Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы ПЖ № 143 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 19-июлу ПЖ № 139

Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 45 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасы менен Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60 жана 65-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөлүгүнө - Текебаев Өмүрбек Чиркешевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- (3-абзац КР Президентинин 2017-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 45 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2017-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 45 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев