КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 24-августу ПЖ № 187
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-статьяларына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясын түзүү жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгы.
Президент | А. Атамбаев |