Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 19-июлу ПЖ № 132
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобонун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт. Комиссиянын төрагасы, анын орун басары жана жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчилеринен дайындалат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндөн кийин күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|