Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 8-майы ПЖ № 103
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2017-жылдын 25-январындагы ПЖ № 11 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, преамбулада жана 1-пункттагы "Талас" деген сөздөн кийин Нарын" деген сөз кошулсун;
2) (КР Президентинин 2017-жылдын 25-январындагы ПЖ № 11 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча "Талас" деген сөздөн кийин ", Нарын" деген сөз кошулсун;
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын иштөө тартибин жөнгө салат;
- 8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Комиссия арыздарды кароонун натыйжалары боюнча атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алат.";
- 5 жана 7-главалар күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-глава төмөнкү редакцияда баяндалсын:"6. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
10. Арыздар Комиссияга 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары тарабынан берилет.
11. Комиссиянын чечими менен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынан кайталап кароого түшкөн, мурда канааттандырылган арыздары кайталап кароого жатпайт.
Арыздарды тариздөөнүн, берүүнүн жана финансылоонун тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
12. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн жана жарандардан, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынан түзүлөт.
13. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат, алар зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес жана Комиссиянын төрагасы бекиткен иш планынан ылайык өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
14. Комиссиянын чечими, эгерде анын жыйналышында башкача тартип кабыл алынбаса, ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болуп калганда анын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими төрагалык кылуучу, жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Комиссиянын мүчөсү тийиштүү катта өзгөчө пикирин билдирүүгө акылуу.
Комиссиянын чечими ал кабыл алынгандан кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгына жиберилет.
15. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат Комиссия тарабынан ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президенти |
А.Атамбаев |
|
| Тиркеме |
Э.С.Каптагаев | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин этностор аралык мамилелер боюнча кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Д.Б.Аттокуров | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы жардамчысы; |
Н.К.Жолдошева | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Ы.Р.Досбаев | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
К.Ж.Нарбаев | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин директору; |
М.Л.Амандыков | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын директорунун орун басары; |
Э.А.Куйкеев | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Б.О.Дюшембиев | - | Бишкек шаарынын вице-мэри; |
М.Т.Калиев | - | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары; |
К.Ж.Адыбаев | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
М.Баткулов | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Т.Ж.Жузубалиев | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
З.Казиев | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Н.И.Айдабосунова | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
М.Бианки | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |