Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомунун 4-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле ишкердик субъекттерди "бирдиктүү терезе" принциби боюнча каттоо жол-жобосун тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- салыктык милдеттенмелер, статистикалык отчет тапшыруу жана камсыздандыруу взносторун төлөө боюнча эскерткичти (салык төлөөчүнүн календарын) берет (мындан ары - маалыматтык эскерткичтер);";
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- тийиштүү маалыматты катталган юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жайгашкан жердеги райондук деңгээлге чейин билдирет.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- тийиштүү маалыматты катталган юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жайгашкан жердеги райондук деңгээлге чейин билдирет.";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Банк жана башка финансылык-кредиттик мекемелер алыш-бериш эсептерди ачууда юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка документтерди талап кылуусуна тыюу салынат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык эскерткичтерди даярдоого жана каттоочу органга керектүү санда берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын, филиалдын жана (же) өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) тургандык фактысын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда катталганын ырастоочу документ болот.
Юридикалык жак, филиал жана (же) өкүлчүлүк юстиция органдарында "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын салык органдарына, статистика жана Социалдык фонд органдарына кошумча катталышы жана эсепке турушу талап кылынбайт.
Юстиция органдарында "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактар, филиалдар жана (же) өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жана тартипте тийиштүү статистикалык жана башка отчетторду берүүдөн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жана которууларды төлөөдөн бошотулушпайт.
Юстиция органы берген мамлекеттик (эсептик) каттоо (кайра каттоо) күбөлүгү бар болсо мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар аталган органдарда катталбастан экономикалык иш жүргүзгөндүк үчүн администрациялык айыптарды салууга укугу жок.";
- Жобонун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы XIII бөлүм менен толукталсын:
"XIII. Юридикалык жактын ишинин негизги түрү
жөнүндө маалыматтар
┌───┬───────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│50 │Иштин негизги түрү (уюштуруу документтерине ылайык)│ │
└───┴───────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
".
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттүн ичинде ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |