Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы ПЖ № 335 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 26-июлу ПЖ № 144

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнүн жогорку командачылыгынын төмөнкү курамы аныкталсын:

     - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы;

     - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги;

     - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары;

     - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарлары.

2.  Төмөнкүлөр кучун жоготту деп табылсын:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтерунун Жогорку командачылыгы жөнундө" Жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнундө" Жарлыгы.

3.  Кыргыз  Республикасынын  вкмету  ез  чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4.  Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кенешинин катчылыгына жуктелсун.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев