Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 22-июлундагы ПЖ N 176 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 18-октябры ПЖ № 250
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин колдоо фондусунун Байкоочу кеңеши жөнүндө жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фондунун Байкоочу кеңеши төмөнкү курамда бекитилсин:
Болотбаев Асылбек - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын
Аскарбекович директорунун орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Мукамбетов Мурат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана
Картайбекович мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Токсобаев Болот - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Темирбекович экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Алымкулов Алисбек - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
Төлбашиевич
Салянова Аида - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Жеңишбековна
Узбеков Досмир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
Сатарович кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Бакашов Мирадил - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу
Амангелдиевич жана миграция министринин орун басары;
Байгончоков Мирлан - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Конушбекович
Акматалиев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
Акматалиевич Башкаруу академиясынын президент-ректору;
Ибрагимов Фархад - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык
Курбантаевич менчик кызматынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
Ногойбаева Элмира - "Полис-Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Абылбековна
Молдалиев Орозбек - "Саясат, дин, коопсуздук" изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Абдысаламович
Тажибаев Элдар - Тоо-кен металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдухалилович
Төлөгөнов Медет - Борбордук Азиядагы Америка университетинин эл аралык жана
Темирович салыштырма саясат факультети- нин профессорунун ассистенти (макулдашуу боюнча).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобонун 10-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 222 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын колдоо фонду жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |