Тобокелчиликтерге дуушар болгон кызмат орундарын ээлеген адамдардан жашыруундуулук жана коопсуздук жөнүндө макулдашууга кол коюу талап кылынабы? |
|
|
|
|
Эскертүү:* Тобокелчиликтерге дуушар болгон кызмат, эгер уурулуктун/алдамчылыктын маанилүү тобокелчиликтери болсо. |
|
|
|
| IV. МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ |
|
|
|
| Маалымат |
|
|
|
66. | Бюджеттик мекеме милдеттерди майнаптуу жана натыжалуу аткаруу үчүн тийиштүү маалыматтар менен жетекчилерди жана кызматкерлерди камсыздайбы? |
|
|
|
67. | Бюджеттик мекеме тарабынан керектүү маалыматтардын саны, сапаты жана мезгилдүүлүгү белгиленгенби? |
|
|
|
68. | Бюджеттик мекеме тарабынан маалымат булактары жана аларды алуучулар белгиленгенби? |
|
|
|
69. | Бюджеттик мекеме милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды туура, түшүнүктүү, пайдалуу жана толук (ички жана тышкы) иштеп чыгабы, өткөрүп береби жана алабы? |
|
|
|
70. | Бюджеттик мекеменин маалыматтык системасы милдеттерге жетишүүнү жеңилдете алабы? |
|
|
|
Коммуникация |
|
|
| |
71. | Бюджеттик мекемеде ички жана тышкы коммуникациялардын майнаптуу жана натыйжалуу системалары барбы? |
|
|
|
72. | Бюджеттик мекеме маалыматтарды тез, толук жана өз учурунда жайылтууну камсыздай алабы? |
|
|
|
73. | Бюджетитик мекемеде горизонталдуу да, вертикалдуу да коммуникациялар барбы? |
|
|
|
74. | Бюджеттик мекемеде горизонталдуу жана вертикалдуу коммуникациялар боюнча жазуу түрүндөгү саясат жана жол-жоболор барбы? |
|
|
|
75. | Бюджеттик мекеменин милдеттерди жана контролдук жоопкерчиликтер жетекчилер тарабынан кызматкерлерге билдирилеби? |
|
|
|
76. | Тартип бузуулар, алдамчылык же коррупциялык иш-аракеттерге шектелгендер жөнүндө отчеттуулук үчүн белгиленген коммуникация каражаттары жана жол-жоболор барбы? |
|
|
|
77. | Бюджеттик мекеме башка органдар тышкы тараптардан алынган маалыматтарды жайылтуу мониторингин ишке ашырабы? |
|
|
|
| МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ |
|
|
|
| Үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү |
|
|
|
78. | Бюджеттик мекеме кээ бир өзгөртүүлөрдү аныктоо максатында ички жана тышкы чөйрөнү изилдейт. |
|
|
|
79. | Бюджеттик мекеме финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын функционалдуулугун баалоо үчүн керектүү маалыматтарга ээ. |
|
|
|
80. | Бюджеттик мекеме финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын мониторингин ишке ашырабы жана туруктуу өркүндөт. |
|
|
|
81. | Бюджеттик мекеме контролдук иш-чаралардын мониторингин ишке ашырат. |
|
|
|
82. | Контролдук кемчиликтерди идентификациялоо жана оңдоо үчүн каражат катары жарандардын даттануулары пайдаланылат. |
|
|
|
83. | Тышкы (ички) аудиторлордун сунуштамалары толугу менен ишке ашырылабы? |
|
|
|
| VI. ЭСЕП ЧОТТОР, ТРАНЗАКЦИЯЛАР ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР |
|
|
|
| Накталай каражат |
|
|
|
84. | Накталай каражаттарды кассирге өткөрүп бергенге чейин көз карандысыз номерленеби жана катталабы? |
|
|
|
85. | Накталай каражаттардын түшүүлөрүнүн тизмеси көз карандысыз адам тарабынан киреше кассалык ордерлери менен текшерилеби? |
|
|
|
86. | Кассалык чыгаша ордерлерине кол коюу функциясы сатып алуу, накталай акчаны эсепке алуу жана кассалык чыгаша ордерлерин түзүү функцияларынан өзүнчө болуп саналабы? |
|
|
|
87. | Кассалык чыгаша ордерине кол койгон адамга бюджеттик мекеменин жетекчилиги тарабынан ыйгарым укук берилгенби? |
|
|
|
88. | Кассалык киреше ордерлери жана кассалык чыгаша ордерлери өзүнчө каттоолордо өз убагында жана деталдуу катталабы? |
|
|
|
89. | Банктык/казыналык эсеп-чоттордун көчүрмөлөрүн жазып алууга кассирдин жеткиликтүүлүгү барбы? |
|
|
|
90. | Жетекчилик түзгөн комиссия кассаны мезгилдүү инвентаризациялоону жүргүзөбү? |
|
|
|
91. | Банктык/казыналык эсеп-чотторду ай сайын салыштырып-текшерүү накталай акчага байланыштуу функциялардан көз карандысыз адам тарабынан ишке ашырылабы? |
|
|
|
| Финансылык эмес активдер |
|
|
|
92. | Финансылык эмес активдер, ошондой эле активди баяндоо, идентификациялык номер, наркы, сатып алуу датасы, эсептелген амортизациялардын суммасы, пайдалуу кызматтын мөөнөтү, сактоо жери, материалдык жооптуу адам, учурдагы абалы деталдуу жазуулары сакталабы? |
|
|
|
93. | Бардык финансылык эмес активдер мезгилдүү жеке талдоого жана жыл сайын деталдуу жазуулар менен салыштырып-текшерилүүгө тийишпи? |
|
|
|
94. | Финансылык эмес активдердин инвентарларын текшерүү үчүн нускамалар жана жазуу түрүндөгү жол-жоболор сакталабы, ошондой эле алардын ылайык келүүсү текшерилеби? |
|
|
|
95. | Инвентаризациялоо процесси финансылык эмес активдердин учурдагы абалын каттоону жана жаңылоону ишке ашырууну камсыздайбы? |
|
|
|
96. | Бюджеттик мекеменин финансылык эмес активдерди эсептен чыгаруу/сатуу үчүн жазуу түрүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
97. | Финансылык эмес активдерди эсептен чыгаруу/сатуу бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
|
98. | Бюджеттик мекеменин активдердин түшүүлөрүн жана эсептен чыгарууну каттоонун жазуу түрүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
99. | Активдерди жоготуулардан, санкциялаштырылбаган жеткиликтүүлүктөнжана кыянаттыктардан сактоо, коргоо боюнча чаралар кабыл алынабы? |
|
|
|
| Мамлекеттик сатып алуулар |
|
|
|
100. | Сатып алуу процессинде бюджеттик мекеме жабдып-жеткирүүнүн сапатын, санын, баасын, шарттарын жана мөөнөттөрүн баяндоону ишке ашырабы? |
|
|
|
101. | Бюджеттик мекеме контракт түзгөнгө чейин жабдып-жеткирүүчүнүн өзүнүн милдеттенмесин ийгиликтүү аткаруу жөндөмдүүлүгүн баалайбы? |
|
|
|
102. | Ар бир сатып алуу үчүн бюджеттик мекеменин документацияны сактоонун сатып алуу жол-жоболору каралганбы? |
|
|
|
103. | Жабдып-жеткирүүчүнү тандоо жана натыйжаларынын критерийлери документтештирилгенби? |
|
|
|
104. | Бюджеттик мекеменин жабдып-жеткирүүчү тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү баалоо үчүн жазуу түрүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
| Карыз |
|
|
|
105. | Бюджеттик мекеменин карыздар боюнча аткарымдарды иштеп чыгуу үчүн жазуу түрүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
106. | Бардык товарларды/алынуучу кызматтарды каттоо үчүн бюджеттик мекеменин каттоосу барбы? |
|
|
|
107. | Товарларды/кызматтарды кабыл алуу учурунда жана карыздар катталганга чейин сапаты, саны, абалы, баасы боюнча сатып алуу шарттарын текшерүү менен иштеген көз карандысыз жак барбы? |
|
|
|
108. | Сатып алуу жана алуу функцияларынан накладнойлорду, карыздарды жана Башкы китепти иштеп чыгуу функциясынан айырмасы барбы? |
|
|
|
109. | Баасы, саны, транспорттук чыгашалары, төлөө мөөнөтү боюнча жабдып-жеткирүүчүнүн накладнойлорун текшерүү ишке ашырылабы? |
|
|
|
110. | Накладнойлорду каттоого чейин жабдып-жеткирүүчүнүн накладнойлорундагы маалыматтардын алынган отчеттор жана сатып алуу контракттары менен ылайык келүүсүн текшерүү ишке ашырылабы? |
|
|
|
111. | Бюджеттик мекеменин кош төлөөнү болтурбоо үчүн акы төлөө ишке ашырылганга чейин наклоднойлорду каттоону камсыз кылуучу жазуу түрүндөгү жол-жоболору барбы? |
|
|
|
112. | Катталган карыз мезгилдүү каралабы жана жабдып-жеткирүүчүнүн көчүрмөсү менен салыштырылабы? |
|
|
|
113. | Карыздарды эсептен чыгаруу бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
|
| Эмгек акы |
|
|
|
114. | Маяналар бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
|
115. | Эмгек акы фондунун эсептөөлөрү бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан кайра каралабы жана бекитилеби? |
|
|
|
116. | Сыйлыктар, үстөк акылар, кошумча төлөөлөр бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилеби? |
|
|
|
117. | Эмгек акы боюнча бухгалтердик жазуулар штаттык расписание менен мезгили менен текшерилип турабы? |
|
|
|
118. | Эмгек акыны эсептөө кызматкерлердин аты-жөнүн, иш жүзүндөгү жумушчу саатын, маяналарын ж.б. деп түшүнүлөт. |
|
|
|
| Маалыматтык технология |
|
|
|
119. | Бюджеттик мекемеде программисттер менен программаларды жана тиркемелерди пайдалануучулардын ортосундагы милдеттер бөлүштүрүлгөнбү? |
|
|
|
120. | IT персоналына транзакцияларды жана шилтеме файлдарга өзгөрүүлөрдү демилгелөөгө тыюу салынганбы? |
|
|
|
121. | IT системаларына, программаларына жана аткарымдарына кирүү уникалдуу жана жашыруун паролдорду талап кылабы? |
|
|
|
122. | Бюджеттик мекемеде иштебей калган кызматкерлер үчүн паролдор мезгилдүү алмаштырылабы жана жок кылынабы? |
|
|
|
123. | Кызматкерлердин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон программаларга, файлдарга гана кирүү мүмкүндүгү барбы? |
|
|
|
124. | Түп нускадан башка жакта жайгашкан маалыматтар менен файлдарды резервдик көчүрмөлөө мезгили менен жүргүзүлөбү? |
|
|
|
125. | IT персонал маалыматтардын жашыруундуулугу менен камсыздай алабы ? |
|
|
|
126. | Компьютерлерде жана маалымат базаларында сакталган маалыматтарды жайылтуу үчүн IT персоналдын жоопкерчилигин белгиленгенби? |
|
|
|
127. | Маалыматтарды жоготуудан, санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн жана кыянаттыктардан сактоо, коргоо боюнча чаралар кабыл алынабы? |
|
|
|