КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-январы №1468-V
2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
Өз ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "16" деген цифра "13" деген цифра менен алмаштырылсын;
- пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Бүткүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети;
эсептөө комиссиясы (курамы жыл сайын кайрадан шайланып турат);
добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия.";
2-пункттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин аталыштары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет;
Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет;
Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
Эл аралык иштер боюнча комитет;
Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитет;
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет;
Социалдык саясат боюнча комитет;
Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет;
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет;
Бюджет жана финансы боюнча комитет;
Укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча комитет;
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет";
3-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- 2010-жылдын 29-декабрындагы № 81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 2-февралындагы № 140-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";
- 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө".
Төрага | А. Жээнбеков |