Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 1-марты ПЖ № 39
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогорудагы аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комиссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмү камсыз кылат.";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат жылына эки жолу Комиссия тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.".
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
Ниязов Ф.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Жолдошева Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Алымкулов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Калиев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; |
Абилова М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн референти; |
Аттокуров Д.Б. | - | коомдук ишмер; |
Мискенбаев М.Ж. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Баткулов М.Ө. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Адыбаев К.Ж. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Казиев З. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Айдабосунова Н.И. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Бианки М. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |