Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2010-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2001-жылдын 7-декабры ПУ № 355
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Комиссия жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 15-августундагы № 212 Жарлыгынын
2006-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 111 Жарлыгынын,
2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын,
2008-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын торолушуна жана өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон республиканын мамлекеттик, коомдук, илимий жана маданият ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселесине бирдиктүү мамилени калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 31-октябрындагы № 285 "Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 355 Указы менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрагасы;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Эсенкулов Нурмамат Жокенович - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
Ахмедов Якуббек Рахматович - "Рохат-НБУ" пансионатынын директору, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы"
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Үсөнов Данияр Токтогулович - Бишкек шаарынын мэри;
Турсунбаев Онушбек Атакозуевич - Бишкек башкы архитектура башкармасынын начальниги;
Бөрүбаев Алтай Асылканович - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясынын төрагасы;
Плоских Владимир Михайлович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин кафедра башчысы;
Садыков Тургунбай Садыкович - Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Юсупова Майрам Ажибековна - Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору.