Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223, 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктары" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктундагы ", ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды (мындан ары - ӨКЖА) туруктуу иштетүү, тармагын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоо" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
- 8-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "жана ӨКЖАга" деген сөз жана аббревиатура алып салынсын;
бешинчи абзацындагы "биологиялык түрлөрдү сактоого" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы ", биологиялык түрлөрдү сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацындагы "жана биологиялык түрлөрдү коргоо,", "ошондой эле ӨКЖА тармагынын туруктуу иштеши жана өнүктүрүү" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- токой фондун эсепке алат, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзөт;";
тогузунчу, он биринчи-он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
он төртүнчү абзацындагы ", ӨКЖА жөнүндө мыйзамдарды" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
он алтынчы жана он сегизинчи абзацындагы "жана ӨКЖАларды" деген сөз жана аббревиатура алып салынсын;
- 10-пунктунда:
экинчи абзацындагы ", мамлекеттик жаратылыш парктарынын, коруктардын" жана "биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖАны сактоо," деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы "жана ӨКЖАнын" жана сегизинчи абзацындагы "жана ӨКЖАны" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
тогузунчу абзацындагы "биологиялык түрлөрүн сактоо," деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаментинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин 4 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фонду менен кошо токой фондун эсепке алуу, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзүү функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине;
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын 6 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борборуна.
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясынын 7 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүнүштөрүнө.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Башкы дирекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Дирекция" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесине кайра уюштурулсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
".
2-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ
".