ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция22.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 22-майы ПЖ № 95

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги № 73 "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 18-августундагы № 213 "Кыргыз Республикасында түстүү жана кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын жыйноого, сатып алууга, сатып өткөрүүгө жана экспорттоого (реэкспорттоого) мамлекеттик контролду күчөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-ноябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасында бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-апрелиндеги Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-февралындагы № 25 "Экономиканы андан ары жөнгө салуу Концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев