Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары2010-жылдын 26-июну УӨ № 102           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                "Кайыњды-Кант" ачык акционердик коомунда                    тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө 

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кант кызылча өстүрүүдө иштеген айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кы-

зыкчылыктарын мамлекеттик коргоо, республиканын ичиндеги рыноктун ата

мекендик өндүрүштө чыгарылган ак кантка керектөөсүн камсыздоо, "Ка-

йыњды-Кант" ачык акционердик коомунун мүлктүк комплексинин активдерин

сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 21-апрелиндеги № 18 "Юридикалык жактарга тышкы башкаруу

жол-жоболорун киргизүү жөнүндө" Декретине таянуу менен Кыргыз Республи-

касынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. 2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык)

     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк  министрлигине  "Кайын-ды-Кант" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруучуну дайындоо укугу өт-көрүп берилсин.       Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева