Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 27-октябры ПЖ № 216
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "тарбиялоону жана билим берүүнү" деген сөздөр "тарбиялоону, илимди жана билим берүүнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы, 2-пункттун үчүнчү абзацындагы, 3-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү "билим берүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "билим берүү жана илим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1-пункттагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-3, 5-6-пункттардагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-ноябрында N 108 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Адамкулова Чинара Усенбековна | - | экономика илимдеринин кандидаты, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Глушкова Марина Юрьевна | - | биология илимдеринин кандидаты, Социалдык интеграциялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Жусупова Алия Мырсалиевна | - | "Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Керезбеков Канат Керезбекович | - | юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Ким Алла Николаевна | - | Бишкек шаарынын № 47 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору (макулдашуу боюнча); |
Коротенко Владимир Александрович | - | философия илимдеринин кандидаты, "Биом" экологиялык кыймылынын кеңешинин төрагасы(макулдашуу боюнча); |
Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич | - | техника илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча); |
Мундузбаева Елена Владимировна | - | Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия берүү комплексинин директору (макулдашуу боюнча); |
Разаев Маматкалил Маматюсупович | - | Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорлору боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
Рыскелдиев Улан Асанович | - | техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча); |
Сирмбард Светлана Рустамовна | - | доцент, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт (макулдашуу боюнча); |
Эсенгулова Миргүл Молутбековна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча). |