Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 24-февралы ПЖ № 131
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 24-апрелиндеги № 140 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 15-февралындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 224 Указы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24- февралындагы № 131 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Рсспубликасыныи Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - РЖМК) радиожыштыктар спектрин колдонуу жагында мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
РЖМК ез ишин коллегиялык негизде жана юридикалык жак түзбестөн коомдук башталыштарда ишке ашырат. РЖМКныи катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук байланьни агепттиги эсептелет
2. РЖМК оз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Электр жана почта байланышы жонүндо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз
еспубликасынын башка чеиемдик укуктук актыларын, Кыргыз Рсспубликасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Эл аралык электр байланыш
союзунун (ЭЭС) сунуштарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. РЖМКнын негизги милдеттери
3. РЖМКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
-радиожыштыктар спектрин колдонууну башкаруу жагында пландаштырууну ишке ашыруу;
-радиожыштыктар спектрин колдонуу жагында мамлекеггик органдардын ишин борбордоштуруп координациялоону камсыз кылуу;
-мамлекеттик башкаруунун, өлкөнү коргоонун жана коопсуздугунун муктаждыктары үчүн байланыштын керектөөлөрүн камсыз кылууга шарттарды түзүү.
III. РЖМКнын функциялары
4. РЖМК милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн:
-жалпы дайындалыштагы маалыматты жигердүү коргоо каражаттарынын жана системаларынын башка радиоэлектрондук каражаттар менен электр магииттик
шайкеш келиши жагында аларга болгон жалпы талаптарды макулдашат;
-сунуштарды, жалпы жол-жоболук эрежелерди иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын аймагыида радиожыштыктар спектрин колдонуу тартибин аныктайт;
IV. РЖМКнын укуктары
5. РЖМК төмөнкүлөргө укуктуу:
-радио электрондук каражатгарды пайдалануучулардан РЖМКнын комнетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтарды алууга;
-техникалык экспертиза, консультация откерүү, РЖМКнын карамагына кирген башка маселелерди иштеп чыгуу үчүн келишимдик негизде илимий-изилдоо
мекемелерин жана окуу жайларын тартууга;
-кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашып туруктуу негизде же убактылуу түрдө жумушчу топторду түзүүгө, радиожыштыктар спектрин бөлүштүрүү
жана колдонуу жагында атайын маселелерди чечүү боюнча суиуштарды кароо жана иштеп чыгуу үчүн адистерди тартууга;
-"Электр жана почта байланышы жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган башка укуктарга ээ.
V. РЖМКнын курамы
6. РЖМК РЖМКнын төрагасынаи, жооптуу катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.
7. РЖМКны төрага башкарат, ал РЖМКнын ишин жетектейт жана ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат.
8 .РЖМКнын курамы Кыргыз Республикасынын Президента тарабынан апыкталат.
VI. РЖМКнын чечимдерин кабыл алуу тартиби
9. РЖМК ез ишин РЖМКнын торагасы бекиткен иш планына ылайык ишке ашырат.
10. РЖМКнын жыйналышын төрага өткөрөт. РЖМКнын мүчөлөрү жыйналыштарга ордуна башка адам жибербестен катышат.
РЖМКнын мүчөлөрү жыйналышта каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда добуш беруүгө бирдей укуктуу. Жооптуу
катчы РЖМКнын жыйналышына добуш берүүгө укугу жок катышат.
Эгерде РЖМКнын жыйналышына анын мүчелорүнүн жарымынан көбү катышса ал чечим кабыл алууга укуктуу деп саналат. РЖМКнын чечимдери комиссиянын
катышуучу мүчөлорүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
11. РЖМКнын жыйналыштары протоколдук чечимдер менен таризделсг, алар төрага, РЖМКнын катышкан мүчөлөрү жана жооптуу катчы кол койгондон кийин
күчүнө кирет. РЖМКнын протоколдук чечимдерипин негизииде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин
ченемдик укуктук актылары демилге кылынышы мүмкүн.
VII. РЖМКнын катчылыгынын компетенциясы
12. РЖМКнын катчылыгынын компетенциясына төмөнкулөр кирет:
-РЖМКнын ишин уюппуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу;
-РЖМКнын жыйналыштарын өткорүү боюнча иштерди уюштуруу;
-радиожыштыктар спектрин колдонуунун натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
-радиожыштыктар спектрин колдонууну онүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-радиожыштыктар спектрин колдонууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен бирдикте даярдоо;
-РЖМКнын чечимдерине монитрониг, талдоо жүргүзүүнү жана контролукдук кылууну ишке ашыруу.