Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-июну ПЖ № 155
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу иштерине тартуу боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 1, 2-пункттарынын экинчи абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 Жарлыгынын 1-пунктунун 1, 2-пунктчалары.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Айтпаева Гульнара Амановна | - | "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Алишева Атыркуль Ракишевна | - | "Региондук изилдөөлөр институту" коомдук фондунун директору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Нурлан Асанович | - | "Ала-Тоо" эл аралык университетинин гуманитардык илимдер факультетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Койчуманова Чолпон Урушбековна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (макулдашуу боюнча); |
Маликов Кадыр Курманбекович | - | "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз талдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Матубраимов Алмамбет Матубраимович |
| Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Махамат уулу Зикрулло |
| "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдалиев Орозбек Абдысаламович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин профессору, "Саясат, дин жана коопсуздук" изилдөө борборунун директору, саясат таануу илимдеринин кандидаты, (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Нурбек Ашимканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Методология, илим жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору, социология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Омурзакова Турсунай Омурзаковна |
| Ош мамлекеттик университетине караштуу Гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институтунун директору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Салиев Бахтияр Усманович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Тажиматов Санжарбек Камбарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Замирбек Аманканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Фронтбек кызы Жамал | - | "Мутакалим" аялдар коомдук прогрессивдүү бирикмесинин башкармасынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Эргешов Зайырбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун улук аналитиги (макулдашуу боюнча). |