Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 25-январы ПЖ № 11
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы № 177 Жарлыгынын 1-пунктунун 2-пунктчасы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 39 Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы № 103 Жарлыгынын 1-пунктунун 2-пунктчасы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 1-мартындагы № 39 Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-январындагы № 9 Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Ниязов Ф.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Аттокуров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматканов У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Мурзалиев А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Мамытова Л.У. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Абилова М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; |
Мискенбаев М.Дж. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дүйшембиев Ж.А. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиев А.М. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айдабосунова Н.И. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бианки М. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Камаева А.Ү. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Давлетбаев Т.М. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |